Чоң-Алайда жер титиреди
Кечээ, 4-июнда саат 21:41де Чоң-Алай районунун Бор-Дөбө айылында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмолгия институтунан билдиришти.
Жер силкинүүнүн очогу Кыргызстандын аймагында болуп, Бор-Дөбө айылынан 3 км түштүктө, Ош шаарынан 123 км түштүк-чыгышта жайгашкан.
5-июнь түнкү саат 12:35те жер титирөө кайра кайталанып, Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык айылдарында 2 баллга сезилген.
Кыйроолор жана жабыркагандар болгон эмес.