Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

 Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Элик-Жон ылдый чуркап, күйүгүп келген Акбай карыя көпчүлүккө жетип-жетпей эле көмкөрөсүнөн кулады. Четте турган бирөө-экөө аны байкай коюп, эки колтугунан жөлөп-таяп өйдө кылышты.

– Балдар! Кагылайындар?! – күйүккөнүнөн да, коркконунан да жүрөгү катуу лакылдап, эки жигитке сүйөткөн абышка энтигип араң сүйлөдү, – Антпегиле, айланайындар?! Койгула?!.

Тили булдуруктап, өзүн жоготуп барып кайра эсине келе калып жаткан карыянын байбичеси аңгыча топтон чаркырап чыга келди да, абышкасына жабышып калды:

– О, Кудай, айланайын?! Сактай көр?! Бул эмнеси?!.. Эсиңе келчи, абышка?! Өзү араң жүргөндө минтип!.. Абышка?!

Анан бала-бакыра, келин-кесектери тегеректеп, чуркурап жиберишти. Ошол уруунун Акбай карыядан кийинки эле баш-көз болчу Ишенбай аттуу жылкычысы да жетип келип, сыңар тизелеп отура калды да, агасынын тамырын кармап:

– Бу сизге эмне болду, жарыктык?! – деди жактырбагандай, – Элди ойлобой, ажыдаардын уюгун аяганыңыз кандай?!

– Койгула де!.. – кансөлү качып, солуй түшкөн карыя инисине ишене да, сурана да тигилди.

– Коюңузчу, аба! – деди бирок Ишенбай. Чындыгында анын ичинде бала кезинен Асылбекке эрегишүү, жек көрүү бар эле. Айрыкча эс тартканы Сыргага арзып жүрүп, а бирок Асылбекке алдырып ийгенден бери жек көрүүсү башынан ашып кеткен! «Үйлөнсөм, балким баары өзгөрөт!» – деп канча курдай өзүн-өзү алдап, ишендирип да жүргөн. Бирок үйлөнгөндөн кийин деле эски жарасы айыккан жок! Тескерисинче жубайынын кылык-жоругун, баскан-турганын Сыргага эч окшоштура албай, туталана берчү адат тапкан. «Дартты убакыт айыктырат» дешет экен, а бирок Ишенбайдын жүрөгүндөгү кек ушунча жылдан бери кадимкисиндей жашап келет. Бир-эки курдай Сыргага капыл-тапыл кезиге калып, жан дүйнөсүндөгү «жакшы» ниеттерин билдиргенде ал зирпилдеп: «Экинчи андай сөзүңдү кулагыма угузба! Кайсы бетиң менен Асылбекке кара санагың келет?! Кайсы бетиң менен мага ушундай сөздөрдү айттың?!» – деп ыргып-секирип кеткен. Ишенбай байкап көрсө, ошондон бери анын Сыргага болгон эңсөөсү, сүйүүсү акырындап сууп, жек көрүүгө айланып кеткендей. Айтор, булардан кандай да болсо өч алгысы келип, кекенип калган. Ошол көптөн берки күткөн күнү бүгүн келгендей дегдеп турганында анан карабайсыңбы, агасынын айтып турганын!

Чөптөн уланган өрт улам тегерек-белди жалмап, кыпкызыл жалын асманга буруксуган кара түтүнүн бүркүп, ызы-чуу, кыйкырык-сүрөөн көбөйүп, тилсиз жоо бүт айылды жарык кыла алоолонуп, улам күчүнө кире баштады! Моокуму кангандай, эл үйдөн четтей берип, карап турушту. Эсине келе түшкөн Акбай карыя гана ордунан турду да, колдон-буттан кармаган адамдарды туш-тушка итерип таштап, үйдү көздөй чуркады. Бу кезде өрт үйдүн каршы-терши бекитилген каалга-эшиктерине жабышып калган! Карыя терезеге жабыша калып, жандалбастап үйдүн ичин шыкаалап, бирок көзүнө эч кимди чалдыктыра албай жатты! Кокус Асылбектин үй-бүлөсү сыртка чыга качууга аракет кылса, атып салуу үчүн ар бир эшик-терезеде мылтыкчандар турат! Алардын арасында Абылай менен Ишенбай да бар экен:

– Балдар! Кагылайындар?! Мунуңар жарабайт! Минткениңер жакшы эмес! Эсиңерге келгиле?! Деги эмне болуп калгансыңар?! Кудайга жакпайт мунуңар?! Эл эмне дейт?! Эртең атагыбыз алыска чыгып, шерменде болобуз, кокуй?! – деп баардык нерсе ошол куралчандардын гана колунда тургандай, ар биринин алдына барып тизелеп отура калып жатты карыя. Тебетейи адеп жыгылганда эле жерге «күп!» этип кулап, туруп келатып эңип ала койгон карыя дагы эле ошол бойдон жылаңбаш, баш кийимин колуна кармап алып, аппак сакалы көз жашына чыланып, эми жалпы элден жооп күтүп, аларды карай чөгөлөп отура калды. Бала-бакырасы атайылап тосуп алган курчоодон өтө албай, чурулдап турушту.

– Сакалың өрттөнгүр! – дешти айрымдары Акбай карыяны жактырбай, – Мунун да бир балакети бар го?!.

– Апе-ей, бар болгондо да кандай?! – деди аялдардын бири жанындагыга шыбырай, – Ботом, Асылбек бу кишиге бекер жеринен окшошуп калыптырбы?!.

– Койсоңчу?!

– Койбой эле, ыраматылык кайненем айтып калчу…

Окшоштук издегендей экинчиси унчукпай, тунжурай калды да:

– Апе-ей, чын эле… Ырас айтасың, ай! – деди ынангандай. Аңгыча, бая жолдо келатканда эле Акбай карыяга боор тартып, ошол тарапка кылчактап карай берген жигит элди жарып, Акбай карыяны көздөй жүткүндү. Жетип келип эле карыяны баладай тап-так көтөрүп тургузду да, анын ордуна өзү тизелеп отура калып, кечирим сурагандай карыянын колдорун өөп, чекесине тийгизди. Эл саамга жымжырт болуп, ушул убакта «тырс-турс!» эткен гана оттун дабышы угулуп калды.

– Эл-журт!!! – деди анан жигит ошол эле жерде, карыяга катарлаш тура калып, – Али да кеч эмес, агайынд ар?! Биринчиден эл башы, журт башы – аксакал атабыздын айтканын эки кылып, минтип кор тутканыбыз жакшылыкка алып келбейт! Экинчиден, эгерде чындап эле бул ишке ажыдаарлардын тиешеси бар болсо, анда бул иш ушуну менен тынчыбайт!

– Бу кайсы бала эле?! – дешти кары-картаңдардын ичинен бир-экөө.

– Ботом, Бүбү байбиченин улуу небереси эмеспи! – дешти ага жооп кылгандар. – Дербиш болуп кеткенчи?

– Апей, келип калыптырбы? Эмне таап келиптир ботом?

– Эл көрүп, жер көрүп, илим издеп жүрөт имиш.

– Ии…

– Чоң энемдин жыландар тууралуу жомогун көп уккамын! – деп сөзүн улап жатты жигит, – «Үйүңө кирип келген жыланды ак менен узат» дечү энем! Андай эле Кызмончок жылан экен, айылдан жакшылык менен узатып коёлу! Болбосо, жылан деген кекчил болот! Эртең башкалары кун кууп келсе кантесиңер?! «Ажыдаардын куйругун баспа!» деген кеп бекер айтылыппы?!

– Корксоң жолуң ачык! Тентип көнгөн жаның, кете бер! – деди элдин арасынан бирөө. Анткен менен элдин басымдуу көпчүлүгү жигиттин сөзүнө ынангандай, бир аз жандана түшүштү. Ошондон пайдаланган Сүйүнбай күрмөсүн шапа-шупа чече салып, өрттү туш келди койгулап өчүрө баштады. Ага Акбай карыя, дагы экөө-үчөө, көп өтпөй эле көпчүлүк кошулуп, тээ бир убакта жалбырттаган кызыл жалындын ордуна айылды буруксуган кара түтүн каптап калды. Баятан бери өрт өчүргөндөрдү арытан карап, элден оолак турган Абылай, Канымет, Таңырбай, Ишенбай сыяктуулар гана жерге «чыйт!» түкүрүшүп, көксөөлөрү канбай калгандай, кимдир бирөөлөргө ызырынып, нааразы болуп турушту.

– Андай болсо, Асылбек эртеңден калбай журттан кетсин! – дешти алар. – Бул ага акыркы эскертүү! А кокус кетпейт экен, анда эсине салып койгула, эмкиде эч ким, эч нерсе элди токтото албайт!!!

* * *

Элди аралап, каптап кирип келүүгө бир аз эле кадамдар калганда Жандын улагына ушул үн «шак!» эте түштү да, тикесинен тура калып, арттагы жыландарды токтотту. Жан адамдар тараптан, болгондо да Кызмончоктордун үйү тараптан асманга жалын чачып, жалбырттаган отту көрүп, ою жамандыкка ооп, азыр барып бүт айылдын элин ойрон кылып таштоочудай келаткан. Таңырбайдын азыркы: «Эртеңден калбай көчүп кетишсин!» – дегенинен улам, Кызмончоктун ата-энеси менен аман-эсен экенине көзү жетти да, саамга кулак түрүп, элди тыңшады.

– Кетсин! Көчүп кетишсин! Эртең күн кылайып чык канча бул жерден изин суутуп кетишпесе, тирүүлөй таш бараңга алабыз! Макулсуңарбы, эл-журт?! – деди Канымет. Эл макул болуп, кужулдап жай-жайына тарамай болушканда:

– Айланайындар?! – деп «чар-р» эткен аялдын үнү анча алыс эмес жерде токтоп калган жыландарды кошо «селт» эттирди. Качантан бери төшөктө жаткан Абылайдын аялы – Сайра экен.

– Айланайындар! Кара көзүмдү кашайттыңарбы, кокуй?! Уулум кана?! Кана уулум, кокуй?!

Аял эки бетин жошодой тытып, чачын жулуп, жер сүзүп жыгылганда карыган жорудай калдалактап жетип келген Абылай аялын өйдө кылып:

– Кантет?! Кантет?! Уулуң бар!!! Анакей, Асылбектикинде! – деп үй жакты жаңсагылап ийди. Абалкыдан алда качан эле оңолуп, бирок жыландан коркуп, элге кошулуп келе албай үйүндө калган Сайранын чыдамы кетип, уулуна түтпөй жетип келген болчу.

– Канакей?! – деди чачы-башы саксайып, күйөөсүнө жалдырай тиктеп, – Кана балам?! Апкелем деп кетпедиң беле?!

– Азыр!

Абылай эми эсине келгендей Сайраны таштай коюп, Асылбектин үйүн көздөй чуркады. Жанагысындай терезеге чап жабышып, бирок көзүнө эч нерсе көрүнбөй, ошентсе да бир чети Сайраны жоошутмакка:

– Уулум?! Жүрү кетели?! Жүрө гой?! Жүрчү, Беки?! Антпесең апаң өлүп калат! Тигине, а жерде ыйлап отурат! – деп сүйлөнө берди. Жооп болгон жок! Андан кийин Абылай жүгүрүп жетип, чала күйгөн эшикти жанталашып ача баштады. Ага дагы эки-үчөө жардам берип, үйгө кирип барышты эле… үйдө эч ким жок болуп чыкты! Ар кимисинин ою ар башка кетти. Бирок ким-кимиси Асылбектин үй бүлөсү, Бектемир кошо жыланга айланып, көздөн кайым болуп кеткен өңдүү түшүнүштү!..

(уландысы бар)

Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп): 1 комментарий

Комментарии запрещены.