IBS компаниясынын директору Тацукава ТОШИЮКИ:«Кыргыз спортуна жардам берүүнү чечтик»

29-мартта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу Япон таануу институтунда Япониянын IBS компаниясынын директору Тацукава Тошиюки менен Кыргызстандын дзюдо боюнча бир нече жолку чемпиону, Азия олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Алмаз Алтынбек уулунун ортосунда ага аталган компаниянын демөөрчүлүк көрсөтүүсү боюнча келишимге кол коюу аземи өткөрүлдү.

Бул жерде IBS компаниясынын  Кыргызстанга  карата ролу тууралуу айтып кетүүбүз абзел. Япония мамлекети чет элдик  жумушчуларга,  социалдык кызматкерлерге  муктаж.  Ушуга байланыштуу аталган компания Кыргызстандын  медициналык колледждеринин бүтүрүүчүлөрүн жана И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин социалдык ишмер кесибине ээ болгон жаштарды Япониянын социалдык мекемелеринде жумушка орноштурууну камсыз кылууну көздөйт. Ал жакка биздин жарандар үч же беш жылдык мөөнөткө иштөө үчүн келишим менен барышат. Японияда жашаган жылдары биздин жаштардын жумушунда же жеке жашоосунда кыйынчылык чыгып калса ушул компания кол сунуп, жардам берет. Баса, аталган компания ал жактан практика өтүүгө, жумушка орношууга да көмөктөшөт. Бул үчүн жаштарыбыз төмөнкү үч негизги критерийге: жакшы билим, жакшы тарбия алуусу жана япон тилин өздөштүрүү сыяктуу талаптарга туура келиши керек. Ушул максаттан улам Япониянын IBS компаниясы биздеги Япон таануу институту менен кызматташып жатат.

IBS компаниясы япон тилин өздөштүрүүнүн усулдук ыкмаларын үйрөтүү, китептер менен камсыз кылуу жана Япониядан бул жакка мугалимдерди жиберүү жагынан жардам берүүнү көздөөдө. Ошону менен бирге маданият, спорт алкагында да кызматташуунун алгачкы кадамдары башталды. Ушул максатта Күн чыгыш өлкөсүнүн улуттук спорту болгон дзюдо боюнча даңазалуу спортсмени, 2004-жылдагы Афина, 2008-жылдагы Пекин дүйнөлүк олимпиадаларынын алтын медалынын ээси Учишиба Масато мырза ушул учурда Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучусу болуп эмгектенип жатат. Атактуу чемпион Кыргызстанга 2018-жылдын август айында эки жарым жылдык келишим менен иштегени чакыртылган. Учурда ал 20дан ашык кыргыз дзюдочуларды машыктырууда. Учишиба Масато Алмаз сыяктуу жаштарыбыздын чоң мелдештерде ийгиликке жетиши үчүн өзүнүн жеке тажрыйбасын калтырууга аябай аракеттенип жатат. Ушул эле балдар Япон таануу институтунан билимин өркүндөтүүгө да өбөлгө түзүлмөкчү.

24 жаштагы Алмаз үч бир туугандын кенжеси. Ал Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын бакалаврын 2017-жылы бүтүргөн.

– Бир тууган байкем Марс мени 11 жашымда алгачкы жолу спорт залына ээрчитип келген эле. Албетте ата-эненин колдоосуз өспүрүмдүн ийгиликке жетүүсү кыйын. Адегенде өспүрүмдөр арасындагы республикалык мелдеште экинчи орунду алгам. 2010-жылы Таиландда өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль жеңип келдим. Андан кийинки жылдары республикалык чемпионаттарда төрт жыл катары менен экинчи орунду ээлеп келип, 2018-жылы биринчи орунга жеттим. Мен атактуу чемпион Учишиба Масато мырзанын тажрыйбасын алып жатканыма чексиз бактылуумун. Ал IBS компанияcына кайрылып, мага демөөрчүлүк кылуу сунушун берген болчу. Бул компания менин чет мамлекеттердеги мелдештерге барышым үчүн каражат жагынан жардам берүүнү колго алып жатат, – дейт Алмаз Алтынбек уулу.

Иш-чаранын аягында IBS компаниясынын директору Тацукава Тошиюки мырзаны сөзгө тартканымда ал төмөнкүлөргө токтолду:

– Бул ишти бир нече ай мурда баштаганбыз. Биз тыгыз байланышта кызматташкан Бишкектеги Japan Style компаниясынын өкүлдөрү кыргызстандык жаштарды Японияга жалаң эле жумушка орноштуруу, окууга жиберүү менен чектелбестен, убакыт өткөн сайын өз ишмердүүлүгүн кеңейтип келе жатат. Япониянын улуттук спорту болгон дзюдону өнүктүрүү, ага кызыккан кыргыз жаштарына жардам берүүнү көздөп, биргелешкен иш алып барууга өттүк. Биздин компания Алмазга акчалай каражаттан

жардам берүүнү чечти. Жакынкы келечекте дагы кыргыз спортуна берели деген жардамдардын сырын азыртадан ачпай коё туралы. Себеби, спорт жаатындагы алгачкы демөөрчүлүгүбүз жакшы жыйынтык берсе экен деген үмүттө болуп, андан жаңы

натыйжаларды күтүп жатабыз. Биз Алмаздын эл аралык мелдештерге чыгуусуна көмөгүбүздү аябайбыз. Алмаз дзюдо боюнча мыкты ийгиликтерге жетсе, Японияга чейин алып барсакпы деген ойдобуз, – деди.

Биз Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасындагы спортчуларды машыктырып жаткан Учишиба Масато мырзага жолукканыбызда ал мындагы жагдай боюнча өз пикири менен бөлүштү.

– Мен кыргыз жергесине мындагы дзюдо федерациясынын чакыруусу менен келгем. Улуттук курама командасынын жигиттерин машыктырып жатып, Алмаздын тынбаган аракетчил бала экенин көрдүм. Ага келечекте көп ийгиликтерди багындыруучу

спортчу катары баа бердим. Ички маданияты, тарбиясы да мыкты экен. Ушундай себептерден улам, ага демөөрчүлүк көрсөтүү үчүн IBS компаниясына сунуш берсек, алар колдоо көрсөтүүнү колго алышты. Командадагы Алмаз сыяктуу идиректүү балдардын кесиптик деңгээлин эл аралык масштабга көтөрүү программасын иштеп чыгып, аны турмушка ашырууга аракеттенип жатабыз. Азыркы күндө менин карамагымда 20га жакын

спортчу машыгууда. Эң башкы максат – кыргыз дзюдочулары мен бул жакта жүргөндө жакшы ийгиликтерге жетип, мекениме кайтып кеткенде ал ийгиликтер ылдый түшүп калбашы керек.

Спортто кыйынчылыктар абдан көп болот. Алдыга койгон максатка жетүү үчүн бардык тоскоолдукту, кыйынчылыкты жеңүүдөн тайсалдабай, алдыга умтулуп, ийгиликтерди багындырып кете бериш керек. Окууну да, спортту да бирдей деңгээлде алып кетүү кайсы жерде болбосун абдан оор. Бирок, япон элинин мүнөзүндө беттегенинен кайтпаган, бийик максатына жетмейинче ичтеги кыялы тынчтык бербеген өжөрлүк менталитети бар. Бизде өспүрүм кезинде спорт менен машыккан бала кийин университетте окуп, аны аяктап калганда да спортту таштабоого бардык күчүн жумшайт. Япония менен Кыргызстандын спортко карата мамилесин салыштырсак, сиздерде жагдай жаман эмес. Машыгам деген балага демөөрчүлүк көрсөткөндөр аз болсо да бар экен. Мен машыктырып жаткан командада жумушта иштегендер, жеке үй-бүлөлүк жашоосуна убактысынын көп бөлүгүн ар-нагандар да аз эмес экен. Ушуга байланыштуу балдарга демөөрчү керек экен деген ойдо болуп, ушул иш-чараны баштадык, – дейт даңазалуу япон спортчусу.

Бүгүнкү күндө Алмаз Алтынбек уулу Түркиянын Анталия шаарында 5-апрелде өтө турган эл аралык турнирге даярданып жатыптыр. Дүйнөнүн 70 мамлекетинен дзюдочулар катыша турган турнирге Кыргызстандын улуттук курама командасынан алты спортчу барганы жатат. Салмагы 66 килограммдык атаандаш-тардын арасында Алмазга Грузия, Өзбекстан, Япония, Фран-ция ж.б. мамлекеттерден абдан күчтүү спортчулар бара турганын жашырган жок. Ошого карабай, алдыдагы ушул турнирден Алмаз алтын медаль утуу үчүн бүт аракетин жумшап машыгып жаткан кези.

Назира АЛИЕВА