Акыркы үч айда бензиндин баасы 2,2 сомго арзандады

2019-жылдын 1-январынан тартып 1-апрелине чейинки убакытта Кыргызстанда бензиндин баасы орточо эсеп менен 2,2 сомго арзандады. Кыргызстанын нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматына таянсак, дизелдик күйүүчү май 1,3 сомго, башкача айтканда 2,8 пайызга арзандаган. Ошондой эле, 2019-жылдын январь айынан март айына чейин республикага 248,1 миң тонна май ташылып кирген. Анын — 120,2 миң тоннасы бензин, дизелдик күйүүчү май — 127,9 миң тонна.

«Нефтетрейдерлер Кыргызстанды май менен камыз кылуу боюнча тапшырманы ишке ашыруу менен республикадагы күйүүчү майга болгон талапты толугу менен жабат», — делет маалыматта.