Көрүнө окуялардын көмүскө жактары: Ким акталды. Аны соттоткон эми өзү соттолобу?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Свердлов райондук сотунда судья Инара Гилязетдинова «Вечерний Бишкек» Басма үйү” ЖАКынын мурдагы ээси Александр Кимге карата кылмыш ишин токтотуу чечимин чыгарды.

Тагдырдын тамашасын кара, өткөн жылдын 20-февралында ошол эле соттун судьясы Санжар Чотоновдун чечими менен А.Ким эки жыл шарттуу мөөнөтү менен алты жылга шарттуу эр-кинен ажыратууга соттолгон. Экс-президенттин убагындагы “гумандуу соттун” шарттуу соттоосуна А.Кимдин ден соолугунун абалы, оң мүнөздөмөсү жана сыйлыктары эске алынганы айтылган.

Башкача айтканда, ден соолугу чың болгондо, андан да катаал жазаланмак экен. Андан тышкары, Александр Рябушкиндин пайдасына 27 млн. сом өндүрүү чечими кабыл алынган. А.Ким бул чечимдин саясий өңүттө экенин айтып жүргөн.

А өткөн жылдын октябрында кылмыш иши жаңыдан кароого жөнөтүлгөн болчу. Ошол эле учурда «Вечерний Бишкек» басма үйүн экс-президенттин жанындагы адамдардын жардамы менен тартып алган А.Рябушкин эми өзү айыпталып камакта отурат.

Бул жолу биздин “гумандуу соттун” ага карата чечими кандай болот? А.Ким менен А.Рябушкин “орун алмашып” калышы да ажеп эмес…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *