Ат-Башыда өстүрүлгөн кант кызылчасы, жүгөрү, коон-дарбыз, Талантты таңгалдырган тритикале, Ак-Сайдын арашаны, Аю арак…

Кыялдануунун зыяны жок. Кыялдар качандыр бир сааты чыкканда турмушка ашат. Эки дөөнүн – “Компартияны жоготууну 17 жашымда максат кылгам” деген Горбачев менен Москва шааркомунан түшкөн Ельциндин кармашынан союз тарап, “кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” заман келгенде, кыялданды элем…

… Союз учурунда, Ат-Башы району мамлекеттен бир килосунун баасы 7 тыйын 50000-60000 тонна комби-корм алаар эле. Ошол тыштан келген арзан жем келбей, менчикке бөлүнгөн мал кырыла баштаганда, атбашылык таанышым – Фрунзеге койлорумду алып барып, арык мал өтпөй, эптеп 45 сомдон өткөрүп, “базар араласак тоок 50 сомдон экен” дегенин уккандан кийин, К.И.Скрябин атындагы институттун агрономия факультетиндеги

мугалимдерибиздин: “Айыл чарбасындагы эң түшүмдүү өсүмдүк кант кызылчасы. Анын тамыры 5 метр тереңге жеткендиктен, ошончо көп азык зат алат. Оболу шекер берет, анан гектарына рекорддук 70-80 тоннага чейин жеткен жом жалбырагы – мал үчүн тоют, мындан сырткары гектарына 80 литр спирт даярдай турган патока берет” деген окуусун эстеп, Ат-Башыга кант кызылчасын өстүрүүнү максаттап, агрофактагы курсташ, санаалаш, жакшы мамилелеш, бир чети агам профессор Дүйшөмбиев Нурдинден үрөн сурасам, бир мүшөк кант кызылчасынын үрөнүн берип жибериптир. Үй-бүлөм менен огородго сээп өстүрсөк, көңүл кубантарлык түшүм берди. Рекорддук 70-80 тонна болбосо да, 30-40 тонна жом алууга мүмкүн экенине көзүм жетти. Канттуулугун текшере алган жокпуз, бирок адистер жакшы билишет, бийик тоолуу шартта фотосинтез күчтүү жүргөндүктөн, канттуулугу деле Чүйгө салыштырмалуу 3-4% жогору болору талашсыз. Айталы, бийик тоодогу улардын, кийиктин жана топоздун эти ошол жерде өскөн чөптү жеген үчүн күчтүү болуп жатпайбы.

Совет учурунда, Токмоктогу жүндү алгачкы иштетүүчү ПОШко бүт Орто-Азия (азыркыча Борбордук Азия), Казакстандагы жүндү апкелип, тазалап, анан кетиргендей, Нарынга да кызылчаны алгачкы иштетүүчү завод куруп, жомду тоют үчүн Нарындагы ээсине калтырып, таттуу сиропту Чүйдөгү же Кайыңдыдагы кант заводуна апкелип, кантын алып, фермерге акысын төлөп берүүгө эмне үчүн болбосун? Патока боюнча сөз кийин. Сиропту Чүйгө ташууда арабдардын тажрыйбасын алсак, көп кыйынчылык жаратпайт. Алар нефтисин саткан өлкөлөрдөн, танкерлери кайра бош келбей, кара топурак ала келип, чөлдөрдү гүлдөгөн оазиске айлантып, анда өстүргөн цитрус эмес, пияздарын советке сатып, андан биз да ооз тийип калганды эстесек. Нарын облусуна миңдеген тонна бензин ташылат. Алар кайра Нарындан куру келбей, сиропту ала кетишсе, өздүк нарк да төмөн болор эле. Ушул жерден күлкү келтирген да, кыжыр келтирген да нерсени айта кетели, жазгы кой төлдөтүү маалында, төлдөгөн малга суу ташуу маселеси жаралып, суу ташыгыч сурашса, борбор Фрунзедеги «Жашылдандыруу” ишканасына 20 суу ташыгыч жиберүүнү тапшырат. Аларда суу ташыгыч жокпу же атайылаппы, бирөөсүн заң ташыган машинаны жибериптир. Эми элестете бергиле. Эски элдин момундугун карагыла, аны кайра кетирбей унчукпай, машинанын заң куюлчу идишин ысык суу менен 2 сутка буу менен буулап, тазалап, анан гана малга суу ташып беришиптир. Азыр андай пастыкка барышпаса керек. Азыр бензин ташыган унааны сироп ташыгыдай таптаза кылып тазалоо көп кыйынчылык жаратпаса керек. Себеби, акыл-эс, технология өспөдүбү.

Кызылчадан  кийинки  эле  түшүмдүү өсүмдүк – жүгөрү. Бул жерден күлкүлүү окуяны эске сала кетейин. Азыркы күндө Батыш өлкөлөрү Россияга ар кандай санкцияларды киргизип жаткандай, союз учурунда да капиталисттик өлкөлөр СССРге санкция киргизип, жадагалса үрөн да беришчү эмес экен. Жүгөрү жакшы тоют болгондуктан, “талаа канышасы” аташкан. СССРди баш-карып турган Хрущев Америкага барганда, бир көргөзмөдөн жүгөрүнүн бир сотосун байкатпай плащынын чөнтөгүнө катып чыгып, ошол сортту СССРде көбөйткөнү маалым. Жарыктык өзү уурдабай, атайын кызматтарга дайындаса деле болмок го.

Мен да мугалимдеримдин окутканынын негизинде, огородго жүгөрү айдап көрдүм. Токтогулдагыдай бою 3,5-4 метр болбосо да, бою эки метрден ашып, кадимкидей бышып, дүмбүл болгондо, сууга бышырып жедик. Түшүмдүүлүгү болжол менен даны бышпаган күндө да 15-25 тонна тоют берери аныкталды. Полиэтилен кленка менен жылуулап, помидор, болгар калемпирин, дарбыз бышырганда, теледен көрсөтүп, “Вечерний Бишкек” гезити “Арбузы из поднебесья” (№178(9102), 20 октябрь 2006-ж.) деп жазып чыгышканда, айрымдар чочуп, “мунун баары бышканын укса, чоңдор 50% жеңилдикти алып салбайлы”, дешкендерге, “Сибирде суук үчүн 200% кошумча берет, бирок теплицада баарын бышырат, бизде 2600 метр бийиктикте турганыбыз үчүн жеңилдик берет, 1600 м бийиктикти эч ким алып сала албайт” деп соороттум эле. Буудай да, кара буудай да ойго да келбегендей, жакшы түшүм берди.

Өзгөчө оозумду ачырган буудай менен ак буудайды аргындаштыруудан жаралган тритикале болду. Борбор Азия, Казакстан, Россия эле эмес, океандын ары жагындагы америкалыктар дагы ичкен АЮнун арагы тритикаледен алынган спирттен даярдаларын билгенден кийин, жаркылдаган жакшы иним, Токтогонов Таланттын кайыны казактар болгондуктан, “кудалардан бир кап тритикаленин үрөнүн алып келип бер” десем, алып келип берип, аны сепсем, жогоруда айткандай оозу ачылды. Тритикаленин анча-мынча капризи болгон менен (капризи жок эмне бар?), гектарына 50-60 центнерден дан берип, ошончолук саманы да бар экен, анын данында крахмал 60% болгондуктан, андан спирт жасалып, ал эми андан калган аталаны мал жыргап жейт экен, саманында да крахмал болгондуктан, анын да канын жерге калтырбайт экен.

Тритикалени Нарында кеңири өстүрүп, спиртин алып, ага жогоруда айтылган патоканын спиртин кошуп, Сокулуктун суусун тоону көздөй, өргө эмес, тоодон ылдый ташыш үчүн Теңир-Тоонун ар коктусунан нечен булактар агат, аларга керек болсо Ак-Сайдын Арашаны менен Нарзанын кошуп, керемет ичкиликти АЮ Холдинг Нарынга арак завод куруп, ишке ашырса, тритикаленин калдыгы атала менен саманын жеп, мал жыргаса, Теңир-Тоонун эли байыбайт беле?

Албетте,  бул  өсүмдүктөрдү  өстүрүү үчүн комплекстүү техника керек, ушерден бир мисал айтайын. Москванын экс-мэри Юрий Лужков миллиардер Елена Батуринанын күйөөсү эмеспи, ал кызматтан кеткенден кийин, 5000 гектар жер алып, жерди иштетүүдө Беларус, Украинанын макталган жаңы техникаларын албастан, Германиянын  иштеп  бүткөн  (отработанный) техникаларын алып келип, алар айтылган өлкөлөрдүн техникаларына караганда, эки эсе өндүрүмдүү, ошол эле убакта эки эсе майды аз ичип иши ийгиликтүү жүрүп жатканын “Комсомольская правдага” кабарлаган.

Жазуучу К.Жусубалиевдин бир притчасы эске түшөт. Анда кедей мамлекеттин падышасы сыйкырчы Факирден жардам сураса, ал падышаны союп, этин бышырып жеп, кайра аны тирилтип, бир каптан алтын берип, падыша элин жакшы бакканы айтылат. Өкмөт “Темир” мамлекеттик ишканасы сыяктуу мамлекеттик ишкана түзүп, алар Германиядан арзан техника, агрегат, запас тык бөлүктөрдү апкелип, банк аркылуу дыйкандарга лизингге берсе, эмнеге болбосун? Аларга кошуп эски велосипеддерди алып келсе, Кытайдын 3 айда колдонуудан чыккан шайтан арабасынан арылып, балдар эмес, чоңдор кубанычка батпайт беле? Союз кезинде Ошко учак менен көп жолу барсам да байкаган эмес экем, эки жыл мурда унаа менен барганда, берекени көрүп, аябай таң калдым. Заман өзгөрдү, техника, технология жетиштүү. Кудайым берген Нарын дарыябыз бар. Насос менен суу чыгарып, адырларды тамчылатып сугарса, жемиштин түрүн тигип өстүрсө, жемиштердин сөңгөгүнө мал кемирбегидей кылып, атайын пленканы кендир менен ороп койсо, койлору жайылып чөбүн оттоп, алар да көбөйүп, семирип, ээсине кошумча киреше киргизээр эле. Адырларга казылган жемиш отургузула турган чөнөктөргө Токтогул суу сактагычына Нарын дарыясы кирген (дельта) жерге чөккөн топурактарды алпарып төксө, ал жемиш үчүн семирткич болмок. Жемиштердин ичинен өрүккө басым жасалса дээр элем, себеби И.В.Сталин 1936-жылы  Сары-Жазга  космосту  жана  бийик тоонун таасирин изилдей турган жашыруун  илим  изилдөөчү  лаборатория  орноттурган экен, алардын жыйынтыгында бийиктикте жашагандар сары лимон, апельсин, мандарин, сары алма, өрүк (курага) жана суу май жеши керек, өзгөчө бийик тоодогулар күнүнө жок дегенде 7 өрүк жеш керек деген чечимге келген экен. Ошондуктан, өрүктүн сапаттууларын экспортко, ал эми өтө бышып жерге түшкөндөрүн Непал, Тибет, Теңир-Тоону баш кылып, калган тоолуу жерлерди төш кылып, абрикос виносу менен камсыз кылынса, мына кенч менен береке каякта?!!

Винзавод байып, винзаводдун продукциясын ичкендердин ден соолугу чыңдалып, өмүрлөрү узармак. Ушул жерден белгилей турган нерсе, Теңир-Тоодо жашагандар үчүн эң көйгөйлүү маселе тоют топтоо эле. Чөптү кол менен чаап, кол менен жүктөп, жыйнап үйгөндө өзгөчө кыйналышчу. Кийинчерээк жашоо оңолуп, техника келе баштагандан тартып, ал көйгөй чечилди. Колу бош жаштар да көбөйө баштады. Ошондуктан теңиртоолук жаштарды Түштүккө жаңгак, өрүк тергенге мобилизациялоо уюштурулса. Теңир-Тоонун да кирешеси көбөйүп, түштүктүк фермерлердин да түшүмү талаада калбай, толук жыйналып пайдасы өсөр эле.

Альтернативдүү  жол  бүтсө,  кытай-кыргыз темир жолу курулса, барыш-келиш мурдагыдан алда канча жеңил болуп калары талашсыз. Дагы бир кыял. Бишкекте ЖЭБ-2 ишке киргизилсе, ал жалаң гана Кыргызстандын көмүрү менен иштесе, казакка кетип жаткан миллиондогон валюта өзүбүздө калып, көмүр ташыганга мшиналарга жумуш орду түзүлүп, айдоочулары үй-бүлөсүн багып, ЖЭБдин электр энергиясы экспорттолуп, Бишкектин ысык суу жете элек райондоруна  ысык  суу  жетип,  ал  эми көмүрдүн  жеңил  күлүнөн  дүйнөдөгү алдыңкы  технологиясынын  негизинде жеңил кирпич жасалып, Бишкектеги сандаган 4-5 кабат хрущевкалардын үстүнө 6-7 кабат кошуп, көп кабаттуу мегаполиске айландырса болот эле го.

Көптөн бери айтылып келаткан кичи ГЭСтер курулса, суу бизде кенен болгондуктан, арзан курулуп, эң негизгиси түбөлүк тыпылдатып эле, курган ээсине акча алып келе берип, ченемсиз байытат турбайбы.

Насвайдын зыяндуулугу жөнүндө гезиттер жазып жатып чарчады, мына казактар да насвайга тыюу салышты. Биздин депутаттар да насвайды пайдаланууга тыюу салышса жакшы эле болмок.

Агрардык мамлекетпиз, айылда 60% элибиз бар, союз учурунда колхозго студенттер, окуучулар, солдаттар, заводдун жумушчулары, жадагалса абактагылар да жардамга келээр эле. Азыр алар жок дыйкандар “жетим” болуп, орустар айтмакчы өздөрүнүн согунда өздөрү сызгырылып жатат, союз учурунда жанагынча жардам болсо да, 36% коромжу болгону статмаалыматтарда айтылчу.

Дыйкан көп сээп, көп түшүм алайын эле дейт, бирок жардам берчү балдары окууда болгондуктан, шаасы жетпесин билип, чамасына жараша себет. Ошондуктан бүт Кыргызстанда себүү мезгили март айы экен, март айын каникул кылып, жайкы каникулду да артка жылдырып, сентябрь, октябрь, ноябрдын 10да окуу башталса, 600000 окуучу, 160000 студент айылдагы ата-энесине жардам берип, өздөрүн өздөрү камсыздап, келишимге акча таап, түшүм коромжу болбой жыйналып, айылдык мугалимдерда кыштык жер-жемиш, мөмөсүн камдап, айлыгым аз деп муңканбай, шаардык студенттерден союздагыдай студотряд түзүп, айылда иштеп акча таап алар да кем-карчын толуктап алса ырас иш болбойт беле.

Иса МУСАЕВ, Ат-Башы району, Казыбек айылы