Президент Алмазбек Атамбаев Фарид Ниязовду иштен алды

Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов ишинен бошотулду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ниязов кызматтан кетүү тууралуу арызын өз эрки менен жазып, тиешелүү буйрукка Алмазбек Атамбаев кол койгон. Фарид Ниязов буга чейин президенттин аппарат жетекчиси болуп иштеп, кийин мамлекет башчынын кеңешчиси болуп дайындалган.