Футбол: Бүгүн «Дордой» — «Алтын Асыр» беттеши болот

Бүгүн, 3-апрелде Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында «Дордой» футбол клубу Түркмөнстандын «Алтын Асыр» клубу менен оюн өткөрөт.

Беттеш борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00 башталат. Буга чейин командалардын машыктыруучулары басма сөз жыйынында командалар оюнга даяр экендигин билдиришшкен.

«Дордой» клубунун башкы машыктыруучу Александр Крестинин оюн алдындагы пресс-конференцияда «Алтын Асырга» каршы беттешке даяр экенин билдирди.

Аталган беттештин бул тайпасында «Дордой» менен «Алтын Асырдан» тышкары тажикстандык «Истиклол» жана «Худжанд» клубдары бар.

Белгилей кетсек, АФК Кубогуна Кыргызстандын атынан жалгыз «Дордой» клубу катышууда.