Германия Кыргызстанга 40,1 млн. евро грант берет

Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө Макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 20-мартында кабыл алынган. Аталган макулдашуулардын алкагында Германия эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташтык үчүн 40,1 млн. евро өлчөмүндө гранттык каражат берилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет