Укук коргоочулар өздөрү укук бузушса, кайда баруу керек?
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”
«Кыргыз Туусунун» өткөн жылдын 14-декабрдагы санында жарыяланган «Азыркынын комбинаторлорунун жоруктары. Укук коргоо органдарынын «унчукпоосу» аттуу макалада жана ал теманы улантуу менен 21-декабрдагы санында жарыяланган “Көз будамайлоонун жогорку классы” аттуу макалада бир нече алдамчынын “АКИФ фирмасы» ЖЧКсын рейдерлик жол менен тартып алуу боюнча аракеттер жана укук коргоо органдарынын ал боюнча чара көрүүнүн ордуна кайдыгерлиги жөнүндө кеңири жазылган. Биз мына ушул рейдерлик коомчулукка ачыкталгандан кийин укук коргоо органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери бул проблемага көңүл буруп, кылдат мамиле жасап, мыйзамдуулукту калыбына келтирүү менен укуктары бузулган акционерлердин таламын талашат деп үмүттөнгөнбүз. Тилекке каршы…
Башында жакшы эле башталган…
Тилекке каршы, андан кийин иш башка өңүттө кетти. 2016-жылдын мартында И.Майсызов Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (ЭККМК) С.Фищенко АКИФтен 2013-жылдын августунда 2,5 млн. доллар жана декабрда дагы 700 миң доллар накталай алган деген арыз менен кайрылган. 04.04.2016-ж. бул боюнча Финполиция (ЭККМК) алдамчылык фактысы боюнча №288-16-029 номерлүү кылмыш ишин козгогон. Кийин иликтөөнүн натыйжасында бул иштен И.Майсызовдун өзүнө жана шериктештери Б.Абдыкаровго, Ф.Аблямитовага жана башкаларга карата документтерди жасалмалоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, салыктарды төлөбөө жана алдамчылык боюнча кылмыш иштери бөлүнүп алынган. Ал иштердин фигуранттарына карата айыптар тагылып, камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып, И.Майсызовдун ишин караган Биринчи май райондук сотунун судьясы М.Термечиков 22.11.2018-ж. токтому менен ага кошумча бир катар, анын ичинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, алдамчылык жана С.Фищенкого жалаа жабуу сыяктуу айыптоолорду коюу зарылдыгы жөнүндө тыянакка келген. Тактап айтканда, сот иш боюнча далилдерди изилдеп көрүп, 2013-жылы С.Фищенко тарабынан эч кандай уурдоо болбогондугун тастыктаган.
№288-16-0029 кылмыш иши С.Фищенконун аракеттеринде кылмыш курамы жок болгондугунан улам эки жолу кыскартылган. Биринчи жолу – И.Майсызовдун арызы боюнча С.Фищенкого карата 04.04.2016-ж. козголгон №288-16-0020 кылмыш ишин кароо менен финполициянын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү З.Оморбеков С.Фищенконун аракеттеринде кылмыш курамы жок болгондугуна байланыштуу кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө 25.04.2017-ж. токтом чыгарган. Экинчи жолу — ушундай эле негизде кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө токтомду финполициянын тергөөчүсү А.Мамбетов 22.07.2018-ж. чыгарган.
А.Мамбетовдун токтому жактоочулар тарабынан сотко даттанылып, Биринчи май райондук сотунун судьясы А.Боромбаев тарабынан каралып, ал 22.08.2018-ж. токтому менен күчүндө калтырылган. Башкача айтканда, №288-16-0029 кылмыш иши боюнча С.Фищенконун аракеттеринде кылмыш курамы жоктугу соттук чечим менен да тастыкталган! Ал чечим кийинки соттук инстанцияларда даттанылбаган.
Анан иш кайра тескерисинен кетти…
Сөз кезеги келгенде айта кетсек, судья А.Боромбаев өз чечиминде С.Фищенконун аракеттеринде кылмыш курамы жоктугун тастыктап жатат да, С.Фищенконун баш коргоо чарасын карап, 30.01.2019-ж. токтому менен аны камакка алуу жана 28.03.2019-ж. токтому менен камакка алуу мөөнөтүн узар туу токтомун чыгарган.
А.Боромбаевдин С.Фищенконун баш коргоо чарасын тандоону кароо жана аны узартуу боюнча ишти кароосуна анын жактоочулары каршы болушкан жана өтүнүчтөрдү келтиришкен. Бирок, А.Боромбаев өзүн С.Фищенконун иши боюнча “адистешкен судья” катары түшүнүп алганбы, айтор, аларды четке кагуу менен ишти караган. Мындан улам, судья А.Боромбаев мурдагы токтомунда С.Фищенконун аракеттеринде кылмыш курамы жок деп тастыктап жаткандан кийин, анысын кийинки токтомдорун чыгарууда эске алса болмок. Же анын эс тутуму ошончолук начарлап калганбы!
Азыркы учурда №288-16-029 кылмыш иши баягыдай эле финполдо тергөөчү А.Сабиров тарабынан каралып жатат. Ал эми 01.01.2019-жылдан баштап КРнын жаңы Кылмыш-жаза кодекси жана Жазык-процесстик кодекси жана башка мыйзамдар ишке кирген, аларга ылайык, 204-бер. (алдамчылык) боюнча кылмышты ИИМдин тергөө кызматы иликтөөгө тийиш. Демек, мыйзамга ылайык, финпол бардык иштерди тергөө караштуулу-гу боюнча ИИМге жөнөтүүсү үчүн прокуратурага өткөрүп берүүгө милдеттүү болчу.
1-мартта Октябрь райондук сотунун тергөө судьясы Б.Джаналиев тарабынан Баш-кы прокуратуранын тергөөнү ИИМге берүүдөн баш тартуусунун мыйзамсыздыгы жөнүндө аныктама да чыгарылган. Бул чечим токтоосуз аткарылууга жаткан. Бирок, райсоттун чечимин Бишкек шаардык соту да 27-марттагы чечими менен тастыктаганына карабастан финпол менен прокуратура тарабынан аткарылбай жатат. Бул эмне, финполдогу айрым кызматкерлердин жеке кызыгуусу бардыгыбы?
Сабировдун көздөгөнү эмне?
Мурдагы макалаларда кеңири жазылгандай, рейдерлер фирманы тартып алуу менен менчик ээлеринин гана эмес, салыктарды төлөбөстөн мамлекеттин да каражаттарын уурдай башташкан. Бул боюнча Биринчи май райондук сотунун судьясы А.Боромбаевдин жогоруда айтылгандай, мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар экенине карабастан, рейдерлерге чара көрүлбөй келет.
Ал ортодо иш боюнча финполдун бир нече тергөөчүсү алмашып отуруп, аягында ал тергөөчү А.Сабировго тапшырылды. Ал 2016-жылы эч кандай АКИФти рейдерлик тартып алуу болгон эмес, тескерисинче, фирманын катышуучулары тарабынан Росинбанкка карата алдамчылык болгон деген тыянакка келген. Бирок, өз токтомунда А.Сабиров кылмыштуу аракет конкреттүү эмнеден көрүнгөнү тууралуу көрсөтпөйт, жөн эле “кылмыш жасоого шектелүү” деп койгон.
Эми ушул жерден иштин маңызын түшүндүрө кетели. Росинбанк “жүгүртүү каражаттарын толуктоого” кредит берген, ал бизнестен кирешелер, күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктөр жана АКИФтин катышуучуларынын жеке кепилдиктери менен 300%га камсыздалган жана ишкананы рейдерлик басып алууга чейин үзгүлтүксүз тейленип турган! Анан 2016-жылы декабрда рейдерлер сүрүлүп чыгарылгандан кийин да фирма тарабынан төлөнүү менен 2017-жылы карызды “Альфа-Бестке” чегинүүгө чейин банкка кредит боюнча дагы 300 миң доллар төлөнгөн. Ошентип 3 миллион доллар кредит берген банк кайра АКИФтен 1,5 млн. доллар жана талап кылуу укугун чегинүү келишими боюнча дагы 2,350 млн., жалпысынан 3,850 млн. (!) доллар алып жатат! Анан кайдан банкка зыян келтирилсин!
Албетте, банкка келтирилген зыян жок экенин билген А.Сабиров АКИФтин С.Фищенко баштаган катышуучулары зыян келтирүүгө “ниеттенген” деген айыпты тагат!
А иш жүзүндө ал айыптап жаткан адамдар 3 млн. доллар кредит үчүн банкка 6 млн. долларлык мүлктөрүн коюшуп, 27 ай аралыгында кредит боюнча жалпысынан 1,2 млн. доллар суммада төлөмдөрдү төлөшүп турган. Анан дагы 9 ай фирманы рейдерлер басып алып турганда кредит боюнча төлөмдөрдү төлөөгө аракеттенишип, ишканага контолду өз колдоруна алышкандан кийин дагы 300 миң доллар төлөшкөн. А банк болсо кредиттин калганы боюнча талап кылуу укугун тигил рейдерлер сатып жиберип жатпайбы!
Тергөөчүнүн ою боюнча, бул аракеттер банктын кредитин уурдап алуу аракети экен. Ошондуктан И.Майсызовго сот тарабынан көрсөтүлгөн айыптардын көп бөлүгүн алып салуу менен АКИФти банкрот кылуу С.Фищенконун кылмыштуу ниетине кирген деп тастыктап жатпайбы! Мунусу менен А.Сабиров соттун токтомун аткармак түгүл, ага каршы аракеттерди жасап жатат.
Бул биринчи апрелдик тамаша эмес!. Тилекке каршы, анын бул абсурдга жеткен айыптоосуна прокуратура кызматкерлери менен тергөө судьясы А.Боронбаев кошулуп, С.Фищенконун жана АКИФтин башка ак ниет акционерлеринин ишкананы иштетүү менен кредитти кайтарып берүү аракетине тоскоолдук кылып жатышат. Акционерлер рейдерлер ишкананы басып алган учурда түзүлгөн салыктар боюнча карыздын эсебинен март айында эле 2 млн. ашуун сомду төлөп беришкен жана рейдерлер финполдун тергөөчүсүнүн жардамы менен ишкананы ага чейин тартып алышпаса, июлга чейин салыктар боюнча бардык карыздарды төлөп берүүгө ниеттенишүүдө. А рейдерлердин колуна ишкана тийип калса, мурда болгондой, кирешелер жашырылып, салыктар толук төлөнбөй калышы мүмкүн.
Мындай болбойт деп айтууга да болбойт! Анткени, А.Сабиров АКИФтин башкы директору Ж.Качыбековго жана акционерлер К.Бозбаева менен К.Куватбековдун уулдары – Э.Турманбетов менен Р.Куватбековго карата талап кылуу укугун чегинүү келишимин аткаруудан качуу (?) деген абсурд айыпты тагып жатат. Иш жүзүндө бул боюнча талаш жарандык тартипте сотто талашылып жатат. Ошондо бул тергөөчүнүн пикири боюнча, акционерлердин өз укуктарын сот аркылуу коргоосу криминал болуп калат экен да!
Мына ушундан улам финполдун тергөөчүсү А.Сабировдун чыныгы көздөгөнү эмне деген мыйзам ченемдүү суроо келип чыгат!? Албетте, ал чыныгы рейдерлердин адвокаты эле болбосо?! А.Сабировдун бир тараптуу аракеттеринен улам ушундай да ой келет экен! Ал соттун чечимин аткаруунун ордуна И.Майсызовдон КЖКнын 233-бер. (коммерциялык же башка уюмда ыйгарымдарынан ашкере пайдалануу) башка айыптоолорду алып салуу менен кайра анын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган С.Фищенкого карата абстрактуу айыптоо менен кылмыш ишин козгоо токтомун чыгарып жатпайбы. Андан да кызыгы – ал айыптоону Башкы прокуратуранын айрым кызматкерлеринин колдоп жатканында!
Мисалы, С.Фищенкого карата кылмыш иши анын жактоочуларынын бир нече арыздарынан кийин 26-мартта ИИМдин тергөө кызматына жөнөтүлүп, ал жерден тергөөчүнүн колунда 3 күн тургандан кийин прокуратура тарабынан кайра финполго, андан дагы “С.Фищенконун иши боюнча адис” А.Сабировго тапшырылып жатпайбы!
Калыстыктын ордуна кызыкчылыктын болуп жатканы эмнеден?
Албетте, рейдерлик кылган тарап-тын катышуучулары кылмыштарына жараша жаза алып калбаш үчүн бардык аракеттерди жасап жатканы турган иш. Бирок, мыйзамдуулукту жактай турган айрым мамлекеттик жана сот органдарынын кызматкерлеринин алардын мындай аракеттерине өбөлгө түзүп жатканы таң калычтуу!
Финполиция эмнеге ишти тергөө караштуулугу боюнча бербей жатат?
Жогоруда айтып кеткенибиздей, кылмыш иши мыйзамга ылайык, ички иштер органдарына берилүүгө тийиш эле. Бирок, бул боюнча Октябрь райондук сотунун 01.03.2019-ж. токтому турганына карабастан, прокуратура менен финполициянын жетекчилери аны бербей жатышат.
Жабырлануучулар К.Куватбековдун, К.Бозбаеванын, С.Фищенконун жактоочулары финполдун тергөөчүсү А.Сабировдун бир жактуу аракеттеринен улам аны тергөөдөн четтетүү жөнүндө ЭККМКнын тергөө башкармалыгынын начальниги Э.Айылчиевге арызданышкан. Ал арыз, албетте, канааттандырылуусуз калтырылды…
P.S. Бул өзүнчө эле эпопеяга айланган ишти толук баяндоого бир макаланын алкагы аздык кылат. Ошондон улам кийинки саныбызда улантмакчыбыз.