Абылгазиев: Өкмөттүн милдети – Кумтөрдөн көзкарандысыз экономиканы куруу

«Өкмөттүн милдети – Кумтөр кенинен көзкарандысыз экономиканы куруу», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылкы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету каралып жаткан учурда.

Өкмөт башчы парламент депутаттарынын көңүлүн атамекендик экономиканын учурдагы абалына жана негизги көйгөйлөрүнө бурду.

«Биринчиден, экономикабыздын Кумтөр алтын кенинен көз карандылыгы тууралуу билдирсек, биздин пикирде, бул – өлкөнүн экономикасын башкарууда өткөн жылдардын эң чоң катачылыгы, анткени өлкө экономикасы менен бирге социалдык маселелер да Кумтөргө байланып калган. Бүгүн Кумтөрдүн ишине ар түрдүү баа берсек болот. Сөз жок, бул долбоор 20 жылдан ашык аралыкта өлкөнүн экономикасын кармап турууда тарыхый роль ойногон. Бирок экономиканын альтернативдүү башка тармактарын өнүктүрүүгө тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай калган», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кумтөр эртеби-кечпи өзүнүн ишин токтотот, ошондуктан Өкмөт азыртадан тартып комбинаттан калуучу экологиялык жана социалдык көйгөйлөр мамлекеттик бюджетке залакасын тийгизип, оорчулук келтирбешинин үстүндө ойлонушу керек.

Өкмөт башчы ошондой эле кен казынасы менен энергетика чөйрөсүндөгү системалуу көйгөйлөргө токтолду, алардын катарына коррупциялык схемалар, контролдун жоктугу, кредиттердин жана гранттардын натыйжасыз пайдаланылышы кирет. Премьер-министр бул тармактар атамекендик экономикадагы стратегиялык багыттар катары каралаарын баса белгиледи.

«Учурда, энергетикалык сектордун карызы 102 млрд сомго чыкты – бул мамлекеттик бюджеттин дээрлик жарымынан көбүн түзөт. Быйыл биз бул карыздын 4,6 млрд сомун төлөшүбүз керек, ал эми карыз төлөөнүн чокусу 2025-жылга туура келип, 10,3 млрд сомго чыгат. Ал эми бул өлкөнүн экономикасына эң чоң оорчулукту алып келип, казынабызга чоң жүк түшүрөт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, Премьер-министр айыл чарбасында уюштуруу системасынын жоктугу (чаржайыттык), жүз миңдеген чарба жүргүзүүчү майда субъекттер, майда товардуулук, продукцияны өндүрүү – кайра иштетүү ¬– сатуу чынжырында инновациялык агромаркетинг инструменттеринин жоктугуна алып келип жаткандыгына токтолду.

«Айыл чарбасын өнүктүрүү – Өкмөттүн башкы артыкчылыгы, аймактардын социалдык бакубатчылыгынын негизи, элибиздин иш менен камсыз болушу жана өлкөнүн тамак-аш коопсуздугунун уңгусу экендигин белгилеп кетем. Өлкө региондорунун социалдык-экономикалык инфраструктурасынын начардыгына, бардык мүмкүнчүлүктөрдүн жана туризм потенциалынын толугу менен пайдаланылбай жатышына басым жасоо зарыл. Бул факторлор Кыргызстандын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө олуттуу тоскоолдуктарды жаратууда», – деп белгиледи Өкмөт башчы.