Маммүлк фондусунун экс-төрагасы Абдылдаевге издөө жарыялады

Мамлекеттик мүлк фондусунун экс-төрагасы Шералы Абдылдаевге айып тагылып, аны издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирген. Маалыматка ылайык Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы төрагасы Шералы Абдылдаев «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башка адамдарга карата козголгон кылмыш ишинин фигуранттарынын бири болуп саналат.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча сыртынан айып тагылууда. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Абдылдаевге баш коргоо чарасы камакка алуу чечими чыгарылып, ал издөөгө жарыяланды»,-деп айтылат маалыматта. УКМК анын кайда экенин аныктоо үчүн ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын кошумчалады.