Коомдук кеңештердин функциясы көзөмөлдөө эмес, кызматташуу

оомдук кеңештердин функциясы көзөмөлдөө эмес, өнөктөш катары жарандык коомдун атынан мамлекеттик мекемелер менен кызматташуу. Мындай пикир кечээ коомдук кеңештер туурасында болуп өткөн жыйында айтылды.

Уюштуруучулар  коомдук кеңештердин иши менен  таанышып, изилдөө жүргүзүшкөн. Аталган изилдөөнүн жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардын 98 пайызы коомдук кеңештердин иши оң натыйжасын берип жатканын белгилешкен. Изилдөөнүн демилгечилеринин бири, Билим берүү мекемелер союзунун жетекчиси Гайша Ибрагимова айтымында, коомдук кеңештер мамлекеттик органдардын ишин жеңилдетет жана  кемчиликтерин убак-саатында оңдоп турат.

Ошону менен катар,  коомдук кеңештердин кее бир мүчөлөрүнүн компитенттүүлүгүнүн жетишсиздиги жана мамлекеттик органдарга карата сын пикир айтып жаткандары, мыйзам тарабынан алардын иши так аныкталбаганы айтылды.

Жыйынтыгында катышуучулар мындан ары коомдук кеңештердин ишин жакшыртуу максатында мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, өнүгүү багыттарын тактоону чечишти.