Экономика министри Олег ПАНКРАТОВ: «Инвестиция тартуунун жолу кеңейди»

Кыргызстанга инвестиция тартууда, соода-экономикалык алакада, саясый жана маданий байланыштарда Россиянын орду чоң экени талашсыз. Марттын аягында РФнын Президенти В.Путиндин Кыргызстанга иш сапары менен келишинин алкагында алака катыштын бир катар жаңы багыттары ачылды. Ушул жагдайлар туурасында айтып берүү үчүн Экономика министри Олег Панкратовду сөзгө тарттык.

–  Олег  Михайлович,  2011-жылдан баштап, Россия-Кыргызстан тараптын региондор аралык байланышта-ры боюнча дээрлик жети жолу форум өтүптүр. Бул жолку сегизинчи конференциясы эмнеси менен өзгөчөлөндү?

– «Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери» аталыштагы сегизинчи конференция региондор аралык кызматташтыкка арналды. Анда өндүрүш кооперациясы, тоо-кен тармагы, айыл чарбасы, транспорт, санариптештирүү жана финансылык тармактарды биргелешип өнүктүрүү ж.б. кызматташтык тууралуу эки күн бою кызуу талкуу болду. Бул жолку иш-чаралар жемиштүү болгондугун эки мамлекеттин кызматташтыгынын багыттары боюнча бир катар инвестициялык жана соода жүгүртүү боюнча 53 документтин жалпы суммасы 6 млрд. 135 млн. доллар көлөмүндөгү макулдашууга кол коюлгандыгын айтсак болот. Мисалы, инвестициялык кызматташтык боюнча 35 документ 5,5 млрд. долларды түздү. Мындан тышкары, соода келишими боюнча 18 документ 620,16 млн. долларды, энергетика тармагы боюнча 2 документ 2,5 млрд. долларды, кен байлыктарды пайдалануу өнөр жай тармагы боюнча 3 документ 1,73 млрд. долларды, өнөр жай тармагы боюнча 5 документ 537,5 млн. долларды, соода логистикалык, айыл чарба жана агроөнөр жай комплексине 17 документ 497,2 млн. долларды, транспорт тармагы боюнча 2 документ 100 млн. долларды түзүп, аталган тармактар ж.б. боюнча келишимдерге кол коюлду.

Бул  жолку  конференцияда  менчиктин түрүнө  карабай  чарба  субъектилеринин ортосундагы  экономикалык  кызматташтыкты  кеңейтүүгө  өзгөчө  көңүл  бурулду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өндүрүштүктехникалык багыттагы продукцияларды, чийки заттарды, тиричиликке колдонуучу товарларды, жашылча-жемиштерди Россиянын региондоруна ташып жеткирүүгө жагымдуу шарт түзүү, жасалма тоскоолдуктарды алып салуу боюнча конкреттүү сүйлөшүүлөр болду. Кыргыз-Россиялык экономикалык кызматташтыгы ЕАЭБдин алкагында да, эки мамлекеттин ортосунда да жыл сайын өнүгүп жана бекемделип бара жатканын тастыктай алабыз. Россия биздин эң башкы соода-экономикалык өнөктөшүбүз экенин өткөн доорлордун тарыхы тастыктап турат. Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 1,6 млрд. долларды түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 4 пайызга жогорулады. Мындан ары, облустар менен облустардын, шаарлар менен шаарлардын жана бизнес чөйрөсүнүн тыгыз кызматташтыгы өз натыйжасын берет деп ойлойм.

КРнын Президенти С.Жээнбековдун жарлыгы менен 2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы болуп аталды. Ушуга байланыштуу алдыдагы беш жыл ичинде бир катар стратегиялык милдеттер тагылып, алыскы аймактарга чейин олуттуу, позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасашыбыз керек. Ошондуктан биз кыргыз-россиялык региондор аралык кызматташтыкка абдан чоң маани беришибиз керек.

– Инвестиция тартууга мындай иш-чаралар канчалык таасир этет деп ойлойсуз?

–  Бизнес  жүргүзүү  боюнча  ишкерлер-ге консультацияларды берип, маалыматтар менен камсыздоо максатында “Ишкерлерди тейлөө борборлорун” бардык аймактарда ачканы жатабыз. Адегенде мындай борбордун экөөсү Бишкекте жана Ошто ачылат. Себеби, өзүбүздүн ишкер болобу же чет элдин бизнесмени болобу алар Кыргызстан өлкөсүндө бизнести колдой турган мыйзамдарды, түрдүү жеңилдиктерди билиши керек. Ушундай кадамдар кыргыз-россиялык региондор аралык кызматташтыктын алкагында бизге инвестициялардын тартылуусуна  өбөлгө  түзөрүнөн  үмүт  чоң.  Бул жолу биринчи ирет эки өлкөнүн региондор  аралык  кызматташуу  конференциясы  жогорку  деңгээлде,  ири  масштабда өттү.

Россиянын ири бизнес чөйрөсүнүн арасында «Русэлпром» электротехникалык концерни, “Газпром” компаниясы, Россиянын темир жол ишканасы, “Союзбазальт” базальт индустриясын өнүктүрүү союзу, “Росгеология” АК ж.б. компаниялары келишти. Андан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын, Евразиялык өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнүн катышуусу региондор аралык долбоорлор эле эмес, экономикабыздын өнүгүшүнө өбөлгө түзө турган ири инвестициялык долбоорлор-ду ишке ашырууга өбөлгө түзөт деп ойлойм. Россиянын чоң делегациясын жетектеп келген РФнын экономиканы өнүктүрүү министри М.Орешкин кесиптешим менен эки тарап ишке ашыруучу бир катар маселелерди талкууладык. Иш-чаранын катышуучулары ЕАЭБдин алкагында санариптештирүү кызматташтыгын кеңейтүү, агро өнөр-жай тармагын унаа-логистикалык системасы менен кошо комплекстүү өнүктүрүү, эки өлкөнүн инвестициялык жана финансылык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн механизмдерин колго алууну талкууладык. Айрыкча региондор аралык кызматташтык боюнча олуттуу документтерге кол коюлду.

Мисалы, Кыргызстан менен Башкортостан Республикасынын товар жүгүртүүсү мурдагыга салыштырмалуу кыйла өсүшү керек. Биз бул тууралуу конференциянын алкагында Башкортостандын башчысы Радий Хабиров менен макулдаштык. Андан тышкары, ал жактан түз инвестиция тартуу, кол коюлган соода-экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык, гуманитардык жана маданий кызматташтык боюнча келишимдерди ишке ашыруунун жол картасын иштеп чыгып, ишке ашырууну сүйлөштүк. Мындан ары Тюмень облусунун ири соода  борборлоруна  кыргыз  фермерлеринин айыл чарба продукциялары ташылып сатыла баштайт. Алар менен соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык келишимге  аталган  облустун  губернатору Александр Моор менен кол коюлду. Андан тышкары, жергебизде туризмди өнүктүрүү, өлкөбүздүн аймагында соода-логистикалык борборлорду  куруу  сыяктуу  сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле РФнын Коми Республикасы, Свердлов облусу, Евразия өнүктүрүү фон-ду, “Росагромаркетинг-Холдинг” компаниясы, Россиянын түз инвестициялар фонду ж.б. бир нече тараптар менен келишимдерге кол коюлду.

Назира АЛИЕВА