Алмазбек Атамбаев Улуу Британияга көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Лондондогу адам өмүрүн алган терактка байланыштуу Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйге көңүл айтты.

«Лондондогу трагедиялуу окуяны терең кайгыруу менен кабыл алдым, бул карапайым адамдардын арасындагы курмандыкты алып келди. Кыргызстан бул окуяны чечкиндүү түрдө айыптайт», — деп айтылат өлкө башчынын телеграммасында.

Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан бардык Британия элине көңүл айтып, кырсыктан жабыркагандарды эртерээк сакайып кетүүсүн каалаган.