Актер Москвада да актер

Маектешкен Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Россиянын Биринчи каналында 2017-жылдан бери режиссер Ольга Музалеванын «Биздин короодо» (А у нас во дворе) сериалы көрсөтүлүп келет. Аталган сериал мелодрамалык, детективдүү жанрда тартылган. Анда Москванын кадимки короолору сүрөттөлүп, бирок ошол короонун ичиндеги эки башка дүйнө тартылган. Биринчиси жергиликтүү калк, ал эми экинчилери мигранттар. Аталган тасма көрүүчүлөрдүн табитине жагып, учурда экинчи сезону тартуулана баштады. Мына ошол тасмада мекендешибиз Улан Эсеналиев дагы тартылган. Мекендешибиздин бул тасмага кандайча тартылып калганын билүү үчүн андан маек алдык.

– Киного кандайча тартылып калганыңызды айтып берсеңиз?

– Өзүм Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда актердук чеберчилик адистигин аяктагам. Кыргызстанда жүргөндө “Курманжан датка” тасмасын тартууга көмөк көрсөтүп, коюучу (постановщик) болуп эмгектенгем. Андан тышкары Чүй театрында иштеп, бир канча коммерциялык көркөм тасмаларда роль жараттым. Кийин турмуш шартка байланыштуу Москвага келе бергем. Бул жакта кабат үйлөрдүн биринде кароолчу болуп иштейм. Бир күнү ошол үйдө жашаган аял жардамдашып коюумду өтүндү. Жардам берип жатсам, кеп козголуп кетип, мен тууралуу сурап калды. Көрсө, ал Биринчи каналда редактор болуп иштейт экен. Өзүм актер экенимди айтсам, киного тартылуу сунушу болуп калса, мага байланыша турганын билдирди.

Арадан убакыт өткөндөн кийин мага байланышка чыгышып, келип киного тартылууну сунушташты. Ошол эле учурда сценарийге кандай нерселерди кошсо боло турганы тууралуу кеңеш сурап калышты. Мен өз пикиримди айтып, сунушумду бердим. Алар өзүң жазган сценарийдеги ролду ойноп бер дешти. Макул болуп, короо шыпыргычтардын бригадиринин ролун аткардым. Ушундай кичинекей эле ролду ойнодум. Ошого карабастан кинодон көрүп калган тууган-туушкан, жакындар чалып куттуктап жатышат.

– Кичинекей роль болбойт деп коюшат эмеспи?

– Ооба, Станиславскийдин “Кичинекей роль болбойт, кичинекей адам болот” деп айткан сөзү бар. Ошону айтып жатасыз го. Чынында кандай болбосун, роль жаратуу жеңил эмес. Бирок, иштешкен командаң жакшы, техникалык мүмкүнчүлүктөр мыкты деңгээлде болсо, анын баары билинбей калат экен. Бул жакта тартылуу учурунда тасма тарткан топтун абдан ынтымактуу экендигин байкадым. Анан режисерлор абдан сылык-сыпаа экен.

Башкы ролду ойногон актриса менен дагы жакындан тааныша алдым. Ал эми техникалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтпай деле койсом болот. Кичинекей эле эпизод тартыш өзүнчө караван экен. Жалпы төрт күн съемкага чыктым. Ошол төрт күнгө 15 миң рублден төлөп, жалпы 60 миң рубль алдым. Буга чейин да топтоп жүргөн бир аз тыйыным бар болчу. Аларга гонорарымды кошуп, атама автоунаа белек кылдым.

– Актерлук кесипти кайра улантуу тууралуу ой пайда болдубу?

– Бир убакта ошондой ой болгон. Анткени группалаш кызым бул жакта театрда иштеп жүрчү. Ошол сунуштап, бул жакта иштесек болот экен деп кызыктырып калды. Бирок, ошол учурда иштеп жаткан кызматымдын маянасы ал жактагыга салыштырмалуу жогору болгондуктан, барбай койгом.

– Москва кандай шаар экен? Мекендештер чогулуп турасыздарбы?

– Москва абдан чоң шаар. Бардык кызматтар, шарттар жакшы. Бул жакты экинчи Кыргызстан деп койсок да болот. Себеби, кыргыздар абдан көп. Аны мындан эле байкап койсо болот. Мисалы, Кыргызстанда жүрүп тааныбаган тууган-туушкан, жакын, тааныштар менен ушул жактан таанышып жатабыз. А бирок ар-бирибиз өзүбүздүн жумуш, турмуш-тиричилик менен жүрүп көп деле кездеше бербейбиз. Кыргызстандан кайсы бир атактуу инсандар келгенде 10-15 миң адам болуп чогулуп калабыз.

– Ал жакка кандайча барып калдыңыз? Деги эле мигранттын жашоосу тууралуу айтып берсеңиз?

– Чүй театрында иштеп жүргөнүмдү жогоруда айтып калбадымбы. А театрда айлык абдан аз экени баарыбызга белгилүү. Анан туугандарым мурдатан Москвага келип, иштеп жүрүшкөн. Окууну бүткөндөн кийин ошолор чакырып калды. Ошондон бери иштеп 5 жыл убакыт өтүп кетиптир. Үй-жай салып, буттан туруп алып, анан Кыргызстанга барабыз деген тилек бар.

Ал эми мигранттын жашоосу тууралуу айта турган болсом, негизи алганда күңгөй-тескейи бар. Оң жагы – ушунча кыргыз сыртта өз оокатын кылып, ал тургай Кыргызстандагы жакындарына дагы жардамдашып жатканында. Жеке өзүм Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кабак айылында төрөлгөм. Жашым 29да. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу болом. Ошондуктан ата-энеме жардам-чы, бир туугандарыма тирек болууга далалат жасайм. Бул жакка келгени ошол тилегимди ишке ашыруудамын. Буюрса, баары өз жолу менен кетип жатат. Алсак, ошол эле ата-энемдин кредиттерин жаап, инилеримдин үйлөнүшүнө, айылдагы мал-жанды камсыз-доого чоң жардам бердим. Ал эми терс жактары – бир батирде 10-15тен адам жашаганы, айрым учурларда алдап кеткендер болот. Бул жакта Кыргызстандагыдай жай-баракат эмес,  пунктуалдуулукту  талап  кылышат экен.

–  Келечекте  кандай  пландарың бар?

– Биринчи канал кайрадан чакырып калса, ал жакка барам. Болбосо, Кыргызстанда “Дордойдо” иштеген досторум “Бул жакка кел, жакшы каражат тапса болот” деп жатышат. Буюрса, ошол жакка барып, бизнес ачып, ишкерлик менен алектенем. Андан тышкары актерлук багытта өзүмдүн бала кезимден Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы амалкөй, абдан куу снайпердин ролун аткаруу кыялым бар болчу. Буюрса, ал дагы орундалып калат деген тилектемин.