Лондондогу теракттан каза тапкандар арасында кыргыз жарандарынын бар жогу текшерилүүдө

Эки жарым айдын ичинде Улуу Британияда ушуну менен үчүнчү жолу террордук кол салуу болду. Ошол себептүү өлкөнүн тышкы иштер министрлиги Лондондо түндө болгон теракттан курман болгондор арасында кыргыз жарандарынын бар-жогун тактап жатат. Бул тууралуу ТИМ өкүлү Айымкан Кулукеева интернеттеги баракчасына жазды.

Эске сала кетсек, кечээ түнү Лондон шаарынын Лондон бридж көпүрөсүнүн жөө кишилер өтө турган тилкесинде элге үч террорист бычак менен кол салган. Анда 6 адам каза таап, 50 жакын киши ооруканага жеткирилген.