Нарындын суугунун инвестициясы же белгисиз жана белгилүү пакистандык

Күмөндөр УСУПТЕГИН, «Кыргыз Туусу»


Быйылкы кыш мезгилинин акыркы айынын акыркы аптасында кандайдыр бир пакистандык жаран Нарын шаарынын борбордук чөлкөмүнөн орун алган мурунку ДОСААФтын ичинде белгисиз иш жүргүзүп жаткандыгы тууралуу атайын чоң жыйында «балп» айтылды. Ал эми шаар бийлиги болсо андай «сыйкырдуу» адамдын эмне иш кылаарын билбестигин, тек жакын арада гана үстүрт маалымат алгандыктарын айтып тим болду.

Башкалар жолотпогон, неге Нарында жүрөт?

Нарын калаасынын борбордук Ленин  көчөсүнүн  жээгинен орун алган үч кабаттуу имарат соңку жылдарда каңгырап бош калган. Учурунда эбегейсиз аянтты ээлеп, негизинен өңчөй мадыра баш улан-кыздарга унаа айдаганды үйрөтүүчү жай катары  белгилүү  эле.  Союз  заманында ДОСААФтын каражатына курулган имарат союз тарагандан кийин жеке тарапка өткөрүлүп берилген. Жыйынтыгында жеке ишкер Шермамбет Орозалиев «Аида» аталыштагы ишкананы уюштуруп, кытайлыктар менен биргелешип жумушту баштаган. Бирок арадан анча өтпөй ал ишкана тууралуу терс пикирлер орун алып, а түгүл экологияга олуттуу зыян келтирүүдө деген жаратылыш сакчылардын добулбасы кагылган. Натыйжада имарат ичин кайрадан каңгыраган боштук ээлеген.

– Азыркы учурда «Аида» фирмасынын имаратын бир пакистандык ижарага  алып,  иштетип  жатыптыр деп угуп жатабыз. Ал фирмага Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан уруксат беришпептир. А эмне үчүн ошондой фирма бизге келип иштеп жатат? Алар электр энергияны көп пайдаланышат  экен.  Ошол  пакистандык тууралуу кандай маалымат бересиңер? – деди шаардык кеңештин кезектеги олтурумунда депутат Улан Сопакунов.

Ага шаар мэри Эмилбек Алымкулов:

– Туура, биз дагы ал боюнча жакында билдик. Эми алар жеке менчик болгондуктан бизге отчет беришпейт. Өз ара келишим аркылуу иштеп жатышыптыр. Мен дагы жакында жолугуп, шаардын ээси биз болгондуктан, бизге дагы келип койсоңор болмок дегем, — деп жооп узатты.

Мына ушундай элдин өкүлүнүн айтканынан жана аткаруу бийлигинин ана башчысынын арабөк жообунан улам «Аида» ЖЧКнын имаратын  карай  жол  тартууга  туура келди.

Акыйнек жана кооптонуу

Имараттын эшигинин ичинен кароолчунун үнү угулду:

– Ким керек ия, кимге келдиң?!

– Бери чыгып койбойсузбу, анан кептешели, – дедим.

Кароол бекеттен каалгый чыккан кара тору кишиге келген жайды билдирдим. Имараттын короосунун ич жагындагы узун жайлардан күүлдөгөн добуш угулуп жатты.

– Бул жакка эч кимди киргиздирбейт. Чоңу пакистандык Мустафа деген бала. Ал бар же жок экендигин билбеймин.

–  Анын  орун  басары  же  башка жооптуу адамдары барбы?

– Беш-алты балдар-кыздар иштешет. Алардын кимиси орун басар экендигин дагы билбеймин.

– Демек, бияк жабык жай турбайбы?

– Эмнеси жабык. Мында иштегендер кадимкидей эле кирип-чыгышат. А менин булар менен ишим эмне?

– Сиз «Аиданын» кароолчусузбу же жанакы Мустафанынбы?

– Шермамбеттин. Бул жер ошонун менчиги да. Мына келе жаткан кыз ушул жерде иштейт. Ушундан сурап көр, – деди тил табыша албаган кароолчу.

Бирок, ал кыз менен да сүйлөшүү болгон жок.

– Мен эч нерсе айта албаймын,-деп шыпылдап кирип кеткен кыздын артынан:

– Чоң кыз, Мустафага жолуксаң, атайын издеп келген киши күтүп турат деп айтып койчу, – деп кыйкырып дарбазада кала бердим.

– Баса, сиз айткан Мустафанын котормочусу барбы? – дедим бир аздан соң.

– Оо, кокуй! Ал деген орусчаны экөөбүздөн кыйын сүйлөп, түш жоруйт.

– Анда жок дегенде телефонун бере аласызбы?

– Телефону менде жок.

– Негизи түшүнүктүү болуп калды. Эми жанагы Мустафанын бар же жок экендигин, болсо жолугаар же жолукпастыгын эле билип бериңизчи?

Ал макул болуп, короону карай басып кетти. Ээн жерде жалгыз ары-бери басып, кудай жалгап тааныш агага жолугуп калдым.

– Булар былтыр жазында эле келген. Тээтиги күүлдөгөн үн күнү-түнү басылбайт. Кээ бир күндөрдө укмуштай «жип» машиналар келип токтоп калат. Айтор, булар эмне иш кылат белгисиз. Бир билгенибиз, буларды иштеткен Мустафа деген пакистандык чачы узун бир бала. Булардын иштегенин ким карайт болду экен? Анткени бир кошунам радиация чыгарат деп кеп кылган болчу. Экологдор карайбы, билбейбиз, – деп бара жаткан багытын карай басып кетти.

Таң калган жана такылдаган пакистандык

Ошентип акыры кароол чарчы бойлуу, артка карай жалпайта тараган чачы ийинине чейин келген бакыраң көз жигитти ээрчитип келди. Албетте, биздин баарлашуу орус тилинде болду.

– Сизди ким жиберди? Кандай суроолор бар? Эмне кабарчысыз? Биз жөнүндө кабарлоонун кандай максаты бар?

Өз кезегинде мени эч ким жибербегендигин, тек ушул жайдагы иш менен жеринен таанышуу, ишмердүүлүк тууралуу  маалымат  алуу  керектигин божурамыш эттим. Тилекке жараша, ал экөөбүздүн маектешүүбүз шыр кетти.

– Жүрүңүз, кирип сүйлөшөлү, – деген жигит өзүн Мустафа Мухаммад Давар деп тааныштырып, ачылып сүйлөп, ичиндеги мүлдө тасмиясын ачыкка чыгарды.

– Мен Пакистандын Карачи шаарынан болом. 1991-жылы туулгам. Кыргызстанда 21 жашыман бери жашаймын. 4 жыл Славян университетинде окудум. Иш боюнча айтсам бизде эч кандай сыр жок. Нурсултан деген кыргыз досум бар. Ал аркылуу Нарынды билдим. Анткени Кыргызстанга Дубайдан ишкерлер келишкен. Аларга суук, бирок шарты бар жер керек экен. Ошондо Нурсултан Нарынды айтты.Биз былтыр февралда келип жер издедик. Акыры ушул имаратты жактырышты. Анан бардыгын мыйзамдуу жасадык. Бизди облустук бийлик, салык, электр, телеком, соцфонд кызматтары баары билишет. Атайын кызматтагылар келип текшерип турушат. Бизди мамлекеттик күзөт кызматы кайтарат. Эки ай оңдоп-түзөө иштерин кылып апрелден тарта алгач эки адам менен жумушту баштадык. Азыр 14 адам иштейт.

– Негизги жумушуңар эмне?

– Аталышыбыз «ХТС технолоджис» деген дата-борбор. Башкы кеңсе Дубайда орун алган жана ал жерде 1,5 миң адам иштейт. Кудай Кыргызстанга суу, суукту да берген. Ошондуктан электр энергия эң арзан. Ал жакта электр абдан кымбат. Ал эми Нарындын алты айга созулган кышы бизге эң сонун шарт болду. Себеби аппараттарды салкын жерде кармаш керек. Ошондуктан имараттын ичин атайын муздатып турабыз. Анын баарысы электрди керектейт. А бул жерде таза жана кургак аба жана өзү муздак жер. Ошентип биз араб өлкөлөрдүн, Кытай менен Жапониянын компьютерлерин Нарында туруп тазалап, 24 саат иштетүүдөбүз. Экинчиден,  биз  керектелбеген электр энергияны пайдаланып жатабыз. Мисалы, Нарынга келген электр энергия башка жакта миллион адамга жетет. Ошон үчүн дагы кошумча төрт залды даярдоодобуз. Ага карата өзүбүз кошумча зым тиректерди тартып, көмөк чордондорду орноттук. Бирок бизге электр энергияны бербей жатышат. Берилсе компьютерлердин санын дагы эки эседен ашык көбөйтмөкпүз. Азыркы учурда айына 900 миң сомдон ашык электрге төлөп жатабыз. Андай болгондо 2 млн. сом төлөп бермекпиз. Салык, соцфондго төлөмдөр дагы көбөймөк. Айтор мага Кыргызстан жаккан. Ошондуктан дагы көп жыл жашагым келет. Ат-Башыга барып малдын көп экендигин көрдүм. Эми мал азыктарын иштетүүгө инвестиция алып келсемби деп калдым, – деген шыпылдаган Мустафа иштеп жаткан имараттын ичи-сырты менен толук тааныштырып чыкты.

Билгендер жана билбегендер

Нарын шаардык электр тармактар бөлүмүнүн жетекчиси Турсунбек Алымбаев аталган ЖЧК менен эки тараптуу келишим түзүлгөндүгүн, алар пайдаланган электр кубаты үчүн тиешелүү төлөмдөрдү төлөп жаткандыктарын ырастады.

– Электр энергияны берүүнү жогору жак чечет. Балким сүйлөшүүлөр болуп жаткандыр, – деди Т.Алымбаев мырза. Ал эми облустук айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгынын адистери береги дата-борбор тууралуу маалымат  толук  маалымат  эмес  экендиктерин, эч кандай өз ара келишим түзүлбөгөндүктөрүн билдиришсе, Нарын район аралык экологиялык жана техникалык коопсузук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Улан Жаанбаев кандайдыр бир арыз даттануу болмоюнча, кайсы бир ишкананы көзөмөл кыла албастыгын айтты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *