Залкар окумуштуу, чебер педагог, үлгү болчу адам

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Адабиятчы, окумуштуу, педагог, акын, публицист Лайли Үкүбаева быйыл жети аталыштагы жети илимий, публицистикалык, лирикалык маанайдагы жети китебин чыгарып, 4-март күнү өзү иштеген Кыргыз-Түрк Манас университетинде бетачарын өткөрдү.

Иш-чарада  Л.Үкүбаеванын окумуштуулук  таржымалы,  илимий  эмгектери  тууралуу А.Акматалиев, О.Ибраимов ж.б. окумуштуулар,  педагогдор  кызыктуу  баяндамаларды  окушса, Л.Үкүбаеванын  биринчи  устаты – 8-класста адабияттан сабак берип, ушул тармакка багыт берген агайы К.Ашымбаев, М.Абакиров, С.Раев, Р.Айтматова, Н.Калыбеков ж.б. окумуштууга акын жана публицист, кыргыз аялзатына үлгү болчу сапаттары тууралуу сөз кылышты.

Ал  эми  аталган  окуу  жайдын ректору С.Балжы Л.Үкүбаеванын мыкты педагогдон сырткары, кыргыздын жүзүн, салт-санаасын, кулк-мүнөзүн тааныткан мыкты адам катары сыпаттады. “Мен тогуз жыл мурун биринчи жолу Кыргызстанга келгенимде, кыргыз ким экенин адегенде ушул Л.Үкүбаева аркылуу тааныгам. Анын ички, сырткы турпатынан, айлана-чөйрөгө жана адамдарга мамилесинен, интеллек-туалдык деңгээлинен улам кыргыздын ким экенин тааныгам. Алардын үй-бүлөсү бизди үйүнө чакырып, кыргыз дасторконун, кыргыз пейилин, кыргыз үй-бүлөсү кандай болорун тааныштырган. Ал эми педагог катары, адабиятчы катары сиздер менден да жакшы билесиздер”, – дейт С.Балжы.

Бетачарда Л.Үкүбаевага – кыргыз адабиятынын, кыргыз педагогикасынын эле эмес, кыргыз кыздары-нын үлгүсү катары баалар айтылды. Белгилей кетсек, Л.Үкүбаева Кочкор районунун Ак-Жар айылында 1948-жылы 23-сентябрда туулган. Ак-Жар сегиз жылдык мектебин, В.И.Ленин атындагы орто мектебин бүтүргөн.

Мектепте окуп жүргөндө анын алгачкы макалалары райондук гезитке жарыяланып турган. Эң алгачкы макаласында ал 8-9-класстын окуучуларынын колхоздун чарбалык иштерине жардам берип, козу төлдөтүү өнөктүгүнө активдүү катышып, муну менен мамлекет-тин өсүп-өнүгүшүнө салым кошуп жатышканын жазган. Кийинки бир макаласында коңшу айылга барып билим  алган  жогорку  класстын окуу чуларынын жолдогу азабын чагылдырган. Ошол макаладан соң райондун башкармасы бул маселеге көңүл бөлүп, балдарга ат араба бөлүп берген.

Азыркы убакта да коомдогу, саясаттагы көкөйгө тийген көйгөйлөр тууралуу жазып келет. Анын мигрант аялдардын сырттагы азаптуу тагдырлары тууралуу, ж.б. макалалары “Кыргыз Туусу” гезитине чыккан жана бул коомчулукту кайдыгер калтырган эмес.

Окумуштуу 1970-жылы СССРдин 50  жылдыгы  атындагы  Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Жогорку  окуу  жайды  аяктагандан  кийин  Л.Үкүбаева  Кыргыз телерадио комитетинде балдар редакциясында редактор болуп иштеген. Андан кийин Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунун аспирантурасында окуп келип, Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент, андан кийин Бишкек гуманитардык университетинде кафедра башчысы, түркология факультетинин деканы болуп эмгектенген. 2006-жылдын сентябрь айынан Кыргыз-Түрк Манас университетинде, 2008-жылдын сентябрь айынан бул университеттин Түркология бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келет.

Ал Уфа университетинде «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында мүнөз түзүү өзгөчөлүгү» деген темада кандидаттык, 2001-жылы «Чыңгыз Айтматов жана кыргыз элдик фольклору» деген темада докторлук диссертацияларын жактап, профессор наамы берилген.

1990–1992-жж. Кыргыз мамле-кеттик университетинин алдындагы кыргыз тили жана адабия-ты адистиги боюнча кандидаттык, докторлук  диссертацияларды коргоо  боюнча  Адистештирилген кеңештин окумуштуу катчысы, 2002–2004-жж. Адистештирилген кеңештин мүчөсү болгон. 2005-жылдан бери Улуттук аттестациялоо комиссиясында филологиялык адистиктер боюнча эксперттик комиссиянын мүчөсү.

Басма  сөз  беттерине  300дөн ашык илимий, публицистикалык макалалары жарык көргөн, он үч илимий, окуу-методикалык, публицистикалык  китептердин  автору.  Кыргыз  улуттук  илимдер академиясы  тарабынан  басылган  «Кыргыз  совет  адабиятынын тарыхы», «Кыргыз адабиятынын  тарыхы”,  «Азыркы кыргыз  адабияты»  илимий  басылмаларынын авторлорунун бири жана Түркиядан чыккан «Түрк дүйнөсүнүн адабиятчыларынын энциклопедиясын» түзүүгө катышкан.

1994-жылы Эл аралык Айтматов  академиясынын  академиги, 2003-жылы Эл аралык Айтматов сыйлыгынын лауреаты болгон. Эл аралык Айтматов клубунун, Журналисттер союзунун, Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *