Күмүшай ИСАЕВА, студент: «Мен баатырдын кызымын»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Апрель революциясы иним экөөбүздү жетим кылган. Бирок биз атабыз менен ар дайым сыймыктанабыз. Атамдын кичи мекени – Нарын районунун Алыш айылы. Бирок Токмокко көчүп келип, Чүй жергесин жердеп калганбыз. Атам – Эсенбек Исаев Апрель революциясында окко учпаганда, быйыл бар болгону 47 жашка чыкмак… Апам бизди эч нерседен кем кылбай, атанын да, эненин да мээримин төгүп, бөпөлөп келет.

Атам  каза  болгон,  2010-жылы  мен 5-класста окучумун. Иним болсо беш айлык наристе болчу. Апам бизге азыр атам тууралуу жомок кылып, дастан кылып, арман кылып айтып берет. Биз да ар дайым кызыгып, анын баскан-турганы, кулк-мүнөзү туу ралуу сурай беребиз.

Анткен  менен  биздин  жашообузда, жүрөгүбүздө атанын орду дайыма бош. Ал боштукту эч ким, эч нерсе толтура албайт. Ошол апрель окуясы болор мезгилде атам Бишкекте иштечү. Ак-Өргөдөгү жаңы салынып жаткан мектепте курулуш бригадири экен.

Ноорузда үйгө келип, ушунчалык бапырап, кубанып жаңы жыл тосконубуз эсимде. Ошондо аны акыркы жолу көргөн экенбиз. Эмнегедир, ошондо атам кетип баратып кайра кирген да, уктап жаткан бөбөгүмдү кайра-кайра жыттап, кылчактап жатып кеткен…

Бишкекке жеткенден кийин да таякеме чалып: “Нурзатты (апамды) бала менен айылга алып кеткилечи. Ошол жакта туруп турсун, Токмокто үй муздак”, — деп суранган экен.

Аны кийин угуп жатпайбызбы. Бизге болсо: “Мен 10-апрелде келип калам, буюрса”, — деген болчу. Бирок өзү келбей, атамдын сөөгү келет деп эч ким ойлобосо керек. Атамдын эсимде калган мүнөзү – ал ушунчалык ачык-айрым болчу. Анан да, апам анын ишине так жүргөнүн, айткан убадасына бекем болгонун дайыма айта берет. Менин да эсимде: “Кызым, эч качан калп айтпа. Эч качан, эч нерседен коркпо. Жалган айткандан көрө, туура эмес иш кылсаң, чындыкты айтып, бир жолу тил укканың жакшы,” – деп үйрөтө берчү. Менде азыр так ошол мүнөз бар. Атам адамдарга, айрыкча балдарга ушунчалык тегиз болчу. Улуу-кичүү, алыс-жакын дебей баарына бирдей мамиле кылар эле.

Эсимде, бөлөлөрүм үйгө көп келчү. Алар-ды кошо өз баласындай эркелетип, ойнотуп, биз менен өзү кошо ойноп, үйүбүз базар бо-луп кетер эле.

Атамдын каза болгондугу тууралуу суук кабарды бизге кошуналар угузду. Шаардыктар телефон аркылуу туугандарыбызга чалып, алар кошуналарга айтып, күтүүсүз жерден суук кабар кирип келген. Ошол эле күнү кечке маал атамдын сөөгүн алып, Нарынга жөнөгөнбүз.

Азыр иним Ислам онго чыгып, 3-класста окуп калды, эң алдыңкы окуучулардын бири. Апам экөө Токмокто турушат. Мен он сегизге чыкканча иним экөөбүз пособие алчубуз. Азыр иниме төлөнөт. Мен азыр студентмин. И.Арабаев атындагы университетте окуйм. Кудай буюрса,  окуум жакшы. Атамдын, апамдын атына жаман сөз тийгизбей жакшы окуп кызыл диплом менен бүтсөм, жакшы иштеп, жакшы жашоо кечирип, эмгектерин актасам деп тилек кылам.