Каракол-Эңилчек автожолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, каттам убактылуу чектелди

Каракол- Эңилчек автожолунун 81-82-чакырымын кар көчкү түшүп, жол бир тараптуу тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган автоунаа жолуна 6-апрелде кар көчкү түшкөн. Учурда жол бир тараптуу тазаланып, автотранспорт каттамы үчүн ачылган. Ошондой эле кар кѳчкү коркунучу 81-85-чакырым аралыгында сакталгандыгына байланыштуу каттам убактылуу чектелип, саат 5:00дөн 11:00 аралыгында жүргүзүлүүдѳ. Азыркы тапта жолдун 81-82-чакырым бѳлүгүн кеңейтүү жумуштары аткарылып жатат.

Ведомстводон билдиришкендей, унаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу керек.