Суббота, 20 апреля, 2024
24.1 C
Бишкек

Акылбек Жапаров “Менин ден соолугум-менин укугум” иш-чарасына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулган “Менин ден соолугум-менин укугум” аталышындагы иш-чарага катышты.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө бүгүнкү бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү, ар бир адамга өз саламаттыгы туурасында ой калчап, кам көрүүнү эсине салаарын белгиледи.

“Биз жарандарыбызды сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыз кылууга, сергек жашоо образын карманып жашоого элди үндөөгө, экологиялык чөйрөнү жакшыртууга жана коргоого милдеттүүбүз. Жалпы коомдун саламаттыгы үчүн ар бир жаран жооптуу экендигин пандемиядан көрдүк. Ал эми ар бир жарандын саламаттыгы – физикалык активдүү иштерман коомубуздун күчү, ресурсу жана эртеңи”, — деди ал.

Ошондой эле Акылбек Жапаров, акыркы убакта жугуштуу эмес оорулар жашарып бара жатканын айтып, дартты алдын алуу үчүн дени сак жашоо образын жайылтуу зарылчылыгын белгиледи.

“Кыргызстан – төрт мезгилде тең спорт менен машыгууга ылайыктуу өлкө. Бүт өлкө боюнча миңдеген спорттук залдар, аянтчалар, стадиондор, воркаут тилкелери, бассейндер иштеп жатат. Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен тээ алыскы айылдагы жаңы мектептерде Бишкектегидей бүт спорттук шарттары менен мектептер салынып жатат”, — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек Саламататтык сактоо министрлиги уюштурган Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулган “Менин ден соолугум-менин укугум” аталышындагы иш-чаранын алкагында каалоочулар медициналык текшерүүлөрдөн өтүшүп, адистердин кеңештерин алышты. Иш-чара массалык чуркоо менен коштолду.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар