Даун синдрому менен жабыркаган балдар мода көргөзмөсүнө катышты

Бишкектеги Jannat отелинде балдар мода көргөзмөсү өтүп, анда Даун синдрому менен жабыркаган балдар модель болушту. Иш-чаранын башкы максаты синдром оору эмес экенин көрсөтүү болгон.

Кечеде кичине балдар мода көрсөтүп, кара жорго жана вальс бийлешти. Келген көрүүчүлөрдүн да саны абдан көп болду. Алардын катарында атактуулардан Алия Шагиева, Ассоль Молдокматова, Айя Садырова, спортчу Айсулуу Тыныбекова келип балдарга колдоо көрсөтүп кетишти.

Уюштуруучулар «Сантерра» фонду бул иш-чарага бир айдай даярдык көрүлгөнүн билдирди.