Эл өкүлдөрү экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу боюнча сунушту жактырды

Депутаттар экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу боюнча “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү Жогорку Кеңештин отурумунун үчүнчү окуусунда эл өкүлдөрүнүн колдоосу менен жактырды.  Мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө 114 депутаттын 111и “макулдугун” берди.

Эске салсак, аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп чыккан депутаттар И.Масалиев менен К.Зулушев “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги жөнүндөгү” норма Конституцияда жазылбагандыктан 12-беренедеги экс-президенттин кол тийбестигин алып салууну сунушташкан.

Эл өкүлдөрү А.Кодуранова менен Т.Тиллаев экс-президент өлкө башында турганда жасаган иштери боюнча аны кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен экс-президенттин кол тийбестигин алууну сунушташкан. Эгер, ал президенттик ыйгарым укугун тапшыргандан кийин мыйзамды бузса, анда катардагы жарандардай эле мыйзам алдында жооп берет.

Мындан сырткары, эгер мурдагы өлкө башчы чоң саясатта калып, мамлекеттик кызматтарга келүүгө аракеттенсе, анда кол тийбестиги менен кошо башка дагы ыйгарым укуктарынан ажырай тургандыгы каралган.   (ВБ)