Исхак Масалиев жаңы коалиция түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин отурумунда КСДП фракциясын оппозицияга өтүүнү сунуштап, жаңы коалиция түзүү сунушун айтып чыкты.

«Убакытты созбой жаңы коалиция түзүшүбүз керек. Ал коалицияга КСДПдан тышкары баардык фракциялар кошулушу зарыл«, — деди ал.

Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов алардын партиясы коалицияда калары айтып: «КСДП партиясы бүгүнкү күндө чынында экиге бөлүндү деп айтсак болот. Бир тарабы экс-президентти колдогондор, экинчиси азыркы бийликти колдогондор. Фракция чечтик биз коалицияда калабыз, иштейбиз», — деди Өмүркулов.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиця КСДП, «Республика-Ата Журт», «Бир бол» жана «Кыргызстан» фракцияларынан тузүлгөн. «Ата-Мекен жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары каолициялык азчылыкта.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *