Президенттин маалымат катчысы Атамбаевге жооп кылды

Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева президент Сооронбай Жээнбековго карата Алмазбек Атамбаев тарабынан айтылган сөздөргө жооп кылды.

Билдирүү оңдоп-түзөөлөрсүз берилди.

1-бөлүк.

Алмаз Шаршеновичтин кыргызстандыктарга таңуулап келаткан таарынычы, жүйөсү- «Жээнбековду Премьер кылгам, кийин президент кылгам, эми болсо Жээнбеков мени сатып кетти» дегени.

Эске салсам, С.Жээнбековдун премьерликке талапкерлиги парламенттин комитетинде каралып жатканда ал «Премьер болоюн деген оюм жок болчу» деп агынан жарылган. Бул чындык. Демек, премьерлик кызмат Жээнбековго эмес, Атамбаевге керек болгон деп жоромолдосок болчудай. Эмне үчүн, аны бир Атамбаев билбесе, башка эч ким билбейт.

Бирок, Жээнбеков өкмөттө өзүнө тийиштүү эмгекчилдиги менен, майын чыгара иштеди. Өкмөт башчысы кызматынан жүзү жарык кетти. Өкмөт мүчөлөрү, аппарат кызматкерлери да Жээнбековдун жетекчилигинде бир ыргакта майнаптуу иштегенбиз.

Премьерлик ишине тийиштүү майда, бирок маанилүү бир деталды айта кетейин.

Жума сайын коомчулукка кайсы маселени жеткирүү пландалчу.

Ал план кийин узун тизмеге айланды. Жыйынтыгында, премьер Сооронбай Жээнбековдун ишин толук канааттануу менен жыйынтыктаганбыз.

Анткени, 1 жыл 4 айда пландалган иш чаралардын баардыгы аткарылып, бир гана убадасы аткарылбай калган — «Ак кула» ипподрому ремонттолбой калды.

Ал дагы Жээнбековдун катачылыгы эмес эле. Алдын ала бөлүнгөн 300 млн. сом акча кийин негедир башка багытка бурулуп кеткен…

Азыр да бул маселе Президенттин көңүлүндө. Буйруса, Бишкекте жаңы стадион курулат, ипподром ремонттолот.

Баса, Жээнбеков акыркы жылдардагы мыкты Өкмөт башчы болду деп Алмаз Шаршеновичтин да өзүнүн айткан жайы бар. Ал факт.

2-бөлүк.

…2016-жылдын декабрынан тартып, «СДПКдан ким президентикке талапкер болот, ким президент болот, Алмаз Шаршенович кимге токтолот» деген сөз күчөдү. С.Жээнбеков бизге «Алмаз Шаршенович кимди колдосо, ошол талапкерге иштейбиз» деп багыт берип жатты.

2017-жылдын май айына чейин СДПКнын атынан ким талапкер болот деген так-таасын маалымат болгон жок.

Көп өтпөй, С.Жээнбеков потенциалдуу талапкер атала баштады.

Ошондой күндөрдүн биринде мени Премьер-министрдин медиа өкүлү катары «Форумга» чакырышты.

Ал жерде С.Жээнбековду президенттикке сүрөй турган Фарид Ниязов баштаган СДПКнын интеллектуалдык-медиалык каймагы чогулуптур.

Эң негизги идеологдор – Фарид Ниязов, Эльвира Сариева, раматылык Султан Жумагулов экен. Калгандары келечекте Талапкердин штабында иштей турган телеканалдын жетекчилери, блогерлер, журналисттер.

Аларды бир гана суроо түйшөлтүп турган экен – «Алмаз Шаршенович жаштарды алып келем деди эле, эми болсо жаш эмес, «не публичный, не привлекательный» Жээнбековду кантип сүрөйбүз, мындан көрө Сапар Исаковду сүрөсөк болмок» деп, ачык эле ызы чуу түшүштү.

Фарид Ниязов менден ошол жердеги талкууну Жээнбековго айтпоону өтүндү.

Талкуунун жыйынтыгында Султан агайдын сунушу менен талапкер Жээнбековдун образына негизги сүртүм – анын тазалыгы боло турган болду.

Ал жолугушуудан мен «СДПК деп ишенген командасынын ниети ушундай болсо, президенттик таймашта жеңишке жетиш оңой болбойт го» деп, ындыным өчүп кайттым.

Кийин бул ойлорум чындыкка жакын болуп чыкты. Аларга кийинки бөлүктөрдө токтолом…

3-бөлүк

…СДПКнын сьездине даярдык күчүндө.

Талапкер Жээнбековдун программалык сөзү даярдалууда.

Фарид Ниязов Штабдын сунушу деп, 300 баракка жакын, ар кайсы адабияттардан чогултулган долбоорду алып келди.

Анын чийки экени дароо көзгө урунду.

Арасында эсте калганы – «Экс президент Атамбаев Улуттук кеңешти башкарат» дегени.

Ошондо эле, кийин Атамбаев Жээнбековго таарынып айткандай, «Атамбаев Кыргыздын Ден Сяопини» болушу керек деген план даярдалып жаткан экен.

СДПК съезди талапкер катары Жээнбековду көрсөтөт делген менен, талапкер болчу Жээнбековдо ички толук ишеним жоктой сезилди.

Аны бир бүдөмүк нерсе ойго салганы сезилип турду.

Айткандай эле, съездде Чыныбай Турсунбеков өзүн өзү талапкер жарыялады.

Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө купуя сыр тез эле ачыкталат эмеспи. Чыныбай Турсунбековго да Атамбаев өзү дем бергени кийин ачыкталды. Турсунбековдун жакын делген медиа адистери мага келип, «Чыныбай Турсунбековду чоң Шеф өзү колдоп жатат» деп маалымат берип кеткенге да үлгүрүштү.

Бир аз кийинчерээк Атамбаев өзүнүн жыйынтыктоочу пресс-конференциясында дагы бир талапкерге «акылы менен эмес, жан дүйнөсү менен жан тартаарын» билдирген.

Ал талапкер – Бабанов Өмүрбек эле.

Ошентип, Жээнбековду сыртынан колдоп жаткандай көрүнгөн менен, бүдөмүк ойлордун коштоосунда президенттикке аттандык.

Бул ишенимсиз жагдайды Алмаз Шаршеновичтин «баары демократиялуу болушу керек» деген талабы менен Жээнбековдун премьерлик кызматтан кетип, талапкер аттанышы андан да катуу бекемдеп салды.

Биздин «Алмаз Шаршенович 2011-жылы премьерликтен кетпей эле, убактылуу милдетин токтотуп, президенттике аттанбады беле» деген суроолуу көз карашыбыз суроо бойдон кала берди.

5-бөлүк

…Ошентип, үгүт иши башталды. Талапкерди жандап, чакан — журналист, сүрөтчү, телеоператорду кошкондо 9 адамдан турган пиар топ менен, республиканы кыдырып кеттик.

Үгүт иши башталганга чейин Талапкер аймактардагы агитаторлор менен жолугушуп, аймактык штабдарды кыдырып кайткан эле.

Анда көзгө урунган эки негизги жагдай:

1. үгүтчүлөрдүн аздыгы. Жергиликтүү активисттер, «негизги атаандаш Бабановдун агитаторлору баланча райондо мынча, биздики дээрлик эки эсе аз деп» безеленишти.

2. Көчөлөргө, дүкөндөрдүн, үйлөрдүн дубалына илинчү баннерлердин, плакаттардын аздыгы жана көлөмүнүн кичинекейлигин айтып, чырылдашты.

Айткандай эле, аймактарды кыдырган үгүт кампаниясынын алгачкы күндөрүндө дароо эле көзгө урунган нерсе – талапкерлер Бабанов менен Сариевдин кеминде узун туурасы 4х6 метр плакаттарынын жанында биздин талапкердин узун туурасы 1,5х2 метрдик плакаттары болду.

Муну мен кийин «Жээнбековдун канча бир миң доллары» деген «Форумдун» тизмесин көргөндө дагы бир эстеп, «аттиң, ушул акчалар неге ошондо үгүт материалдарына, агитаторлорго пайдаланылган эмес, эмнеге өлкөнүн ири партиясынан аттанган фаворит Талапкердин пиар группасы ашуу, белдерде кеминде 4 ирет бузулуп, аз жерден кырсыкка кала тургандай калдыраган-шалдыраган автоунаа менен жүрдүк?» деп, өзүмө өзүм суроо бергем.

Анан дагы мени ошол тизмеде «блогерлерге жумшаган» деген статья менен «миллионер» кылгандарына күлүп гана тим болгом.

Талапкер менен аймактарды кыдырып жүрсөм, кайдан офисте отурган диван-блогерлерди тескемек элем?

Ошол тизмедеги көрсөтүлгөн суммадан 6 миң сомго (!) – Талапкердин фотосессиясына гример чакырганымды жана Талапкердин сөзүнүн тезистерин орусчадан кыргызчага которгон адиске 16 миң сом (!) гана алганымды айтып койчу мезгил мына бүгүн келди көрүнөт.

Болбосо, Жээнбековго каршы кара пиардын жүрүшүндө ого эле көп акча жумшагандардын катарында менин да атым соцтармактарда аталган.

Баса, Талапкердин өмүр баяны тууралуу үгүт материал катары бир гана фильм тартылган.

Ал фильмдин авторлоруна Штаб бир тыйын да төлөп берген эместигин айтып коюшум абзел. Автордук топтун калем акысын кийин, Жээнбеков президент болуп келген соң өзү төлөп берди.

Негизи эле өзүнүн талапкерине Штаб акыркы күнгө чейин жат адамдай мамиле кылганын мен жон терим менен сезген учурлар абдан көп болду.

Штабдагы адистердин бирөөсү, бир ирет мага «мен Жээнбековдун эмес, анын оппонентинин штабында иштеп жаткандаймын. Здесь в штабе почти не верят в победу Жээнбекова, все вдохновлены его оппонентом» деп, тамаша-чынга салып айтканы эсимде.

Жада калса штабдагылардын арасында «Жээнбековдун штаб жетекчиси Ниязов өзү жеке Бабанов менен жолугуп, пиар иштери боюнча кеңешип турчу» деген күбүр сөз үгүт иштери бүткөнчө басылган эмес.

“Талапкерге жат адамдай мамиле” деген жагдайдан дагы бир сүртүм.

Эртең Өмүрбек Бабанов менен теледебат деп даярданып жатканбыз.

Бир убакта менин иш кабинетиме Кыргызстандын сыртынан Штабга консультант болуп келген Вера аттуу адис келип, «Кандидат завтра проиграет. Поэтому ему не стоит идти на теледебаты» деди. «Отказ от теледебатов – это почти проигрыш» дегениме : «Лучше не идти, чем с позором проиграть на дебатах» деп жанымды кашайтты.

Колдоону сезбей, ачууланган абалымда «Мой кандидат размажет Вашего Бабанова» деп айтканым эсимде…

Ошентип, ызасы, жеңиши аралаш үгүт иштери аяктап, добуш берүү күнүнө жеттик.

Өлкөдө «шайлоо биринчи тур менен жыйынтыкталбайт, экинчи тур болот» деген божомолдор күч алган.

Жада калса Штаб дагы экинчи турга шымаланып даярданган.

Аймактардан кайтып келип, 1-2 ирет жыйындарга катышып калганымда Штабдын билермандары «бул ишти 2-турда жасайбыз» деп ишенимдүү пландашаар эле.

Андай учурда маанайым чөгүп, бирок Талапкерге ишеним артып, кайрадан керемет Кыргызстаныбыздын аймактарына аттанаар элек.

Кийин, добуш берүү күнү кечинде, саат 20.30 тарда шайлоонун алгачкы жыйынтыгын штаб жетекчиси Ниязовго мен угуздум.

Кабинетине кирип барып, «Мы выиграли» деп кыйкырган кубанычыма суу сепкендей болду.

Анткени, Ниязовдун өңүндө кубануу эмес, таң калуу турду.

Коридорго чыгып, чуру-чуу түшүп кубанып жаткан штабчыларга : «Это здорово. Но прошу разойтись по кабинетам, еще подождем» деди.

Менде «Же Ниязов ушунча токтоо адам, же Штаб 2-турдун болбой калганына өкүнүп жатабы?» деген күдүк ой жаралды.

Негизи, Штабдын маанайын, дараметин жана өзүнүн коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрүн жакшы билген Талапкер үгүт иштеринде аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууга басым жасап, туура жолду тандаган экен деп ойлойм.

Кыргызстанды бир ай бою түрө кыдырып чыгуу менен, шайлоочулардын жүрөгүнөн «от сердца к сердцу» деген принципте орун алды деп айта алам.

Ошондуктан, кечээки союздаш, бүгүнкү оппоненттерибиздин «Жээнбековдун 3 пайыз рейтингин 54 пайызга биз жеткирдик» деген аргументи ушинтип өзүнөн өзү жокко чыгат.

Эгер Штаб шымаланып, чын дили менен, аркы жээк, берки жээкке чарпылбай иштесе, 54 пайыздан да көп добуш алуу мүмкүнчүлүгү ал күндөрү чоң эле.

Албетте, Штаб өз милдетин аткарган. Өзгөчө, катардагы активисттер, аймактардагы агитаторлордун эмгеги чоң.

Бирок, талапкердин жеке сапаттары, басып өткөн өмүр жолу, эл арасындагы кадыр-баркы чечүүчү роль ойноорун теоретиктер да, практиктер да тастыктайт.

6-бөлүк.

…Ошентип, инаугурацияга даярдык күчүндө.

Жээнбековдун медиа өкүлү катары даярдык иштерине аралашып жүрдүм.

Даярдыктын жүрүшүндө улам бир жагдай таң калтырды.

Биринчиси, инаугурацияга 350 гана киши чакырылат дешти.

Эмнеге? 2011-жылы Атамбаевдин инаугурациясы филармонияда өтүп, 1000 ден ашык адам чакырылган. “Эми азыр канча деген шайлоого чуркаган күйөрмандардын шагы сынат. Анткени, ар бир активист өзүн ушул тарыхый күнгө тиешеси бар экендигин сезгиси келет” деген пикирлерди билдирдим.

Экинчиден, инаугурациядан кийин Жээнбеков менен Атамбаев сценарий боюнча Ак үйгө келген соң, Ардак кароолду жаңы шайланган президент эмес, экс-президент кабыл алат дегени таң калтырды.

Эмнеге? Тарых тактыкты талап кылат эмеспи. Атамбаевдин президенттик доору бүттү, жаңы президент шайланды да деген суроо жоопсуз калды.

Инаугурацияда өлкө Президентине эл алдында «Соке» деп кайрылганы одоно угулуп, андан кийин Ак үйгө келип, жаңы Ажодон жол талашып, Ардак кароолго «рахмат» деген Экстин кыймыл аракети андан бетер олдоксон көрүндү…

Кийинчирек, мамлекеттик телеканалдарда жок дегенде 6 ай Атамбаевдин 6 жылдык эмгегин тынбай чагылдыруу сунушу түштү. Бирок, Атамбаев тууралуу айтканда «экс» деген сөздү колдонбой, «Алмазбек Атамбаев» деп айтууну сунушташты…

Ошентип, Жээнбековдун алгачкы президенттик күндөрү башталды.

2017-жылдын 24-ноябрында кызматка киришкен Жээнбеков 30-ноябрда, 6 күндөн кийин Минскиде өтчү ОДКБнын саммитине даярданып жатты.

Экс-президент мени 2017-жылдын 10-ноябрында аппараттын жаңы бөлүм башчысы катары кабыл алганында, «Минскидеги жолугушууда эки тараптуу жолугушуу өткөрүп кереги жок» деп, насаатын айтты.

«Эч кимге жүгүнбөө керек» деп баса белгилеп, коңшу өлкөнүн жетекчилери менен мамиле түзүүдөгү өзүнүн тажрыйбасынан бөлүштү.

Албетте, анын сөздөрүн Жээнбековго толук айттым.

Кийинчерээк тышкы иштер саясатын жетектеген бөлүм башчы аркылуу да «Минскиде эч ким менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүү зарылчылыгы жок» деп айттырды.

Жээнбеков мага да, тигил бөлүм башчыга да унчуккан жок.

Унчукпай барып, Минскиде коңшу өлкөнүн Ажосу Назарбаев менен жолукту.

Жолукпай кое алмак эмес. Анткени, күнүмдүк тиричилигин, соода-сатыгын казак боордоштор менен чогуу өткөргөн калкыбыз Ажодон чек ара чырын чечүүнү күтүп жаткан эле. Барып, жолукпай келе берсе Ажобузду элибиз кечирмек эмес.

Ошондуктан, Экс менен Президенттин ортосундагы пикир келишпестик инаугурациядан 6 күндөн кийин эле башталган десек жаңылбайбыз.

Жаңы Ажонун ушундай кадамдарын Экс бара-бара “саткындык” деп баалай баштады…

Уландысы бар…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *