Нур-Султан шаарындагы үч күн

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу» 


Экономикалык экскурс: брондуу машиналар, электровоздор, космостук жабдуулар жана «Цеснанын»   ак наны

Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 27- 29-март аралыгында Борбор Азиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Нур-Султан шаарында экономикалык багытта пресс-тур уюштурду. Бул иш-чарага Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин демөөрчүлүгү менен гезитибиздин атайын кабарчысы катышып келди.

Кыргыз-казак алакасы артууда Нур-Султан шаарынын экономикалык абалы менен таанышуунун башталышында Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов пресс-турдун катышуучуларын – Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Ооганстандын журналист-терин кабыл алып, маектешти. Министр  сөз  башында  эки  маселени өзгөчө белгилеп өттү. Биринчиси, ал Борбор Азияга жана бир катар Чыгыш элдерине таандык Нооруз мааракеси кошуна өлкөлөрдү тарыхый-маданий жактан бириктирип тур-ган руханий баалуулук экендигин атап өттү. Экинчиси, Астана шаарына Казакстандын туңгуч Президенти, эл башчы Нурсултан Назарбаевдин ысымы ыйгарылып, борбор шаар Нур-Султан аталышы менен өнүгүүнүн жаңы дооруна кадам таштады.

— Казакстандын жаңы Президенти Касым-Жомарт Токаев өз ишмердигин баштады, өлкөнүн ички жана тышкы саясатында калыптанган жол сакталат, — деп билдирди Б.Атамкулов. Министр Казакстандын Борбор Азия мамлекеттери менен саясый-экономикалык карым-катнаштарынын учурдагы деңгээлине өз-өзүнчө токтолуп, баяндап берди. Алгачкы сөз Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле тууралуу болду.

– Кыргызстан менен карым-катнашыбыз динамикалуу өнүгүп келет. Казакстан Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөшү болуп эсептелет. 2018-жылы өлкөлөрүбүздүн өз ара товар жүгүртүүсү 865,3 млн. долларды түздү. Бул өткөндөгү жылга караганда 13,1% пайызга көп. Өз ара кызматташуу бекемделүүдө. Кыргызстандын Президенти С. Жээнбеков өткөн жылы эки ирет иш сапары менен Казакстанда болду. Казакстандын эл башчысы Н.Назарбаев өткөн жылдын сентябрында Кыргызстанда болуп, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешмесинин саммитине катышты. Боордоштук мамилебиз арта берет деген ишенимдемин, — деди министр.

«КазакЭкспорт» экспортчулардын кызыкчылыктарын коргойт

Министрликтеги жолугушуудан кийин «ЭКСПО-2017» көргөзмөсү өткөрүлгөн шаарчада жайгашкан «КазакЭкспорт» экспорттук камсыздандыруу компаниясында болдук. Бул акционердик коом өлкө экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунда чийки заттык эмес товарларды, тейлөөлөрдү экспорттоого колдоо көрсөтүү жана казакстандык ишканаларды экспорт учурунда каржы жагынан камсыздандыруу менен алектенет. Атап айтканда, коом соода операциялары кезинде товарды алуучу тараптын каржыны төлөбөй коюу тобокелчилигинен экспорттоочуну камсыздандырат, чет өлкөлүк сатып алуучунун ишенимдүү же ишенимсиз өнөктөш экендигин текшерип берет, алардын сатып ала турган товарлары үчүн аванс каржы алууга жардамдашат ж.б. Компаниянын жападан жалгыз акционери – «Байтерек» улуттук башкаруу холдинги болуп табылат. «Казак Экспорт» 2017-жылдын 10-мартынан баштап улуттук компаниялардын расмий тизмесине киргизилген.

Ишке ашырылган айрым долбоорлорго токтололу. «КазакЭкспорттун» колдоосу менен «AlageumElectric» акционердик коому өз өндүрүмдөрүнүн үчтөн бирин Россияга, Германияга жана Өзбекстанга экспортко чыгарууда. 40тан ашуун россиялык компаниялар товар алууга шарт түзүшкөн. Ишкана «Казак Экспорттун» катышуучусу менен 2017-жылы жалпы баасы 2,5 млрд. теңге болгон трансформаторлорду Россияга экспорттогон. «Казак   Экспорт» аркылуу Тажикстанга 1000 даана JAC S3 автомобилин экспорттоо келишими түзүлгөн, электровоз локомотивдерин экспорттоо жолго коюлган. 400 млн. теңге баасында казакстандык туз, жалпы баасы 1 млрд. теңгелик казакстандык ишканалардын аккумуляторлору Россияга экспорттолгон.

Космос мейкиндигин өздөштүрүү

Андан кийинки иш сапарыбыз «Казакстан Гарыш Сапары» улуттук компаниясы» ишканасына баруу менен уланды. Кооздугу өзгөчө, жанында космос кораблдеринин өтө чоң макеттери бар бул комплексти борбор шаарга учуп келип, «Нурсултан Назар баев атындагы аэропорттон» шаарга бара жатканда байкап калган элек.

Мамлекеттин үлүшү жүз пайыз акционердик коом 2005-жылы 17-мартта Өкмөттүн токтому менен курулган. Ишмердигинин негизги багыттары: республиканын гарыш (космос) кызматы тармагында агымдагы, узак мөөнөттүү жана тармактар аралык программаларды даярдоо жана ишке ашыруу; Казакстандын социалдык-экономикалык милдеттерин чечүүгө багытталган  космостук  техникаларды өндүрүшкө киргизүү; космос системаларын  жана  комплекстерин куруу боюнча тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүү. Космостук аппараттарды жана космостук техникалардын белен тетиктерин долбоорлоо, жасап чыгаруу жана сынактан өткөрүү – компаниянын ишмердигинин негизги багыттарынын бири. Бул «Байкоңур» комплекси үчүн космостук аппараттарды жасоо максатын да көздөйт. Компания экономика, коргонуу жана улуттук коопсуздук максаттарында жерди алыс аралыктан зонддоо аркылуу көз карандысыз мониторинг жасоого катышат. Учурда компаниянын эки космостук аппараты аба мейкиндигинде иш алып барууда.

Компания өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитети үчүн 1-15-март аралыгында жаздын башталышын дагы күндүн жылыганына байланыштуу селдин болуу аймагына зонддук мониторинг жүргүзүп, кооптуу жерлерди аныктап берген. Космос  аппараттарын  жасап  чыгаруу «Казакстан Гарыш Сапары» улуттук компаниясы» менен франциялык «Airbus Defense and Space» компаниясы биргелешип түзгөн «Галам» («Аалам») жоопкерчилиги чектелген коомунда ишке ашырылууда. Мында салмагы 100 килограммдан 6 тоннага чейинки космостук аппараттарды жасоого болот. Алардын ичинде телекоммуникациялык спутниктер, жерди алыстан зонддоо спутниктери, илимий-технологиялык спутниктер жана башкалар бар.

«Астана» эл аралык каржы борборунда

Астана шаарындагы ири өндүрүш орундары менен таанышуунун келерки күнү «Астана» эл аралык каржы борборуна (АЭКБ) баруу  менен  башталды.  «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүн өткөрүү үчүн курулган шаарчада жайгашкан борбор 2018-жылдын январь айында ачылган. Казакстандын эл башчысы Нурсултан Назарбаевдин идеясы менен дүйнөгө келген «Астана» эл аралык каржы борбору ишмердик жүргүзүүсү боюнча уникалдуу мекеме. Негизги милдети экономикага атамекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну көздөгөн финансылык хабдын иш жүргүзүүсү англиялык укуктук принциптерге негизделген. Талаш-тартыштар, соттук териштирүүлөр болуп калган жагдайда борбор маселени өзү чече турган юрисдикцияга ээ. АЭКБнын соту жана АЭКБнын эл аралык арбитраждык борбору деп аталган сот системалары Казакстандын укуктук режимине көз каранды эмес. Эң башкысы борбордо чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого кепилдик берилген. Инвесторлор үчүн жеңилдиктердин тизмеси абдан чоң. Салык жеңилдиктери 50 жылдык мөөнөттү камтыйт. АЭКБ аркылуу иштешкен инвесторлор 2066-жылдын 1-январына чейин ИПН (керектөө маанайынын индекси) жана КПН (корпоративдик киреше салыгы) төлөөдөн бошотулган. Визалык жана эмгек режимдери жөнөкөй. АЭКБнын чет өлкөлүк кызматкерлери, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү өлкөгө 5 жылга чейинки мөөнөттөгү кирүү визасын алышат. Жагымдуу бонус – ишмердүүлүктүн алгачкы эки жылында «А» классындагы кеңселер ижарага акысыз берилет. Учурда каржы борбору менен иштешүүнү каалаган кардарлар көбөйүүдө. Серепчилер-дин тастыктоосуна караганда, «Астана» эл аралык каржы борбору өлкөнүн экономикасына чоң көлөмдөгү инвестициялык каражаттарды тартууга жөндөмдүүлүгүн байкатууда.

 «Astana Hub»  IТ-стартаптар техпаркы

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги журналисттер үчүн уюштурган пресс-турдун экинчи күнү Нур-Султан шаарындагы «Astana Hub» IТ-стартаптар эл аралык технологиялык паркына баруудан башталды. Стартаптар – булар жаңы маалыматтык долбоорлорду жүзөгө ашырып жаткан ишкерлер. «ЭКСПО-2017» шаарчасынын бошогон имараттарында мындан бир жыл  мурда ишмердигин баштаган паркта  учурда 150дөн ашуун стартаптар иштеп жатышат. 4 кабаттуу имараттагы ар кандай бизнес ишканаларды аралаганда байкаганыбыз, кызматкерлердин бардыгы дээрлик жаш курактары 20-30дун аралыгындагы мырзалар менен айымдар экен. «Astana hub» (Астана-борбор) жаш ишкерлерди 6 айдан бир жылга чейин акысыз жумуш бөлмөлөрү жана квалификациясын жогорулатуу курстары менен камсыз кылат. Ишкерлерди окутуунун натыйжасында бир катар долбоорлор ийгиликтүү иштеп, айрымдары аркылуу чет өлкөлүк инвестиция­ны тартууга жетишкен. Мисалы, «Clockster» долбоору сингапурлуктардын көңүлүн буруп, алар 250 миң доллар каражат берген.

«Astana hub» борборунда «Antidolg.kz», «Kompra», «Tourcenter», «HomeFix», «Workis» «Mediascanner», «Eventum.one» стартаптары жакшы иштеп жатышат. Булардын ичинен, аталышы билдирип тургандай, «Antidolg.kz» стартапы финансы мекемелеринен карызга акча алган жарандардын көйгөйүн чечүүгө жардамдашат, «Kompra» өздөрүнө топтолгон маалымат базасы аркылуу казакстандык юридикалык жактардын, жеке ишканалардын, коомдордун, мекемелердин абалы жөнүндө толук маалыматты бир нече мүнөттүн ичинде аныктап берет.

«Нур-Алемде»

Астана (азыркы Нур-Султан) шаарына келген туристтер, меймандар «EXPO-2017» көргөзмөсүнүн башкы символу болгон «Нур-Алем» («Нур-Алем»)  павильонун көрүүгө аракет кылышат экен. Шар формасында тышы айнектен жасалган 8 кабаттуу имараттын диаметри – 80 метр, бийиктиги – 100 метр. Демек ар бир кабаттын бийиктиги 12 метрден. Казакстандын бүгүнкү жетишкендиктерин жана келечегин чагылдырган павильонго саякат 8-кабаттан башталат. «Болочок Астана» деп аталган бул кабатта Нур-Султан шаарынын тарыхы, анын 2050-жылга чейинки келечеги чагылдырылган. Бул жерден борбор шаардын панорамасы алаканга салгандай көрүнөт. 7-кабат «Космос энергиясына, алтынчысы – күн жана бешинчиси жел энергияларын пайдаланууга арналган. Төртүнчүсү «Биомасса» деп аталат. Бул бизди курчаган жаратылыш дүйнөсү. Үчүнчүсү кинетикалык (кыймыл) энергиясына, Экинчиси суу энергиясына арналган. Биринчи кабатка «Улуттук павильон» жайгашкан. Мында Казакстандын тарыхы, маданияты, салт, үрп-адаттары, көрктүү жерлери жана соңку жетишкендиктери менен таанышууга болот.

«Казмедиа  борборунда»

 «Нур-Алемден» кийинки сапарыбыз «Казмедиа борборунда» уланды. 22 кабаттан турган бул телерадио комплексинин курулушу улуттук медиакабарларды сапаттуу таратуу үчүн атайын салынып, 2012-жылдын декабрында ишке берилген. Мында  он телеканал жана үч радиостанция жайгашкан, атап айтканда, алар: «Хабар» жана «Хабар-24», «KazakhTV», «Казакстан», «Казспорт», «Балапан», «Taмаша TV» «Евразия» биринчи телеканалы, «Асыл Арна», «МИР» ХТРК каналдары, ошондой эле «Казак радиосу», «Шалкар» жана «Астана» радио берүүлөрү.

Борбордо 15 уникалдуу аппараттык-студиялык блоктор, анын ичинде Астананын панорамалык көрүнүшү бар Sky-студия, виртуалдуу студия, көп функциялуу 888 орундуу киноконцерт залы, көргөзмө холлдору,  үн жаздыруу студиялары, 92 монтаждык аппарат бөлмөсү бар.

Биз «Казмедиа борборуна» барган учурда бул жерде жайгашкан Борбордук коммуникациялар кызматынын залында  журналисттерге арналган «Евро-Союз – Казакстан: медиа өнөктөштүктү чыңдоо» сынагынын аземи өткөрүлүп жатыптыр. Өлкөнүн Маалымат жана коммуникациялар министрлигине караган бул кызматтын директору Руслан Алишевдин айтканына караганда, респуб­ликанын бардык мамлекеттик органдары маалымат жыйындарын ушул кызматтын залында өткөрүшөт жана аларды тейлөөгө акы алынбайт. Коммерциялык-пиар максатындагы жыйындар өткөрүлбөйт.

Электровоз жыйноо  заводунда

Пресс-турдун акыркы үчүнчү күнүндө Нур-Султан шаарынын өндүрүштүк аймагынан орун алган төрт ишканада болдук. Электровоз жыйноо заводунун башкы директору Жюльен Роже Ноди өзү тосуп алып, көлөмү 7,5 гектарлык заводдун аймагын  кыдыртып, ишмердиктерин баяндап берди. Завод франциялык АLSTOM концерни менен биргелешип иштейт. Казакстан электровозго муктаж. Республикадагы 16 миң километрге созулган темир жолдун 40%ы электрлештирилген, демек вагондор электровоз аркылуу ташылат. Заводдун максаты казак темир жолун электровоздор менен камсыз кылуу. Бул боюнча 302 жүк, 119 жүргүнчүлөр электровозун камсыз кылуу мерчемделген.

Заводдо жүк ташуучу электровоздорду чыгаруу жолго коюлган. Жүргүнчүлөрдү ташый турган электровоздорду жыйноо да колго алынган. Завод учурда Азербайжан Республикасына жүк электровоздорунун алгачкы партияларын экспорттогон «Азербайжан темир жолу» компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, 40 жүк ташуучу электровоз, 10 жүргүнчүлөрдү ташуучу  электровоздорду жеткирмекчи.

Ок өтпөс унаалар

«Казакстан Парамаунт Инжиниринг» ишканасында болгонубуздагы таңданганыбызды жашыра албайбыз. Анткени, Казакстан аскердик техникаларды чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Россиядан сатып алат деген ойдо болчумун.

Борбор Азиядагы брондуу машиналарды чыгаруу боюнча  эң ири бул заводдо андай техникалардын төрт түрүн чыгарат. Алар: 4х4 дөңгөлөктүү «Арлан» брондуу машинасы (БДМ); 4х4 дөңгөлөктүү «Алан» БДМ;  4х4 дөңгөлөктүү «Номад» БДМ;  6х6 жана 8х8 дөңгөлөктүү «Барыс» БТРлери.  Минага каршы MRAP (мина жарылуусуна туруштук берген) үлгүсүндөгү брондуу машиналар баштан-аяк ушул ишканада даярдалат. Заводдун кубаттуулугу – жылына 120 машина чыгаруу. Тапшырык берүүчүнүн каалоосу боюнча машинага куралдардын бардык түрлөрүн, минометти, танкка каршы башкарыла турган ракета системасын жайгаштырууга болот. «Арлан» маркасы мина жарылуусуна туруштук бере алат жана каршылаштын чабуулунан коргонууга ылайыкталган. «Барыс 6х6» жердеги минадан, капталдагы жарылуудан коргойт. Машинанын түбүндө коргоо корпусу бар. Ошондой эле ал жолсуз жерлер менен жүрүүгө ыңгайлаштырылган. «Номад» күч органдарынын аскерлерине атайын жасалган машина. Ал коомдук тартипсиздик болгон учурда жана атайын операцияларды аткарууда колдонулат. Машинага брондуу айнектер, видео көзөмөл камералары орноштурулган. Брондуу машиналардын бардыгы жоокерлердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча дүйнөдөгү эң ишенимдүү унаалар болуп эсептелет. Ылдамдыгы жогору, жолсуз жерлер менен жүрө берет, бийик жерлерге оңой чыгат. Машинаны башкаруу жеңил, командалык пульт менен байланышуу оңтойлуу.

Заводду аралаганыбызда алып баруучубуз ишкананын башкы директорунун биринчи орун басары Делпорт Йохан Луис мырза өздөрүнүн ишмердиктери менен тааныштырды. Французча сүйлөгөн бул кишинин сөздөрүн заводдун басма сөз кызматкери которуп берип жатты. Ишкананын акциялары 100% жеке менчик, анын ичинде: 50%ы казакстандык, 50%ы Түштүк Африка Республикасынын (ЮАР) ишкерлерине таандык. Мамлекеттик стратегиялык мааниси бар заводдун мындай түзүмү бизди таңдандырбай койгон жок. Кыязы, керектүү технологияларын алып келген ЮАР тараптын талабы ушундай болгон окшойт. Йохан мырза Казакстанга 2014-жылы келип, келишим түзүлгөн соң 15 айдын ичинде заводду ишке киргизген. Кызматкерлердин 99%ы казакстандыктар.  Баса, биздин экскурсиябыздан кийин заводдун ишин көрүүгө Казакстандын өкмөт башчысы келгенинен кабардар болдук.

Мындан кийинки барган ишканабыз да коргонуу жаатындагы өндүрүмдөрдү чыгарган «Казакстан Аselsan Инжиринг»  ЖШКысы болду. Анын 50% үлүшү «Казакстан Инжиринг»  улуттук компаниясына, 49% үлүшү түрктөрдүн Аselsan компаниясына, 1% үлүшү Түркиянын  коргоо өнөр жайы комитетине таандык экен. Завод күндүз жана түндө көрө турган, негизинен, аскердик максаттагы  дүрбүлөрдү, мобилдүү байланыш каражаттарын, колго алып жүрүүчү радиостанцияларды, чалгындоо кызматтарына керектүү аспаптарды жана башка нанотехнологиялык өндүрүмдөрдү  чыгарат.

«Цесна-Астык»  холдингинде

Үч күндүк пресс-тур шаардагы «Цесна-Астык» данды кайра иштетүү холдингине баруу менен аяктады. Совет доорунда да аты маалым бул ишкана Казакстандын азык-түлүк тармагында лидерликти колдон чыгарбай келет. Буудай данын сактоо жана тазалоо менен даяр унду, макарондордун ар түрүн жана жем чыгара турган бул заводдун элеваторунда жыл сайын толукталып, 48 миң тоннанын тегерегинде дан сакталып турат. Тегирмени суткасына 450 тонна буудайды майдалай алат. Завод суткасына 165 тонна макарон продукцияларын, 5 тонна бешбармак, кесме, лапша продукцияларын чыгарууга жөндөмдүү. Мындан тышкары калдыктардын эсебинен бир суткада 200 тонна жем даярдалат. Ишкана заманбап жаңы технологиялар менен жабдылган. Жумуштун көпчүлүгү автоматташтырылган. Ошондуктан 236 адис­тик боюнча 700 кызматкер жумуш менен  камсыздалган.