Өз милдетин так аткарган жоокер

Маектешкен Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Мындан 9 жыл мурун 7-апрель күнү «Апрель революциясы болуп өткөн. Аянтка жинденген адамдардын тобу багыт алып, аянтка жете бергенде алар өз милдетин аткарып турган ардактуу караулдун солдатынын мылтыгын тартып алууга аракет кылышкан. Жулунуп турган адамдардын тобуна өз мылтыгын алдырбастан, эч нерсеге карабастан өзүнүн милдетин аткарган ошол эки жоокердин эрдиги тууралуу бүгүн эстегендер аз. Алардын бири улуттук гвардиянын аскери Тынчтык Сагынбек уулу менен маек курдук.

– 2010-жылдын 7-апрель күнү болгон окуялар эсиңдеби?

– Ал күн бүгүнкү күндөй эсимде турат. Биз 7-апрель күнү туу кайтарууга чыкмакпыз. Андай окуя болуп кетет деген ой болгон эмес. Ал аңгыча адамдардын тобу аянтты көздөй агылып, укук коргоо органдары абалды көзөмөлдөй баштады. Бирок жыйынтык чыккан жок. Адамдар келип бизге кол салып, биз тарапка таштарды ыргытып жатышты.

– Ошол учурда кандай сезимдер болду? Корктуңбу?

–  Алардын  ичинен  бир тобу  бизге  карай  жулунуп жөнөгөндө, кайсы максатта келе  жаткандары  белгилүү эле  болду.  Көпчүлүк  деген көпчүлүк да, сүрү болот экен. Албетте, коркунучтуу болду. А бирок эң негизгиси «мылтыкты тарттырып жибербеш керек,  анан  ошол  орундан жылбаш керек» деген ой келди. Анткени ал мылтыкка мен керт башым менен жооп берет болуучумун. Биздин жаныбызда көп адамдар бар болчу. Алар бизге формабызды чечип, аларга кошулушубуз керектигин айтышты. Сүрмө топто ар кандай адамдар болот да. Арасында ээнбашы, элдин келечеги деп атайын аттанып келген азаматы болду. Биз ошол бийликти эмес, эгемен өлкөбүздүн туусун коргоп, Мекен алдындагы милдетибизди так аткарып жатканыбызды түшүнгөндөр бизге каска кийгизип коюшту. Тууну кайтарууну улантта бердик.

– Өзүң тууралуу кыскача айта кетсең?

–  1990-жылы  Нарын  облусунун Баетов айылында туулгам. Үй-бүлөдө 10 бир тууганбыз. Мектепти аяктаган соң, аскерге чакырылдым. Анда 19 жашта болчумун. Ак-Талаа райондук аскер комиссариатынан Бишкекке жөнөтүштү. Өзүм Улуттук гвардияда кызмат өтөп, тууну кайтаргым келчү. Албетте, кызмат өтөө мен ойлогондон да оор болду. Арадан бир кыйла убакыт өттү. Учурда үйлөнүп, балалуу болуп калдым. Өзүм Ак-Талаа райондук аскер комиссариатында эмгектенем. Келинчегим мектепте мугалим.

– Уулуңду аскерге жибересиңби?

– Албетте жиберем. Ал биринчиден, мекен алдындагы милдет. Экинчиден, аскерде  кызмат  кылуу  адамды  мекенчилдикке тарбия лайт. Азыркы учурда аскерге көптөр барбай коюп жатышпайбы. Өзүмдүн атам Ооган согушунун катышуучусу. Аны көрүп, бир чети сыймыктанып, экинчи жагынан суктанып, менин деле аскерге баргым келе берчү. Кезеги келгенде балдарымды дагы ошондой кылып, мекенчилдикке, элге кызмат кылууга багыт берип тарбиялаганга аракет кылам.