Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынан кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынан чыга турганын жарыялады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анда ал партия төрагасынын мүдөөсү, жеке таарынычы, амбициясы мамлекеттин өнүгүшүнө залакасын тийгизбеши керектигин эске салды.

-Жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы, тараза ташына коюлуп жаткан шарттарда — бул кадамым туура деп эсептейм, — деп билдирди А.Жээнбеков.

Ошондой эле ал, депутаттык ишмердүүлүгүн парламенттик фракцияда улай бере турганын кошумчалады.