Артка тарткан жагдайлар ачык айтылды

Өткөн аптанын соңунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы астында Өкмөттүн кеңейтилген жыйыны өттү. Күн тартибинде ичүүчү таза суу маселеси, өткөн күз-кыш жылытуу мезгилинин жыйынтыктары жана алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыктар, материалдык жана материалдык эмес активдерди инвентаризациялоо, идентификациялоо, аларды кайра баалоо жана эсебин алуу маселеси, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кол коюлган келишимдердин аткарылышы, “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылышы сыяктуу маселелер каралды.

Энергетик эки жетекчинин эски жомогу

Өлкөбүздүн энергетикасы боюнча баяндама жасаган өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов менен «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкадыровдун маалыматы Өкмөт башчынын кыжырын кайнатып, бул тармакта чечкиндүү кадамдар жасалбай жаткандыгы катуу сынга алынды. Өз сөзүндө Мухаммедкалый Дүйшекеевич:

– Энергетика – экономиканын артыкчылыктуу тармагы. 40 мүнөттүн ичинде эки жетекчинин баяндамаларын уктук, бирок конкреттүү эч нерсе жок. Жыл сайын окшош эле маселелер айтыла берет. Бул жомокту биз 20 жылдан бери угуп келе жатабыз. Муну менен бирге абалды жакшыртуу боюнча эч кандай таасирдүү кадамдар жасалган эмес. Ошол эле учурда энергетика тармагы – экономиканын эң негизги өзөгү болуп саналат. Иштеп баштагыла, электр эсептегичтерди чыгарууну уюштургула. Продукцияларды – ошол эле зымдарды, электр чубалгыларын, трансформаторлорду импорттобой, ата-мекендик өндүрүштү колдоо керек. Ушул аркылуу миллиондогон сомдорду табууга болот. Силерде 1,4 млн. абонент бар, ушунча сандагы эсептегичтерди башка өлкөлөрдөн алып келбестен, чыгарса болбойбу? Жогоруда аталган продукцияларды биздин өлкөдө өндүрүүнү уюштуруу кыйынбы?

– Тарифтер кандай түзүлөөрү жана алар эмнеден турары жарандарга түшүнүксүз. Ал эми силер ортомчу компаниялардын кызматтарын пайдаланасыңар, алар мындан акча жасашат. Мына, сиз 4,5 млрд. сом карыз топтолгон деп жатасыз. Электр энергиясын экспорттоо менен 1 млрд. сом иштеп табабыз дейсиңер, калган 3,5 млрд. сомду эмне салык төлөөчүлөр төлөшү керекпи? 2028-жылы энергетика тармагына алынган насыялар үчүн жылына 10 млрд. сом төлөп баштоо керек. Мындай темп менен биз аткара албайбыз. Ошондуктан бул жерде сүйлөгөндө, тармактын келечеги тууралуу айтуу зарыл. Мисалы, учурда бир катар ири энергетикалык объекттерди реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Силер электр энергиясынын көлөмү канчалык көбөйө турганы жана тармак канча киреше табары, анын ичинде өзүнүн өнүгүүсү үчүн канчалык иштей турганы жөнүндө айтышыңар керек.

Орусия менен алака ойдогудай

Премьер-министр  Россия  Президенти В.Путиндин сапарынын алкагында мунайзат тармагында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлганын айтып:

– Бул тармакка стратегиялык инвестор келүүсү үчүн кызматташуунун жол картасы иштелип чыгат. Биз чечимдерди биздин экономикага болгон салымын, ишке ашырыла турган социалдык программаларды, канча жумуш орду түзүлөрүн, канча салык түшөрүн эске алуу менен кабыл алабыз. Эгерде бул биздин кызыкчылыктарга жооп берсе, анда чечим кабыл алынат. Каршы чыккандар экономикада эч нерсени түшүнбөгөндөр же жөн гана мунайзат тармагыбыздын өнүгүүсүн каалабагандар. Биз атамекендик экономиканы өнүктүрүүгө шарт түзгөн жана албетте, биздин мыйзамдарга жооп берген туура саясатты жүргүзөбүз.

— Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын негизги стратегиялык жана ишенимдүү эко-номикалык өнөктөшү бойдон калат. Орус президентинин сапары учурунда 6 млрд. 135 млн. АКШ доллары көлөмүндөгү 53 документке жана Өкмөттөр аралык 4 макулдашууга кол  коюлду. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы тышкы соода жүгүртүүбүз 6,7 млрд. АКШ долларын түзүп, 6,6%га көбөйгөн. Ал эми Россия менен – 1,6 млрд.га чыгып, өткөн жылга салыштырмалуу 56 млн. АКШ долларына өскөн. Россиядан келген чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 123 млн. АКШ долларын түзүп, 25% өсүш катталды. Албетте, биздин мамилелерибиздеги эң чоң потенциалдын бар экендигин эске алсак, бул көрсөткүчтөр аздык кылат. Бүгүнкү күнү республикада дээрлик 700гө жакын биргелешкен орус-кыргыз ишканалары иштейт. Биздин милдет жакынкы аралыкта Россия менен соода жүгүртүүбүздү 2 млрд. АКШ долларына жеткиришибиз керек. Атамекендик товарлардын 80%ы Россияга экспорттолот жана Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүндө дагы чоң суроо-талапка ээ болуп баратат.

Чек ара бекеттери штаттык режимде иштөөдө

Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы айрым маселелер, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал дагы Өкмөттүк жыйындын башкы темасы болду.

— Биз Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кол коюлган келишимдердин аткарылышын талап кылабыз. Мен Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен үч ирет сүйлөштүм. Кыргыз Республикасынын делегациясы Казакстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана биз макулдашууларга жетиштик, алардын натыйжасын жакынкы күндөрү көрөбүз. Биз келишимдердин аткарылышына жетишүүгө аракет көрөбүз. Өкмөттүн аракетсиздиги тууралуу айтып жаткандарга түшүндүрө кетсем, экономикалык мүнөздөгү маселелер бар, аларды чечүү конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жана дыкат ойлонулган мамилени талап кылат- деди Премьер-министр.

Учурда кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштады. Казак тарап 2019-жылдын 5-апрелинен тартып калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унааларды мурдагы режимде өткөрө баштады. Жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалардын токтотулушу боюнча маселе толук түрдө чечилүүсү күтүлүүдө.

Жол кырсыгы 44,4 пайызга кыскарды

Көпчүлүк колдоого алган “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргизилгенден бери жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны өткөн жылдын  көрсөткүчтөрүнө  салыштырмалуу 44,4% кыскарганын ИИМ министри Кашкар Жунушалиев кабарлады. Анын маалыматы боюнча, жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын саны 37,5% кыскарган, 38 миң 385 тийиштүү протокол толтурулган. 40 миң 586 бузуу катталып, алардын ичинен 15 миң 411 айыппул 15 күндүн ичинде 20 млн. 202 миң сом суммасында төлөнгөн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул долбоорду ишке ашыруунун максаты айыппулдун эсебинен көп каражат жыйноо эмес, жарандардын – жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо жана адам өмүрлөрүн сактоо болуп саналат.

— 2019-жылдын 20-апрелине чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу башталат жана жыл аягына чейин бардык ири шаарларда жана республиканын трассаларында жол кыймылынын эрежесин бузууларды каттай турган видеобайкоо камералары орнотулмакчы. Буга чейин жыл сайын дээрлик миңдей адам жолдордо каза тапкан болсо, бул санды биз эки эсе кыскарта алсак, анда ушул биздин жеңишибиз болот. Дагы бир ирет белгилей кетсем, биздин милдет – жолдордо адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу.

Чар жайыттыкка жол берилбейт!

Ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо департаментинин директору Аскарбек Токтошев өз баяндамасында “2001-жылдан 2011-жылга чейин реконструкциядан өткөн Кыргызстандын  57  айылындагы  суу  менен камсыздоо системасы иштен чыкканын” айтты. Бир айылдын эски түтүгүн экинчи айылга алып барып салган көрүнүштөр болгонун айткан Өкмөт башчы:

— Учурда 57 айылда суу менен камсыздоо объекттеринде кайра оңдоо жүрүп жатат. Бул кор-рупциялык механизмдердин бар экендигин айтып турат. Эски түтүктөрдү орнотуу фактылары бар жана бул үчүн эч ким жоопкерчилик албайт. Сапатсыз материалдарды пайдалануу бизди кайрадан оңдоого мажбур кылууда. Сиздер билгендей, бул тармакка ири каражаттар тартылат. Жер-жерлерде долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү жетекчилердин жоопкерчилигин так аныктоого тийишпиз– деди.

Тиленбек Азык