Парламент жыйынында “Ар кыл маселелер” саатында бир топ көйгөйлөр көтөрүлдү

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеӊеш депутаттары «Ар кыл маселелер» саатында өлкө аймагындагы көйгөйлүү делген маселелерди чечүү зарылдыгын аткаруу бийлигинен талап кылышты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, депутат Айнуру Алтыбаева КР Улуттук илимдер академиясынын бюджети 2008-жылдан бери өзгөрүүсүз келе жаткандыгына токтолуп: «Бүгүнкү күндө илимди өнүктүрүүнү мындай кой, аспиранттар алган 1450 сом жана илимдин кандитаты алган 7000 сом маяналарына кантип күн кечирет»,- деп, маселени кабыргасынан койду.

Чек арага танапташ айылдарга чек ара макамын берүүнү тездетүү зарылдыгына депутат Кубанычбек Нурматов токтолду. Эл өкүлү мындан сырткары, Нарын районунун Кеӊеш айылындагы мектеп жараксыз деп табылып, азыр окуучулар чатырда окуп жаткандыгына Өкмөттүн көӊүлүн бурду.

Депутат Элвира Сурабалдиева жарандарга ID- картын (паспортун) берүүдө бир катар жүйөөлөрүн келтирүү менен КР Өкмөтүнө караштуу Мамкаттоо кызматы элге иштебей эле, эл бул мекемеге иштеп жатат деп сынга алды. Мындан сырткары. Э.Сурабалдиева Бишкек – Кара-Балта жолун курууда майда дүкөндөр алынып, чоӊдору калтырылып жатканына жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын ачыктап, мамиле баарына бирдей болушу керектигин баса белгилди.

“Мурдагы вице-премьер министр, Жогорку Кеӊештни мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевдин кылган күнөөсү аныкталып, айып тагылып, мүлкү конфискацияланганда аны менен кошо иш алпарган айрым ишкерлердин (мисалы – “Тип-топ” ишканасы) мүлкү дагы адислетсиз түрдө конфискацияланган”,- дейт депутат Чыныбай Турсунбеков.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев Таш-Көмүр шаарынын мэри Р.Акматалиевдин каты менен тааныштырды. Анда Таш-Көмүрдөгү Тоголок Молдо жана А.Пушкин атындагы эки мектептин спорттук залы жоктугу, окуучулар кыш мезгилинде же жаан-чачын болгон убактарда мектеп далисинде дене тарбия сабагы өтүлөөрү айтылган. Эл өкүлү аталган эки мектептке спортук зал куруу маселесин 2019-жылдын бюджетине киргизүүнү өтүндү.

Өткөн жылдары Өзгөн районунун Аю-Сай айыл аймагындагы жер көчкүлөрдү эске салган депутат Аида Касымалиева жер көчүп кетиши толук мүмкүн болгон, кооптуу делген жерлерде жашагандардын жалпы саны төрт миӊге чамалаарына токтолду. Ал Өкмөттү өтө кооптуу делген аймактардын тургундарын жок дегенде чатырлар менен камсыздоого чакырды.

Өндүрүштү, туризмди региондордо жандандырууга багытталган мыйзам долбооруна 10 айдан бери Өкмөттөн корутунду келбей жаткандыгына нааразычылыгын билдирди. Ошондой эле М.Мавлянова Памирден көчүп келген мекендештерди турак-жай  менен камсыздоо зарылдыгын Өкмөткө жолдоду.

“Сот-укуктук реформалар, коррупция менен күрөшүү жатындагы маселелер төмөнкү инстанцияларга жетпей жатат” дейт Жанарбек Акаев. Бишкектин чет-жакаларынан маркумдун сөөгүн жерге берүүгө жер тилкеси үчүн пара талап кылгандарды ачыкка чыгаргандар кайра айыптуу деп табылгандыгына жаны ачыды.  Эл өкүлү иш мындай темп менен улана турган болсо бирөө-жарым коррупция тууралуу эч качан маалымат бербестигин айтты. Тилекке каршы, коррупция боюнча иштердин көзүн ачып бергендерге туура эмес маалымат тараттын деп, айыппул салынып жаткандыгын кошумчалады.

Баткен облусунда коӊшулар менен чек аралаш жашаган жергиликтүү тургундар коӊшу республиканын жарандары менен кыз алып, кыз беришип аралаш жашайт. Депутат Карамат Орозова андай үй-бүлөлөр балдарына тиешелүү документтерди алууда кыйынчылыктарга туш-болуп жаткандыгын Өкмөттүн астына койду.

Депутат Рыскелди Момбеков Талас менен Тараздын ортосундагы “Чоӊ-Капка” постунда күйүүчү май боюнча ири контрабанда өтүп жатканын жарыялап, контрабандага Өкмөт өзү жол берип жаткандыгын кошумчалады. Ошону менен катар эл өкүлү мунун себеби катары бизде бензин менен бензанолду айырмалоочу лабораториянын жоктугу менен байланыштырды.

0 Поделились