Акжол балдагын таштады

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Акжол Махмудовдун бутунан алган жаракаты калыбына келип, алгачкы машыгууларын өткөрө баштады.

Эске сала кетсек, А. Махмудов март айынын башында футбол учурунда бутунан жаракат алып, операция жасатуу үчүн Германияга барган. Балбан бутуна Германиянын Кёльн шаарында операция жасатып, ден соолугун чыңап жүргөн. Эми балдагын таштап, алдыдагы жеңиштерге билек түрө камынып жатат.

Акжол Махмудов — өлкөнүн көзгө басар балбандарынын бири. 20 жаштагы спортчу чоңдор арасында Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медаль ээси. Жаштар арасында дүйнө чемпиону. Бириккен күрөш уюму (UWW) 2018-жылдын мыкты кармашы деп А. Махмудовдун ыкмаларын атаган. (АА)