КРнын Президенти Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Тынчтык жана журт биримдигинен өткөн дөөлөт жок»

Бүгүнкү күндө элибиздин аң-сезими кыйла өзгөрдү. Ашкере саясатташкан топтордун артынан ээрчимек турсун, алардын жасаган иштери, үгүттөрү сынга алынып жатат. Кыргызстан дүйнөдөгү глобалдык өнүгүүгө карата өз кадамын тездетүүсү керек. Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңештин трибунасынан өзүнүн программалуу сөзүн сүйлөгөндөн бери бир жылга жакын убакыт өтүптүр. Ушуга байланыштуу 11-апрель күнү мамлекет башчы парламентте өлкөнү өнүктүрүү боюнча план-аракеттерге жык толгон кайрылуусун жасады. Ошол кайрылуудан окурмандарыбызга сунуштап коюну туура көрдүк.

Тышкы саясаттын туруктуулугу инвестиция тартууну шарттайт

Акыркы бир жарым жылдын ичинде стратегиялык өнөктөш мамлекеттер менен кызматташуунун жаңы багыттары ачылып, үзгүлтүксүз байланыштар чыңдалып жатат. Айрыкча кошуна республикалар менен мамилебиз кайра оңдолуп, алака-катыш бир нукка салынып калды. Өткөн айда РФнын Президенти В.Путиндин Кыргызстанга расмий визит менен келишинин алкагында бир катар макулдашуулардын көлөмдүү пакетине кол коюлду. Россия стратегиялык өнөктөш катары абдан чоң колдоолорду көрсөтүп жатат. Элдин мүдөөсүнө багытталган ошол документтерди ишке ашыруу Өкмөттүн ыйык милдети. Түркия менен буга чейин топтолуп калган маселелер эки тараптуу талкууланып чечилип жатат. Стратегиялык өнөктөш мамлекет болгон Кытай менен алаканы жакшыртуу боюнча Президент С.Жээнбековдун Си Цзинпинь менен Пекиндеги жолугушуусу кызматташтыктын жаңы багытын ачты. Үстүбүздөгү жылы жергебизде Кыргызстан төрагалык кылган ШКУнун жана ЖККУнун саммиттери өткөрүлөт. Ошондой эле, быйыл Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин жана Си Цзинпиндин расмий визит менен келиши күтүлүүдө. Мына ушул аракеттердин баары чет мамлекеттерден инвестиция тартууну шарттап, экономикадагы позитивдүү жылыштарды камсыздашы керек. Парламенттеги кечээки кайрылуусунда мамлекет башчы бул боюнча аткаруу бийлигине олуттуу тапшырма бергенин айтты.

Мугалимдердин маянасы күздө көтөрүлөт, ирригациялык амбициялдуу долбоорлор ишке ашырылат

Мамлекеттин ички жана чек ара коопсуздугун сактоо башкы милдет бойдон калууда. Аз убакыттын ичинде 11 чек ара заставасынын комплекси курулду. Өткөн жылы аскерлер үчүн 10 турак үй, бир нече социалдык объектилер колдонууга берилди. Жыл башынан бери куралдуу күчтөр 125 автоунаа жана атайын техникалар менен камсыздалды. Контракттык аскер кызматкерлеринин маянасы 30 пайызга жогорулады. Чек ара өткөрүү пункттарын чыңдоо боюнча 12 пункт жабдылды. Эми “Достук”, “Бор-Дөбө” авто жол өткөрүү пункуттарын жаңылоо келерки жылдын аягына чейин ишке ашырылмакчы. Өткөн жылдын эсеби менен коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат 5,7 млрд. сомго жетип, ал кайра мамлекетке кайтарылган.

Дарыгерлердин айлык маянасы 2011-жылдан бери көтөрүлгөн эмес. Ал өткөн жылдан баштап үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысын жогорулатуу менен башталды. Быйылкы жылдын ичинде башка медициналык кызматкерлердин маянасын көтөрүү да караштырылып жатканы белгилүү болду. Ошондой эле мектеп мугалимдеринин айлык маянасы жаңы окуу жылынан кечиктирилбей көтөрүлө турганын мамлекет башчы билдире кетти.

“Азыр элетте бир дагы толук кандуу банк жок. Электрондук төлөмдөрдү жана мобилдик банкингдерди өнүктүрүү аркылуу аймактарда банктык кызмат көрсөтүүлөр кирет. Улуттук банк бул тапшырманы кечеңдетип жатат. Бул ишти активдештирип, тез арада жыйынтык көрсөтпөсө, тийиштүү чаралар көрүлөт. Улуттук банк коммерциялык банктарга аймактардагы долбоорлорду каржылоого багытталган стимулдарды сунушташы керек. Коммерциялык банктар ар бир аймактан бирден ири долбоорду каржылаган күндө да 25тен ашык долбоорду ишке ашырса болот”, – деди Президент С.Жээнбеков.

Мамлекеттик ипотека саясатын мамлекет башчы жеке көзөмөлүнө алганын айтты. Мамлекеттик ипотеканын пайызы мурдагы 14төн 7 пайызга чейин төмөндөтүлгөн жана аны 6 пайызга түшүрүү максатталып жатат. Ал үчүн бул түзүмгө бюджеттен каржылоодон тышкары, четтен инвестиция тартуу тапшырмасы да берилген.

Өлкө калкын таза суу менен камсыздоо программасынын алкагында былтыркы жылы 653 калктуу конуштун 31 конушу таза суу менен камсыз болду. Ал эми алдыдагы беш жыл аралыгында 622 айылга таза суу тартылып барат. Таза суу программасы жалпысынан 33,8 млрд. сомду талап кылууда. Ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу үч топко бөлүнүп, анын алгачкы тобуна 17 каржы булактары табылды. Экинчи топко кирген ирригациялык 17 объектини куруу үчүн инвесторлор менен сүйлөшүүлөр аяктап бара жатат. Бул иштер 2023-жылга чейин бүткөрүлүшү керек. Бу-га 18 млрд. сом керектелет жана 32 суу чарба объектилери ишке берилет. Жыйынты-гында 27 миң гектар сугат жер пайда болот. Үчүнчү тобу 2016-жылга чейин ишке кирип, 12 долбоор курулуп бүткөрүлүүсү мерчемделип жатат.

Ишкерге ыйгарылган жеңилдик өз ийгилигин берет

Өлкө экономикасын өнүктүрүүдө бир кыйла артыкчылыктуу багыттар белгиленип жатат. Алып айтсак, өнөр жай тармагын, агро өнөр жай комплексин, текстиль жана тигүү индустриясын, туризмди өнүктүрүү колго алынууда. Ишкерлердин баарына бирдей шарт түзүү, адилеттүү атаандаштыкты камсыздоо үчүн учурда мамлекет колдо бар аракетин  аяган  жок.  Элдин  жана  бизнес чөйрөсүнүн арасында мамлекеттик органдарга карата нааразычылыктар орун алууда. Мамлекеттик органдардын бизнеске мамилеси оңдолмоюнча элдин бийликке ишеничи болбойт. Ошондуктан мамлекет башчы ишкерлерди негизсиз текшерүү, алардын ишине кийлигишүү токтотулушу керек деген талап койгон. Ушундай максатта текшерүүлөргө эки жылга мораторий киргизилген. Ишкерлерди коргоого ала турган Бизнес-акыйкатчы институту түзүлдү. КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында Өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү комитети түзүлгөн, артыкчылыктуу секторлорду колдоо максатында салыктык мыйзамдарга бир катар өзгөртүүлөр да киргизилди. Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү ишканалардан кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылган. Соода-логистикалык борборлор, машинатрактор станциялары жана айыл чарба кооперативдери киреше салыгы, кошумча нарк салыгы, мүлк салыгы боюнча жеңилдиктерди алышты. Дотация алган аймактарда ачылып жаткан өнөр жай ишканалары 5-10 жылга чейин киреше салыгын, сатуу салыгын, жер жана мүлк салыгын төлөөдөн, ал эми технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду. Мына ушул сыяктуу бир топ мамлекеттик колдоолор өлкө экономикасын көтөрүүгө өбөлгө түзөрүнөн шек жок.

Жолдорду куруу жана энергетикалык ири долбоорлорду ишке ашыруунун реалдуулугу

Кыргызстанда тоо-кен өнөр жай тармагы коррупциялык желе менен чырмалышып калган. Президент С.Жээнбеков ушул кесепетти четтетүү жагдайына басым жасады. Аталган тармакта 18 миңден ашуун адам  иштеп  жатат.  Тоо  кен  тармагынан республикалык жана жергиликтүү бюджетке 12 млрд. сом көлөмүндө каражат түшүп турат. Бирок, тармактын өнүгүшүнө жана инвестиция  тартууга  коррупциялык  жол менен  лицензия  берүү  чоң  тоскоолдуктарды туудуруп, кадыресе алып-сатарлык көрүнүшкө айланып кеткен. Ушуга байланыштуу өткөн жылы лицензия берүү кылдат иликтенип, инвентаризациялоо тапшырмасы берилген эле.

Азыркы учурда “Түндүк-Түштүк” жолунун курулушу улантылып жатат. Суусамыр-Талас – Тараз жолунун 3-фазасы аяктоодо. Ал эми 4-фазасынын алкагында ал Казакстандын чек арасына чейин курулмакчы. “Исфана – Карагач” жолунун бүткөрүлөрүнө да аз убакыт калды. “Кара-Балта – Бишкек” жана “Маданият-Жалал-Абад” трассаларын салуу улантылып жатат. ЦАРЭС корридорлору алкагында “Түп-Кеген” жолун куруу долбоору боюнча донорлор менен макулдашуулар жүрүүдө. Талас менен Нарын облустарынын каттамдарын жакшыртууга багытталган “Арал-Суусамыр” жолун курууга да донорлор менен сүйлөшүүлөр башталды. Ысык-Көл айланма жолунун түштүк бөлүгүн куруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып жатат. Булардын баарынан тышкары, жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 чакырым жол асфальттанып туруусу каралууда.

Жакынкы жылдары эл аралык “Манас” жана “Ош” аэропортторун жана “Ысык-Көл” аэропортун модернизациялоо жүргүзүлмөкчү. Айта кетсек, Токтогул ГЭСинде акыркы 40

жыл  ичинде  реконструкциялоо  иштери жүргүзүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө анда реконструкциялоо иштери болуп жатат. 2023-жылга чейин гидроагрегаттарды модернизациялоо иштери бүткөрүлүп, 240 мегаватт кубаттуулук камсыздалышы керек. Андан тышкары, Үчкоргон ГЭСин оңдоп бүтүү, ал эми Камбар-Ата – 2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын 2023-жылы пайдаланууга берүү боюнча аракеттер көрүлүүдө. Камбар-Ата – 1 ГЭСин курууга инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. САSА-1000 долбоорунун алкагында электр линияларын куруу башталып калды.

2020-жылкы парламенттик шайлоодо бирдей мүмкүнчүлүк камсыздалат

Келерки жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Президент С.Жээнбеков шайлоо эрежелери бир жыл мурда баарына жайылтылып, андан соң өзгөртүлбөй тургандай болорун айтты. Партиялык системаны өнүктүрүү процессинде чыныгы саясий атаандаштыкты орнотмоюн, парламенттик демократияны түзүү кыйын. Азыркы учурда бизде партиялардын программасы, идеясы эмес, лидерликти талашкан саясатчылардын кармашы басымдуу. Мындай көйгөйлөрдү четтетүү үчүн саясий маданияттуулукту калыптандыруу зарылдыгы келип чыгууда. “Буюрса, биздин республика да жеке таарынычтардын эмес, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн идеялардын талашын жараткан, башкалар

суктанган демократиялык мамлекет болоруна ишенем. Биз үчүн акпейил, кеменгер элибиздин колдоосу – баарынан кымбат. Коррупцияга малынгандардын саботажы, айрым саясий күчтөрдүн каршылыгы болуп жатат. Уюшкан кылмыштуу кландык мафиянын коррупциялык иштери өлкөнүн өнүгүшүнө кедергисин тийгизгени коомчулукка белгилүү болду. Алар мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулугун жашыруу үчүн актанууга өтүштү. Бардыгы мыйзам алдында бирдей. Ультиматум тили эч качан кабыл алынбайт. Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат. Мамлекет түшүнүктөрдүн эмес, мыйзамдын алкагында жашашы керек. Мен бир күндү да текке кетирбей элим ишенген, Кудай буйруган президенттик милдетимди мамлекетти оңдоого жумшайм. Мындан башка менин милдетим да, карызым да, жашоомдун маңызы да жок”, – деп белгиледи Президент С.Жээнбеков. Ал коомдун тынчтыгын бузуп, элди бөлүп жарам  дегендерге  жол  бербесин  так  кесе айтты.

Назира АЛИЕВА.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *