НАТО башчысы: Кара деңизде Украина менен Грузияга колдоо көрсөтүлөт

НАТО өлкөлөрү Кара деңизде аскер кемелеринин катышуусундагы операцияларынын масштабын кеңейтүүгө, Украина жана Грузия менен машыгууларды көбөйтүүгө макулдашты. Бул тууралуу Вашингтондо өткөн Түндүк-Атлантикалык кеңештин жыйынынан кийин НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирди.

Столтенберг аскердик биримдикке мүчө өлкөлөр кабыл алган чаралардын топтому Орусиянын Украина менен Грузияга каршы агрессиясына жооп иретинде иштелип чыкканын белгиледи. НАТОнун башчысы Москваны 2018-жылы ноябрда аннексияланган Крымдын жээгинде кармалган украин моряктарын бошотууга чакырды.

Кун мурун АКШнын НАТОнун алдындагы туруктуу өкүлү Кей Бейли Хатчисон Түндүк-Атлантикалык кеңештин жыйынында Кара деңиз боюнча чечимдердин топтомун кабыл алуу пландалып жатканын кабарлаган. Анын айтымында, Керч кысыгы аркылуу өткөн украин кемелеринин коопсуздугун камсыздоо үчүн НАТО аймакка өз кемелерин көбүрөөк жөнөтүүгө ниеттенүүдө.

2018-жылдын 25-ноябрында Украинанын аскер кемелери Кара деңиздеги Керч кысыгына жакындаганда аларды орусиялык чек арачылар тосуп, ок атышкан. Натыйжада украиналык экипаждын 24 мүчөсү кармалган.

Орусиянын абагында отурган моряктарды 14-мартта Бириккен Улуттар Уюму «аскер туткундары» деп тааныган.

0 Поделились