Баткенде эмдөөдөн кийин окуучулар ооруканага жаткырылды

Баткенде эмдөөдөн кийин 7 окуучу ооруканага жеткирилген. Териштирүү иштерин жүргүзүү максатында атайын адистер Баткенге учуп кетишкен. Бул тууралуу парламент жыйынында Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, 9-апрелде Баткен шаарындагы №3 мектепте 11 жаштагы балдарды эмдөө жүргүзүлгөндөн кийин, алардын башы айлана баштаган. Эки бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, бешөө балдар бөлүмүнө жаткырылган.

Абал такталган соң, толук маалымат кагаз жүзүндө бериле турганын кошумчалады министрдин орун басары.

Ал эми Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, окуучулардын эмдөөдөн кийин оруканага түшүшүнө алардын ийнеден коркуп, дүрбөлөңгө түшүшү себеп болгонун билдирди. Анын айтымында кептөөр менен сенекке каршы 74 окуучу эмдөөдөн өтсө, анын 12си ооруканага кайрылганын.