Адылбек уулу ШУМКАРБЕК: «Жалпы 2 млрд. 200 млн. долларлык келишимдерге кол коюлду»

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Өткөн аптада Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен Россиянын Президенти Владимир Путин келди. Анда эки тараптуу жогорку деңгээлдеги жолугушуулар орун алып, бир катар келишимдерге кол коюлду. Муну менен бирге эле өлкөгө бир канча долбоорлор боюнча инвестициялар салына турганы белгилүү болду. Мына ошол багытта кабарчыбыз Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Адылбек уулу Шумкарбек менен маектешкен.

— Россиянын Президенти Владимир Путиндин мамлекеттик иш сапары экономикалык жактан канчалык пайдалуу болду?

-Аталган иш сапардын алкагында 2 млрд. 200 млн. жакын доллар суммадагы келишимдерге кол коюлду. Мындан тышкары 68 млн. долларлык экспортко багытталган келишимдерге кол коюлду. Бул үчүн ага чейин алдын ала иштерди кылганбыз. Мисалы, биздин агенттиктин кызматкерлери Новосибирск шаарына барып, ошол жактагы тармактык дүкөндөр менен сүйлөшүп, андан кийин бул жактагы жарманкелерге катышышты. Ал жактан келген ишкерлер биздин соода-сатык менен алек болгон, логистикалык борбору бар ишканалардын жетекчилери менен жолугуп, натыйжада жогоруда айтылып жаткан 68 млн. долларга келишимдерге жетишүүгө мүмкүн болду.

-Ал эми бизге кандай инвестициялар салынат?

-Бул жаатта да жакшы жетишкендиктер болду. Алсак, Россиянын эң чоң энергетикалык концерндеринин бири “Русельпром” ме-нен биздин агенттик Кыргызстандагы гидроэнергетикалык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу, чоң жана чакан ГЭСтерди куруу, ошол ГЭСтерге байланыштуу шаймандарды, тетиктерди жасоо, чогултуу максатында 1,5 млрд. долларлык меморандумга кол койдук. Анын алкагында “Русельпром” компаниясынан жумушчу топ жакында Кыргызстанга келет. Алар менен биргеликте биз кайсы ГЭСтерди кандай этаптар менен курсак болот деп, жол картасын түзөбүз.

Кыргызстан минералдык заттарга бай өлкө. Алардын ичинде базальт деген бар. Андан ар кандай курулуш материалдарды, жеңил унаа чыгаруу багытында ж.б. материалдарды чыгарса болот. Мына ошону ишке ашыруу, базальттык ишканалардын тобун түзүү максатында Россиянын “Союзбазальт” бирикмеси менен Кыргызстандын “Кыргыз композит” компаниясынын ортосунда меморандумга кол коюлду. Эгерде ал ишке аша турган болсо, 500 млн. долларлык инвестиция болот. Булардан тышкары бир нече багыттагы инвестициялык келишимдерге кол коюлду. Алсак, Кара-Балта тоо кен комбинатына 30 млн., “Кыргыз унаа курулуш” компаниясына 5 млн., Ысык-Көлдөгү органикалык жер-жемиштерди иштеп чыгуу боюнча 12,5 млн. ушинтип жалпысынан 2 млрд. 200 млн. долларлык келишимдерге кол коюлду.

-Буларды ишке ашыруу кандай болот жана канчасы региондорго багытталган?

-Эми  буларды  ишке  ашыруу  боюнча жумушчу топтор түзүлөт, адистер менен кеңешүү болот. Тартылган инвестициялардын көпчүлүгү региондорго багытталган. Алсак, ошол эле ГЭСтер региондордо курулат, базальтты иштетүү ал аймактарда ишке ашырылат. Албетте, иш муну менен эле токтоп калбайт, мындан ары дагы иштерди илгерилетүүгө багытталган жумуштар жасала бермекчи.

-Ишкерлерге багытталган кандай келишимдер болду?

-Россиянын тикелей инвестиция фонду менен биздин агенттиктин ортосунда келишим түзүлгөн. Бул келишимдин максаты Россия фонду Кыргызстанга орус ишкерлери катышкан инвестициялык долбоор болсо, долбоордун кандайдыр-бир үлүшүн каржылоого 100 млн. доллар бөлүүгө даярдыгын билдирди. Башкача айтканда, биздин ишкерлер Россия менен биргелешип ишканаларды же инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып калса, аны аталган фонд тарабынан үлүш каражаты камсыздалууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

0 Поделились