КҮНКЕСЕЛ (Үчөө)


Буга чейинкисин бул жерден окусаңыз болот

— Аа… бул деген – Кумайык го?! – деп ийди бир убакта Ализаны көтөрүп турган Жибек.

— Кайсы Кумайык?

— Аруузаттын ити бар эле го, абдан акылдуу эмес беле? Сөзгө түшүнчү го, ошол экен.

— Кумайыкпы?..

Кумайык качантан бери Аруузаттын да, өзүнүн да атын уга элек болчу!  Бул анын бир чети ыйлагысын келтирип, эреркетип жиберди. Кичинекей досторуна азыр учуп жетип, бойлошуп-кучакташып туруп алып улуп-уңшуп ыйлагысы келип, муун-жүүнү бошой түштү! Бирок, антүүгө мүмкүн эмес эле. Алар коркуп кетиши мүмкүн, анан да бери жакта отуруп алып, узун сөзгө кирип алышкан энелери мунун сазайын беришмек. Ошондуктан, болгону гана аянычтуу кыңшылады ит. ..

— Кумайык Аруузатты издеп жүргөн окшойт, — деди Жибек аны түшүнө койгондой.

— Кантип билдиң? – деди өзү да ошону ойлоп турган экинчиси өз оюн бышыктагысы келгендей.

— Билем, мен кинодон көргөм, акылдуу иттер ээсин эч качан унутпайт.

— Анын ээси кайда кетти эле? – алардын жанындагы эркек бала бирде итти, бирде эки кызды аңкая карады.

— Алар деген мурда силер жашаган үйдө жашачу, — деди Жибек:  “Ошону билбейсиңби?” — дегендей үн менен.

– Алар силердин үйдө жашап жүргөндө, сен биякта жок болчусуң.

Экинчи кыз кепке аралашты:

— Анда Кумайык кичинеке-ей болчу, ээ? Билесиңби, алдагы куурчакты бизге бербей койчу эмес беле.

Сары кыз колундагы куурчагын карап койду да, күнөөлүүдөй:

— А муну мага кетип баратканда Аруузат өзү таштап кеткен болчу, — деди.

— Ал кайда кетти эле? – деди бала.

— Анын атасын бандиттер өлтүрүп кетишкенде, үйүн сенин атаңдар сатып алышкан. Аруузат менен апасы болсо, башка жакка көчүп кетишкен болчу. А силер бул байкуш итти кубалап жибергенсиңер! – Жибек баланы күнөөлөгөндөй, “ташка тамга баскандай” “тык-тык” этти.

Бала чычалап, кызарып-татарып кетти:

— Ики, кубалаган эмеспиз. Мен аны көргөн эмесмин. Мен айылдан келгенде атам айткан го: “Алардын ити оорулуу окшойт, тамак ичпейт же үй кайтарбайт, жөн эле жата берет. Ошон үчүн башка ит сатып келдим”, — деп.

— Анткени ал кожоюндарын сагынып ошенткен да!

Балдар-кыздардын кобур-собурунун баарын угуп, түшүнүп, бирок алар менен аралашып, сүйлөшүүгө тили жок, мүңкүрөп жатты ит.

— Анын курсагы ачып жаткан жокпу? – деди аңгыча кыздардын бири.

— Билбейм, — ийнин куушурду экинчиси. – Кел, тамак беребиз.

— Кел, — деген берки кыз эркек баланы карады. – Сен баласың го, бат чуркайсың да, үйүңө чуркап барып, бир нерсе алып келе койсоң?

—  Макул, — кыздын мактап койгонуна жетине албай, эрдин бекем тиштенип алып, көкүрөгүн кере, чымын-куюн болуп чуркаган бойдон кетти бала.

Ит башын көтөрүп, кыздарга муңайым карады.

— Ал бизди таанып жатат окшойт, э? Карачы, башка эч жакты карабай, бизди эле карап жатат, — деди Жибек.

— А балким, куурчагын таанып жаткандыр?

Сары кыз колундагы куурчагына бир, Кумайыкка бир карап койду да:

— Билбейм, — деди.

— Кел, берип көрөбүз?..

— Макул, — Жибек колундагы куурчакты сунду:

— Кумайык, сен муну таанып жатасыңбы? Бирок мен уурдап алган жокмун, ал өзү берген мага. Кааласаң ме, ал.

Анын сөзүнө түшүнгөндөй, Кумайык баш көтөрүп, жандана түштү. Анын чыны менен эле алгысы келип турганын кыздар да анын кыймылынан, көзүнөн түшүнүштү.

— Алам дейт, — деди берки кыз кошо жандана түшүп. – Чын эле алам дейт! Берип койбойлубу?

— Чын эле берип жатпаймынбы. Ме, ал! – курбусун эстеп кеттиби, же итке боору оорудубу, балким  куурчагына ичи ачыша түштүбү, Жибектин  үнү азыр ыйлап жиберчүдөй каргылданып, дирилдеп чыкты. – Кумайык, албайсыңбы келип?!.

(Уландысы бар)