Көрүнө окуялардын көмүскө жактары: Бир нерсени жасоодон мурда качан ойлонобуз?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Өткөн жума күнкү нөшөр чиновниктерибиздин Бишкектеги дагы бир алешемдигин ашкереледи. Анткени, биздеги жол боюндагы арык тармагы мындай нөшөргө даяр эмес экендиги көрүндү, жаан суусу арыктардан ташып жолдорду каптап жатты.

Андан да жаманы – борборубуздун көчөлөрүнүн жолдору суунун жол боюндагы арыктарга агып кете тургандай жасалбаганы көрүндү. Натыйжада жолдорду суу каптап, анда жүргөн  коомдук транспорт каражаттары ал сууну аялдамаларда транспорт каражаттарын күтүп турган шаардыктарга чачыратып жатышты.

Ошол эле учурда жөө адамдар да “жабыркашты”. Себеби, биз билгенден эле Абдрахманов жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн боюндагы тротуарлар газондон төмөн болгондуктан, жаан суусу тротуарды каптап, а адамдар газонду тебелегенге аргасыз болуп жатышты.