Кыргызстан хоккей боюнча Кувейтти утуп алды

Учурда Абу-Даби шаарында Дүйнө чемпионаты-2020 оюндарына тандоо өтүп жатат. Кыргызстандын курама командасы эми төрт оюн өткөрөт.

Хоккей  боюнча  Кыргызстандын  курама командасы Дүйнө чемпионаты-2020 оюндарынын тандоо турунда Кувейттин оюнчуларын 14:0 эсебинде жеңип алды. Кыргызстандыктар эми Босния  жана  Герцеговина, Гонконг, Бириккен Араб эмирлиги жана Таиланддын курама командалары менен беттешет.

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 2020-жылы 1-17-майда Швейцариянын Цюрих жана Лозанна шаарла-рында өтөт. Эгер Кыргызстандын курамасы тайпасынан чыкса, үчүнчү дивизионго кирип, Дүйнө чемпионаты-на катышууга укук алат. (АА)