Эл таалайы үчүн өз таалайынан ажыраган Талайбек

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


2010-жылдын 6-апрелинде Талас шаарындагы борбордук аянтта Курманбек Бакиевдердин кандуу бийлигине каршы чыккандардын алдыңкы сабында жүрүп, бийликти кулатууга өз салымын кошкон Талас районунун Үч-Эмчек айылынын тургуну Талайбек Рысбеков азыр арабызда жок. Жашоого оптимисттик көз караштар менен карап, ар дайыма жарык кабак, жайдары жашаган бул адам ошол күнү кандуу бийликтин кандуу желдеттеринен алган жаракаттарынан улам, арадан ай айланбай каза болгон.

Ал миңдеген кыргызстандыктардай эле, жайда-кышта Бишкекке келип, түрдүү жумуштарда иштесе, жазда-күздө айылдагы үлүш жерин тырмалап, тиричилик кылчу. Бейпил күндөрдө башкалардан өзгөчөлөнчү эмес. Арийне, күнүмдүк тиричиликтин жайы өз жолу менен, Т.Рысбеков өз заманына, элдин күндөн күнгө кедери кетип бараткан турмушуна кайдыгер карагандардан эмес эле. Саясатка тикелей аралашып, мамлекеттик кызматка илинейин деген максатты көздөбөсө да, саясаттан четте калбай, Талас жергесиндеги “Ата Мекен” саясый партиясынын активдүү мүчөлөрүнөн болгон. Бул жылдары бийлик тарабынан  аталган  партиянын  мүчөлөрү куугунтукка  алынып,  жадагалса  партиянын  катардагы  мүчөлөрүнүн  артынан  да аңдуулар болуп турганы эч кимге жашыруун эмес.

Т.Рысбеков менен бирге жүргөн пикирлештери, ал бул күнү өзгөчө толкундап, “Балдар, баарыбыз Бакиевдин бийлигине каршыбыз. Аны кетсе дейбиз. Бакиевдерди бийликтен кетирүү үчүн тикебизден тик туралы. Бирок, тиги турган солдаттарга, милицияларга  кол  тийгизбейли.  Алар  да  биздин  бир боорлорубуз. Аларды да үйүндө жаркылдаган жары, сүйкүмдүү балдары күтүп турат. Мамлекеттик мүлктү талкалабайлы, мамлекет өзүбүздүкү”, – деп жалындуу жаратман сөздөрдү сүйлөп, каны кызуу жаштарды провокацияларга алдырбоого чакырып, күч органдары менен толкуган көпчүлүктүн ортосунда  тура  калып,  бири-бири  менен кагылышпоого үндөп жүргөнүн айтышат.

Каны кызуулар облустук администрациянын айнек-терезелерин талкалап жатканда, аларды токтотуп жүргөн. Ал ушул күндөрү от менен суунун ортосунда калып, элди кан төгүлүүдөн арачалайм, кырсыктан аман алып калам деп жүрүп, качан, кайсы саатта кырсыктап, жаракат алып калганын өзү да билген эмес. Өзү көпчүлүктүн ур-токмогунан калкалап жүргөн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин таягы талылуу жерине тийгенби, же дагы кандай болгонун өзү да, эч ким билбейт…

Убакыт  өтө  6-апрелде  алган  жаракаттары өзүн билдире баштаган. Бирок, жаздын бир күнү кышты багат деген Талайбек Рысбеков  айылдагы  үлүш  жерин  тырмалап, ооруканага жатып, дарыланууну кийинкиге  калтыра  берген.  Арийне,  өзү  сурап  албаган  оору  аны  капысынан  алып тынган.

2010-жылдагы  апрель  ынкылабынан кийин, ал окуяларга сырттан карап, байкоочу болгондорго чейин “Апрель революциясынын баатыры” деген наам алышты. Алган жарааттары жана жаракаттары үчүн ыңкылапчыларга компенсация да төлөндү. Апрель окуясында маркум болгондордун үй-бүлөлөрүнө үй да берилди. Тилекке каршы, апрель революциясынын чыныгы баатыры Талайбек Рысбековдун үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан үй да, же акчалай компенсация да берилбей калган. Маркумдун жубайы Бурмабү  Рысбекова  апрель  окуяларынан кийин жабалактап түзүлө калган “апрелчилердин” уюмдарынын бирин-экисине кайрылып көргөн да, ал жактан жылуу сөз укпагандан кийин кол шилтеп койгон. Ал өмүрлүк жолдошу үй же акчалай компенсация үчүн 2010-жылдын 6-апрелинде элдин алдында жүргөн эмес деп эсептейт. Т.Рысбеков кандуу бийлик бийликтен кетсе, адилет заман орносо деп ыңкылапка чыккан. Кыргызстандын эркин мамлекет болуп өнүгүшүндө, биздин жашообуз жадыраган жаздай болуп, ачык болушунда анын да салымы бар.

Тагдырдын тамашасын кара, анын кандуу бийликти кетирели деген тилеги ишке ашты, бирок, анүчүн ал өз өмүрүн берди. Т.Рысбеков эл таалайлуу турмушта жашаса деген, буюрса, ал күндөр да келет, арийне анын 6-апрелдеги эрдиги адилет бааланган жок. Жадагалса, ал мүчөсү болгон “Ата Мекен” партиясы деле эрдиги адилет бааланышы үчүн колун колго уруп койгон жок. Минтип арадан 9 жылга жакын убакыт өтүп кетти. Биз тогузунчу жазды Талайбек Рысбековсуз тосуп жатабыз… Апрель ынкылабында жаракат алып, анын кесепетинен курман болгондордун катарында анын артында калган үй-бүлөсүнө үй же ж.б. материалдык компенсация берилсе болмок. А чындыгында азыр деле кеч эмес. Албетте, адам өмүрү акча же үй менен бааланбайт. Антсе да, унутулуп, бааланбай кала берген эрдик бааланса, тирүүлөрдүн жан дүйнөсү жеңилдеп, бир милдеттен, тирүүлүк парздан  кутулуп  калгандай  болор  беле деген кеп…