Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Бир кумалак бир карын майды чиритип кое таштаганда

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Якутиянын (Саха) Республикасынын башчысы Айсен Николаев 2019-жылдан тарта мигранттар иштөөгө тыюу салынган тармактардын тизмесин кеңейткен буйрукка кол койгону биздеги айрым антироссиячыл саясатчылар тарабынан ого бетер козутулду.

Ал буйрукта жалпысынан мигранттарга 33 сектордо иштөөгө тыюу салынды. Эми патенттин не-гизинде эмгектенген чет өлкөлүк жарандарга соода-сатык,  азык-түлүк  жана кийим-кече өндүрүшүндө, курулушта, билим берүү жана саламаттык сактоо системасында  иштөөгө болбойт, андан тышкары, шаардык жана шаар айланасында эл ташыган автоунаа, такси жана жүк ташуучу транспорт айдай алышпайт.

Бирок, чындап келгенде ал буйруктун кыргыз эмгек мигранттарына тиешеси жок. Анткени, ЕАЭБдин курамына кирген өлкөлөрдүн жарандарына ал буйруктун талаптары жа йылтылбайт. Биздин жарандар бирликке киргенден тарта патент менен иштешпейт.

Мигранттарга каршы чаралардын күчөтүлүшүнө 17-марттагы жергиликтүү тургундардын нааразылык акциясы түрткү болду. Анткени, анын алдында үч кыргызстандык жаран Якутск шаарында жергиликтүү аялды уурдап кетип, зордуктаган деген шек менен кармалган. Шаарда кырдаал үч-төрт күн бою чыңалып, калаанын тейлөө кызматтарында иштеген 300 миңге жакын борбор азиялык мигранттар коопсуздугунан чочулап, үйлөрүнөн чыкпай отуруп калышкан.