5-июнга карата аба ырайы

Өлкө боюнча 5-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде нөшөрлөп жаан жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17 күндүз 23…28

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16 күндүз 23…28

Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында түнкүсүн 14…19 күндүз 23…28

Баткен областында түнкүсүн 14…19 күндүз 23…28

Ысык-Көл областында түнкүсүн 8…13 күндүз 14…19

Нарын областында түнкүсүн 8…13 күндүз 16…21

Бишкек шаарында 5-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы  түнкүсүн 14…16  күндүз 25…27 болот.

Булак: © Кыргызгидромет