Акындын «Ачылышы»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


“Кыргыз Туусунун” туруктуу окурманы лейлектик акын Тайир Аширбай 2015-жылы “Улуу Тоолор” басмасынан жарык көргөн “Ачылыш” аттуу китебин почта аркылуу жөнөтүп ийген экен, бул үчүн абдан кубанычтуу болдум. Миң чакырым жол басып (мазар басып) келген ыр жыйнакты күттүрбөй, дароо барактап, окуп чыктым. Бизге тааныш бейтааныш акын тууралуу дагы да маалымат алалы дедик.

Тааныш дегенибиз, адабият күйөрманы, асыресе  поэзия  күйөрманы  катары аны сыртынан билебиз. Т.Аширбай айылдык мектепте сабак берет. Убакыт таап ыр жазат. “Ачылыш” ырлар жыйнагынан башка “Тирүү ыр” аттуу дагы бир ыр жыйнагын, балдарга арналган “Бөбөк кыш” ырлар жыйнактары басууга даяр турганын да эшиткенбиз. Педагогикалык ишмердигине байланышкан «Тайирдин таалим ойлору» деген педагогикалык-публицистикалык эсселери да басмага даяр турат.

Биз билгенден ал казак, өзбек тилинде өз тилиндей ой жүгүртө алат, орус тилин кенен түшүнөт, жакшы акынды, жакшы ырды баалай, талдай билет. Акынды бейтааныш дегенибиз, анын ырлары менен кенен тааныш эмес элек. Андыктан, акын Атакул Жакыповдун Т.Аширбайга берген баасы ашыкча болбостур деп, бир дем менен окуп чыктык. Акын Атакул Жакыпов: “Тайир Аширбайдын ысымы менен кошо таңдагы таттуу шүүдүрүмдөй тунук, таза ыр башаттуу асыл дүйнө ааламга ак жарык болуп төгүлүп келет, кыргыз поэзиясынын асманында аткан таң болуп сөгүлүп келет. Акын Тайир Аширбай:

Быйыл кар калың. Көп жааган,

Бешиктен белим чыгалек.

Таңдайга салып таптаган,

Үнүмдү эч ким угалек –  дегендей,  анын  элине  тартуулай  турган “Ачылыш” аттуу алгачкы ырлар жыйнагында чагылгандуу ойлорго толгон чынжыр үзгөн ырлары менен “Ала-Тоону атына өңөрүп, түгөнбөгөн дүйнөлүк адабияттын түндүгүн  көтөрүп,  жеңил-желпи  өлөңдү ырга салбаган” 21-кылымдын пасстонарчыл  духтагы  чоң  акын  келе  жатканынан кабар берет”, — деп, “чагылгандуу ойлорго толгон чынжыр үзгөн ырлар” тууралуу айтыптыр.

Ырас эле, автор айткандай, Т.Аширбайда “чагылган ойлор”, “чынжыр үзгөн ырлар” бар экен:

Кесилген башымды ыргыттым,

Капкара асманга шарт карап.

Кыйнаган канымды дүргүтүп,

Кыпкызыл кызгалдак таш жарат.

Суурулган тилимди кесем деп,

Сындырдым нечен миң кылычты.

Биз үчүн өлүм ак экен, ээ,

Дос бойдон душмандык кыл, Ышкым!

Бас кесмей жок эмей, бар эле,

Баш болуп мен көктөн куладым.

Мен деле Кудайга жар элем,

Тилим жок, айталбай турамын

(“Авлияхон Эшонго”. 28-бет).

Акыл-эсти будуң-чаң кыла, ойду сапырылткан бул ырга комментарий берүүнүн өзү ашыкча. Ыр өзү баарын айтып турат. Демек, баш сөз жазып, бата берген акын Тайир Аширбайга сууну тиктегендей баа берген, “чагылган ойлор”, “чынжыр үзгөн ырлар” тууралуу айтып жаңылган эмес.

“Ачылышты” жакшылап байкап, баамдаган кишиге Т.Аширбайдын Күн чыгыш адабиятын,  анын  ичинде  баарыбызды  суусатып  келген байыркы  кытай,  жапан  поэзиясын  кан-жанына  ушунчалык терең сиңиргени баамдалбай койбойт.

Албетте, ийгилик бар жерде кемчилик, ачылыш болгон жерде ачылбай калган нерселер болот. Андай мүчүлүштүктөр Т.Аширбайда да бар. Акындын “Кош  саптары”  менен  “Төрт саптары”  анын  изденүү  жолунда жүргөнүн, акын катары өз  үнүн,  өз  стилин  таап-таба электигин,  бышыгынан  чийкиси, бүтүнүнөн чаласы да көп экенин тастыктап турат. Поэзия – карекке сыйгыс, кучак жеткис дүйнө, андай болгондо, аны кош сапка же төрт сапка тыгып салганда болбойт. Акын сөз менен иштөөдө да мүчүлүштөрдү кетиргени көзгө урунат. Анын ырларындагы  айрым  сыйда, жибектей үлбүрөгөн, баркыт  саптарды  кармалагың келип баратып, копол, одуракай салыштырууларга урунуп, итиркейиң келип, колуңду кайра тартып аласың. Бул анын ар бир саптын түбүнө түн күзөтүп, түнөп чыкпаганын билдирет. Анысынан  да,  поэзияга  жат, такыр кайнаса каны кошулбаган кээ бир ойлорду кыйнап эле ыр кылып жазып койгон. Айрым  дурус  эле  ырларында  көркөмдүк, көркөм  ой  жүгүртүү  жетишпей,  аксап калган.

Жыйынтыктап айтканда, анын ырларындагы кандай кемчиликтер болгонуна карабай, Т.Аширбайды башкаларга эч окшобогон, өз жолун издеген, ошол жолдон артка кайткысы келбеген өжөр акын деп айтсак болот. А өжөрлүк жакшы касиет, ал акыры бир күн анын поэзия дүйнөсүнөн өз ордун, өз жолун табууга түрткү, экинчи дем берет деп айтсак эч жаңылышпайбыз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *