Айсуулу Кыргызстандын намысын Бакуда коргойт

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Азербайжанда Ислам тилектештик оюндарына катышат. Бул тууралуу  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Машыктыруучу Нурбек Изабековдун 3 шакирти  аялдар арасында өтө турган эркин күрөш боюнча мелдешке катышат. Атай кетсек, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Джуманазарова, Айпери Медет кызы.

Эскерте кетсек, Ислам тилектештик оюндары — 2017 ушул жылдын 19-21-май күндөрү өтөт.