Айтпайын десем, айттырды

17-мартта Бишкекте акыйкаттык үчүн курман болгон Аксы элинин уулдарына президент кезинде аларды оозанып эскерип койбогон А.Атамбаевдин куран окутканы, анан мусулманчылыктын бул ыйык салтын өзүн “пиарлаган” саясый аянтчага айландырып жибергени жай тириликке ык ала баштаган эл арасында эки анжы ой жаратты. А.Атамбаевдин калпты чындай урдурган ыймансыз жоругу, мыйзамдуу президентти, шайлоочуларды жана парламентти көз көрүнөө кордоп, аларды жек көрүүгө тукурган чагымчыл сөздөрү ансыз да кандуу чатактардан заарканып калган элдин көңүлүнө бүлүк салып, кооптондуруп жатат.

Арийне, А.Атамбаевдин бийликти, дегеле  башкаруу  системасын  сындаганга акысы бар. Бирок ал сын конструктивдүү жана аргументтүү болуш керек. Антпесе анын өзүнө доо кетет. Маселен, кудайы тамакты жеп, куран окуганы келгендердин алдында өз персонасын көкөлөтө көтөрүүнү көздөп, бийлик бутактарын теңсинбей, басынтуу маанисиндеги Атамбаев айткан текебер сөздөрдү өзүн сыйлаган, ички маданияты бийик адам айтпайт. Анан да Россиядан курал-жарак алып, мен бутуна тургузган армия талкаланды дегени – анын көп калпынын бири.

Кыргызстан Россиянын стратегиялык кызыкчылыгына кирген өлкө. Мындай өлкөнүн армиясынын мобилдүү болушуна ал дагы аябай кызыкдар. Андыктан кыргыз армиясына аскердик-техникалык, гранттык жардамдарды ошол стратегиялык кызыкчылыктардын контекстинде кароо керек. Муну жакында Атамбаевсиз эле өлкөгө берилген аскердик техникалар ырастап турат.

Ал эми “Газпром” жөнүндөгү Атамбаевдин жөө жомогу – өзүн пиарлоонун эле бир көрүнүшү. Дүйнөдөгү экономикалык тирешүүлөрдөн рыногу тарый баштаган “Газпром” Өзбекстан менен Кыргызстандын кыйкылдашканынан пайдаланып, бошой калган рынокту ээлеп калды, ошону менен Россия Кыргызстандын экономикасына таасирин күчөттү жана транзиттик трубаларды коңшу өлкөлөргө тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ушунун айынан Россия менен Өзбекстандын мамилеси бир саам сууй түшкөнү, ал ортодо маркум Ислам Каримовдун АКШга жүз бура калганы белгилүү.

Бирок  ушулардын  баарын  билип  туруп, эмне үчүн Атамбаев аны жыйында бети кызарбай калпты айтып жатат? Элдин айтымында, мындай чындык сыяктантып жыйынга алып чыккан көйгөйлөр алардын аң сезимин манипуляциялоого предмет болуп берет. Атамбаевдин коомдогу ушундай жана ушуга окшогон маселелерди жалпы контексттен жулуп алып пайдаланганын, өлкөгө күйгөн кишидей көбүртүп-жабыртып күчөткөнүн массалык аң сезимде күмөн саноону козутууга жана аны башкарууга кыртыш даярдап жатат деп түшүнүү керек.

Илимде  аң  сезимдин  ушундай  өтө карама-каршылыктуу  абалга  түшүшүн “Бейтсондун кош капканы” дешет (Грегори Бейтсон американын атайы кызматына атан төөдөй иш кылган белгилүү окумуштуу, аялы Маргерет Мид дүйнөдөгү эң белгилүү антрополог, кансыз согуштун негизин түптөгөн психоаналитик). Мындай абалга түшкөн аң сезимде сүйүү жана жек көрүү, ишенүү жана шектенүү сыяктанган карама-каршылыктар  катар  жашайт  да, адам бир туруп эч кимге жана эч нерсеге ишенбейт, бир туруп элдешпес душманына да ишенип кетет. Атамбаевдин карапайым адамдын, мамлекеттин камын көргөнсүп акыл айтканына, аларга күйүп жаткансыган “ормон опузасына”, күтүүсүз фактыларды айтып, өңгүл-дөңгүл сүйлөгөнүнө кайдыгер кароо – энөөлүк. Ал ошонусу менен бүгүнкү кыйынчылыктардан эки анжы ойлорго, карама-каршылыктарга туш болгон массанын аң сезиминде күмөн саноону күчөтүп, ага бүлүк салуу, ошол массаны адекваттуу эмес кадамдарга түртүү аракетин жасап жатканын эл тынчсыздануу менен белгилейт.

Бул тынчсызданууну айыл жерлеринде, эл чогулган жерлерде Атамбаев жакшы болчу, азыркы бийлик начар деген имиштерди ого бетер күчөтүп жатат. Интернеттеги “бала Атамбаев” менен “бала Жээнбековду” ажыратып, акыл айткан “Путин аксакалды” монтаждаган ролик ошол имиштердин чыккан булагы бир жерде экенин каңкуулайт.

Ошондон улам элдин көбү: “Өзүнүн күнөөсүн билбей бир кезде Н.Назарбаевге асылып, эки элдин ынтымагын бузду эле, эми В.Путин менен С.Жээнбековду өзүнүн ыпылас иштерине аралаштырып, ортосуна от жакканы жатабы?” – деп кыжалат болууда.

А.Атамбаевдин мен өнүктүрүп өткөрүп берген мамлекет талкаланды деп төшүн койгулаганы деле жогорудагыдай максатта айтылган кеп экенин эл билип турат. Өлкөнүн экономикасынан кабардар адамдар анын айткандарынын чындыкка дал келбесин төмөнкүдөй фактылар менен далилдешет.

А.Атамбаевдин бийлигинин акыркы жылдарында анын алешем саясатынан кыргыз-казак чек арасы жабылып, республикабыздын экономикасы олуттуу зыян тартты. 2017-жылдын 25-октябрында Кыргызстан төрөгалык кылган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешменин кезектеги отурумунда (Ереван ш., Армения), кыргыз тараптын дооматына Казакстандын премьер министри Б.Сагынтаев ЕАЭБдеги Кыргызстандан башка мамлекеттер Кытайдан им-портту азайтып жатканын, Кытай менен Кыргызстандын бажылык статистикасындагы айырмачылык өтө шектүү экенин айтып, мындай фактыларды келтирген: 2015-жылы Кытайдан Кыргызстанга 4 миллиард 300 миллион долларлык товар экспорттолгону катталган. Кыргызстандын маалыматы боюнча ошол импорттолуп келген товар 1 миллиард 300 миллион доллар деп катталган. Айырмасы 3 милиард доллар болуп жатат. 2016-жылы Кытайдын маалыматы боюнча, 5 миллиард 600 миллион долларлык товар чыккан. Кыргызстанга келгенде ал болгону 1 миллиард 100 миллион доллар болуп калган. Айырмасы 4 миллиард 500 миллион доллар. Ал эми 2017-жылдын 8 айында Кыргызстанга экспорттолгон товар 2 миллиард 600 миллион доллар деп Кытайда катталган. Кыргызстанга келгенде ал товар болгону 900 миллион доллар болуп калган. Айырмасы 1 милиард 700 миллион доллар.

Ошентип, А.Атамбаев мамлекетти, Кубанычбек Кулматов бажыны башкарып турушкан мезгилде түзүлгөн коррупциялык схеманын натыйжасында 2 жыл 8 айда 9 миллиард 500 миллиондук товар мамлекеттик статистикага катталбай чыгарылып кеткен. Ошондо 9,5 миллиард доллар кимдин чөнтөгүнө түштү?

2017-жылы 22-ноябрда Бишкекте “Кыргызстан менен Казакстандын инвестициялык келечеги” деген темада эл аралык тегерек стол өттү. Ага Кыргызстандык, Казакстандык жана Россиялык саясатчылар, бизнес коомчулуктар, саясат таануучулар экспертэкономисттер жана чет элдик дипломаттар – Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын элчилери катышты. Тегерек столдо Кыргызстан  менен  Казакстандын ортосундагы кризистик кырдаал  жалпы  эле  ЕАЭБдин бүтүндүгүнө  коркунуч  келтирери  белгиленди.  Кыргыз чиновниктеринин сабатсыздыгынан  тиешелүү  жол картасынын,  фитосанитардык  пунктардын түзүлбөгөнү ошол кризис ти шарттаганы айтылды. Кыргызстан аркылуу контрабандалык товарлардын агымынан тарткан зыяндар экономикалык жоготууларга алып келген, ошонун натыйжасында улуттук бюджеттер миллиардаган кирешелерди албай калып жатканы, буга Кыргызстан күнөөлүү экени белгиленди. Мындан тышкары Кытайдын арзан товарларынын ички рыноктогу товарлардан да арзан болуп жатканы (демпинг) улуттук өндүрүшкө кыйыр зыян келтирип жатат. Бул өзгөчө кийим тигүү өнөр жайында даана байкалат. Мындагы жоготуулар миллиарддаган долларларды түзөт. Мында негизги күнөө Кыргызстанда, биринчи кезекте анын жетекчисинде экенин Казакстандын Аскердик-саясый изилдөөлөр борборунун профессору, саясый илимдердин доктору Каргылгаш Нугманова белгилеп өттү. Анын пикири боюнча, Кыргызстандын экс-президентинде (А.Атамбаевде) координаттар системасын концептуалдуу көрө билүү сапатынын жоктугу Кыргыз Республикасынын бүтүндөй экспорттук потенциалын сокку алдында калтырды. “Эгерде “Кыргызстан ЕАЭБде” контексти жөнүндө сөз кылсак, анда бул өлкөдө жогорку рангадагы чиновниктердин контрабанданы, реэкспортту колдогону жана стандарттардын жоктугу ачык эле көрүнүп турат. Ушунун баары жалаң эле өлкөнүн ичиндеги экономиканы эмес, ошондой эле шериктештик боюнча өнөктөштөргө да зыян келтирип жатат. Ал эми А.Атамбаевдин Казакстан президенти менен болгон полемикасынын тону дипломатиялык, ал түгүл этикалык нормаларга да ылайык келбейт. А.Атамбаевде жетекчи аттуулардын баарына  зарыл  эрудициянын  жоктугу  өтө өкүндүрөт”, – деп казакстандык профессор баса белгилеген (АиФ №49. 2017).

Мамлекеттер аралык расмий жыйындарда мисалга тартылган цифралар жана пикирлер А.Атамбаевдин ким экенин жана ал өзү асылып жаткан азыркы президентке кандай мамлекетти өткөрүп бергенин даана көрсөтүп турат. Өлкө башчы болсо ошол А.Атамбаев алсыраткан кадрлар системасын, андан калган экономикалык баш аламандыкты калыбына келтирүү, коррупциялык схемаларды жоюу менен алек.

Ушундай кысталыш кырдаалда Кыргызстандын саясый ландшафтында конфликтти, бөлүп-жарууну жана тизгин талаш чырын жандандыргысы келген ар кандай типтеги күчтөрдүн А.Атамбаевдин Форумдагы сөзүнөн кийин жандана баштаганын көргөн эл мыйзамдуу президентибизге Римдин биринчи императору жана аскер башчысы Юлий Цезардын: “Рубикондон өттүк, артка жол жок! Ыкшоолук кылуу – өлүмгө тете”, – деген сөзүн эсине алса экен дешет.

Абдил ШЕРМАТОВ, И.Арабаев атындагы КМУнун ага окутуучусу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *