КҮНКЕСЕЛ (Үчөө)


Буга чейинкисин бул жерден окусаңыз болот

Жибек да ошону байкай койгон. Көздөрүн жашылдантып, аларды карап жаткан иттин абалын түшүнгөндөй, үй-бүлөсүнө болгон сагынычын сезгендей, иттин бечара кебетесине боору ооругандай аны аялуу тиктеп, куурчакты бере салып жатпайбы… Кумайыктын ошондогу кубанганычы! Кичинекей балдардын чоң кишилерге караганда сезимталдыгы күчтүү.

Ошондо ойноп жаткан кыздардын энелеринин ызы-чуу салганын айтпа!.. Тим эле короолоруна карышкыр киргендей кыйкырык-сүрөөн салышып, чаң-тополоң кылып ийишкен.

Ал мындайча болгон…

***

Ошол күнү да ит адатынча наабайчынын жанында боортоктоп жатып, бир убакта: “Мен эми кетейин, берчүңдү бер?” – дегендей ордунан туруп, шыйпаңдай баштаган.

Наабайчы да, күнүнө бир маал келип нан алып кетчү Кумайыкты жакынсып калган. Анан калса, башка иттердей олжосун ошо жерден эле “ап!” эттире сугунуп коюп  туруп калбай, тиштеп алып каяккадыр көздөн кайым болуп кетчү иттин жоругуна таң калып да, сонуркап да, анын кайдан келип, кайда кетип жүргөнүн билүүгө куштарланып да жүрчү. Бу саам да иттин кеткиси келип, кыйпычыктай баштаганын байкай коюп:

— Кетесиңби? Коё турбайт белең? Ме гой, ала гой,– деп май токочту ыргытпай, сунуп берген. Башта, ал нанды канчалык көкөлөтүп ыргыткан сайын, Кумайык да жаны-алы калбай жанталашып, жерге түшүрбөй тосуп калууга аракеттенет эле бечара. Кишиге ошонусу кызык болчу.

Бирок бу саам анткен жок. Ит да анын колун тиштеп албайын дегендей, нанды ооз учу менен акырын илип алды да, ыраазы экенин билдиргендей куйругун шыйпаңдатып коюп жөнөп кетти.

Жаңы бышып, жыты буркураган нанды тиштеп алып, кепесин көздөй келатып, бактын тушуна келгенде, жыгач отургучка оюнчуктарын жайып алышып, божурап ойноп жаткан кыздарга буйдала калган. Аруузат менен чогуу ойногон  кошуна кыздар экен! Болгону эле, баягыга караганда бойлору өсүп, чоңойгонсуп калышыптыр. Умсуна тиктеп калды ит. Ошо убакта көзүнө Аруузаттын куурчак кармаган колдору көрүнө түшүп, бүт тулку бою ит дүйнөсү менен кошо бир “селт” этип алды! Серпиле түшүп, дагы жакшылап тиктеди! Айткандай эле, алиги коңшу кыздардын бири Аруузаттын  куурчагын көтөрүп туруптур!

Ализаны жазбай тааныды. Аны тааныбай калууга мүмкүн эмес болчу! Анткени, ошол куурчак менен Кумайык Аруузаттын үйүнө чогуу келишкен! Ошол кечте Аруузаттын атасы борсойгон Кумайыкты бир колтугуна, жакшынакай куурчакты бир колтугуна кыстарып, ушунчалык кубанып кирип келбеди беле!

Анда Аруузат али баса элек, бирок жан-алы калбай жөрмөлөп жүргөн кыз болчу. Бирде куурчагынын көздөрүн, оозун чукулап,  бирде тил-оозсуз, жансыз немеден тажагандай ары ыргытып жиберип, бойполоңдоп качкан Кумайыкка жармашчу. А бирок кийин, там-туң басып калган кезде куурчагын колунан түшүрбөй калган. Ошону билген Кумайык да, ал уктап турганда же тек гана эркелеп ыйлай баштаганда Ализаны издеп таап, тиштеп келип алдына таштачу.

— Айиза, — деп куурчагына божурап,  алаксып калчу кыз.

Аруузаттын куурчагына кыздар-балдардын баары ашык эле. Айрыкча, азыркы Жибек аттуу сары кыз бир канча жолу Аруузаттын колунан талашып, чырылдап ыйлаганы эсинде. Көп өтпөй ага да ата-энеси ошондой куурчак сатып беришкен. Бирок, баары бир эле Жибек  Ализага кызыга берчү. Анткени ал эч бир куурчакка окшобогон, кудум Аруузаттын өзүндөй сүйкүмдүү, анан калса экиге бөлүп өргөн чачы күнгө чагылыша кулпуруп, барпыраган ак көйнөгү да эң эле жарашыктуу болчу.

Ализаны Кумайык да жакшы көрчү. Кээде анын кыймылдабай, баспай, үн чыгарбай отура, же  жата бергенине чыдамы жетпей, жан киргизип жиберчүдөй маңдайында жата калып, тура калып, же айланып-тегеренип чуркап, борсулдап үрүп атса, аны көргөндөр көзүнөн жаш аккыча күлүп калышчу.

Айтор, Кумайык аны Аруузаттан башка эч кимге ыраа көрчү эмес. Кокус куурчак башка бирөөнүн колуна тийип калса, дароо ордунан ыргып туруп, ачуулана баштачу. Ошон үчүн кыздар-балдар Ализаны кармагандан бара-бара жазганчу болушкан.

Эми да ошол сезими ойгонуп кетти анын. Эмне кылаарын билбей жаткандай  кыйпычыктап, боортоктоп жата калып кыңшылап жиберди. Бир убакта анан оюна бир нерсе түшүп кеткендей ээнирээк жакка чуркап барып, бактын түбүн чукулап казып жиберди да, оозундагы токочун көмө салып, кайра бери чуркады.

Айткандай эле, кыз бир колуна куурчагын, бир колуна чака-чайнегин көтөрүп, кеткенге камынып калыптыр…

Ит аларды коркутуп албайын дегендей, берирээкте куйругун шыйпаңдата акырын үрүп, үн чыгарган болду эле, балдар-кыздар аны жабыла карап калышты. Кумайык алардын өңдөрүнөн, көздөрүнөн коркунучтун белгисин көргөн жок. Тескерисинче, аларды карап турган, боорукер көздөнгөн кызгылтым итти качандыр, каяктандыр көргөндөй, буйдалып турушкан болчу.

(Уландысы бар)