Максат ЧЕГИРТКЕЕВ: «Ичиме тийген ок, ичегилеримди бырчалап кетиптир»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияда 87 киши каза таап, 300дөн ашык адамдар ар кандай жаракаттарды алышкан. Мына ошол жаракат алган апрель баатырларынын бири – Максат Чегирткеев. Ал Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун кулуну. Учурда 27 жашта. Аянтта ок жеп, ажал менен арбашып жүргөндө ал болгону 18 жашта болгон.

– Максат, 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтына кантип, кандайча барып калдың эле?

–  Мен  4-апрелде  Алматыдан  келип, досумдун үйүндө болуп жаткам. Ал борбордук аянтка жакын жерде, батирде жашачу. Ошондуктан, бизге элдердин кыйкырыктары, ок атылган үндөр кадимкидей эле угулуп жатты. Толкуган элдин добушун тыңшап үйдө жата албай койдук. Дос балам экөөбүз тең, эмне болсо ошо болсун деп аянтка бардык. Жамгыр жаап жаткан болчу. Ок тийип жарадар болгон, мерт кеткен адамдардын каны жамгырга жуулуп, суу болуп агып жатыптыр. Андайды көрбөгөн жаныбыз бир саамга өзүбүздү жоготуп, жаман болдук.

Мен ата-энеме жардам берүү үчүн Алматыга барып, курулушта иштеп жүргөм. Бир күнү айылдагылар телефон чалып, мени аскерге чакырып жатканын айтышты. Ошол себептен Бишкекке келгем. Альтернативдик кызматымды өтөп болуп, кайра Алматыга кетмекмин. Тилекке каршы, кырсык басып, бир ажалдан аман калдым.

– Сага кайсы убакта ок тийди?

Ошол кездеги вице премьер-министр Г. Асымбекова Максаттын абалын сурап барган учур

–  Биз  түштөн  өтүп  барганбыз.  Мага 19:30дарда ок тийиптир. Ок тийип жыгылганымды, көтөрүп барып машинага салгандарын анан ооруканадан врачтардын: “Мунун жараты оор экен, киши болбойт окшойт”, – деп денеме фамилиямды жазып жатышканын элес-булас бир билем. Кийин ойгонсом, мага 6 сааттык оор операция жасап, жанымды сактап калышыптыр. Ичимдеги окту алып чыгып, бир нече бөлүккө бөлүнүп кеткен ичегилеримди тигип чыгышыптыр. Менин азабым ошо менен эле бүтүп калган жок.

Оор жана жеңилдерин кошкондо 10дон ашык операция жасалды. Кошулган ичегилер жабышып калып, кайра ажырап кетип, айтор бир топко чейин оңоло албай жүрдүм. Алтургай үйдөгүлөр кокус жамандык болуп кетсе дагы деп, отун-сууларын даярдашыптыр. Элестетиңиз, 65 кг. салмакта жүргөн баланын 27 кг. болуп калганын. Азыр ойлосом, кебетемди көрүп деле, менден түңүлүшсө керек.

– Кудай колдогон экен…

– Мени Россия, Түркия мамлекеттерине жиберип, ошол жактан операция жасатууга аракет кылышты. Бирок, диагнозумду жана ошол учурдагы абалымды уккан тараптар, коңшу мамлекетке жетпей калышымды айтып, жардам берүүдөн баш тартышыптыр.  Бирок,  бактыга  жараша  Кытайдын адистери колун сунуп, мени Үрүмчү шаарындагы ооруканага жөнөтүштү. Бир жыл Үрүмчүдө дарыландым. Бир нече жолу операция болдум. Кудай жалгап 4 айда бутума туруп, өзүмө келип калдым. Кийинки жылы дагы барып, дарылануу курсунан өтүп келдим.

– Дарылануу өкмөт тарабынан каржыланды да?

– Ооба. Жарадар болгондорго атайын акча каражат бөлүнүп берилген.

– Каза тапкандардын үй-бүлөсүнө, жарадар болгондорго үй берилди эле, сен да алдың беле?

–  Азыр  ошол  батирде  жашап  жатам. Үйлөнгөм. Үч балалуу болдум.

– Учурда каякта иштеп жатасың?

–Жакында эле “Мегаком” компаниясына курьер болуп жумушка кирдим. Иштеп баштаганыма 4 ай болуп калды. Ага чейин иштебей эле жүргөм.

– Алдыга кандай максаттарды коюп жатасың?

– Кеч болсо да окуп, диплом алып алсам деген тилегим бар. Буюрса, буга да кол жеткизем деп ойлойм. Эң негизгиси – өлкөдө дайыма тынчтык болсун. Өлкө тынч болсо, биздин жашоо тынч. Эң оор, эң кыйын учурду башыбыздан кечирдик. Андай күндөр экинчи кайталанбасын!