Ала-Буканын Өрүктү айылында мугалимдер окуучуларга форма алууну талап кылууда

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Өрүктү айылында мугалимдер окуучуларды мектеп формасын сатып алгыла деп кыйнап жатат. Бул тууралуу бизге ата-энелердин бирөөсү маалымдады.

Анын айтымында, Абдырахман Жуманазаров атындагы орто мектебинин мугалимдери мындай талап райондук билим берүү борборунан коюлуп жатканын айтышкан.

«Класс жетекчи менен сүйлөшсөм, форма алыңыздар. Болбосо, биздин айлыктан кармап калышат деди. Жыл аяктап калганда сатып алуунун канчалык кереги бар? Аз убакыттан кийин окуу жылы аяктайт», — дейт ал.

Ошондой эле, окуучунун формасы учурда бар, болгону кастюмдун ордуна желет кийип жүрөт. Ал эми мугалимдер костюмун сатып бергиле деп жатышканын кошумчалады ал.

Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганыбызда, мындай талап министрлик тарабынанан коюлбагандыгын мекеменин басма сөз катчысы Марина Гречанная билдирди. Анын айтымында, эгерде окуучунун формасы жок болсо, үстү ак, асты кара болуп кийине берсе болот. Ошондой эле аталган айылдагы маселе боюнча маалыматты тактап бере турганын кошумчалады.