ЖЭБден желген жарым млрд. доллар карызды кантип жабабыз?

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


“Кыргыз Туусу” гезитинин негизинен мамлекеттин кызыкчылыгындагы жана саясий-экономикалык, социалдык багытындагы олуттуу маселелерге басым жасаган, ага жараша саясаттагы күндөлүк саясий оюндардан мамлекеттин бүгүнкү жана келечектеги тынчтыгын, өсүп-өнүгүүсүн жогору койгон, ушул өңүттөгү мамлекеттик бийликтин саясатын дээрлик ар бир санында жарыялап келе жаткан салты бар. Ошол эле учурда бүгүнкүбүздү бүлүндүрүп, келечек багытыбызга кедергисин тийгизе турган жагдайларга да көз жумуп кое албайбыз. Айталы дегенибиз соңку күндөрү саясат тынч эмес. Аны козуткан айтылуу экс-президент А.Атамбаев болууда. “Кыргыз Туусу” гезити буга чейин, бери болгондо 1,5 жылдан бери А.Атамбаевдин ар кандай сөздөрүнө, жасаган кадамдарына (бирин экин макаланы эсе албаганда) дээрлик көңүл деле бурган жок. Атайлап деле көз жумган жокпуз, болгону эсине келээр, эртедир-кечтир элдин тынчтыгын, мамлекеттин туруктуулугун ойлоор дедик. Эл деле ошону күткөн.

Баары ЖЭБден башталды

Сыртынан караганда А.Атамбаев бийликти өз мөөнөтүндө өткөрүп, урмат-сыйы менен эле узагандай болгон. Бирок айтып  жүрүшкөндөй  алакандай  кыргыздын колдоочусу бар экени да чын белем, “ой бул жагыңарды эңшерип, тигил жагыңарды каңтарып” кетти дегенсип кыштын кыраан чилдесинде жаңы эле модернизацияланып бүттү делген ЖЭБ кырсыгы чыгып отурбайбы. Башталды анан. (Тарых музейи, Чолпон-Ата ипподрому ж.б.). Бүгүнкү күндө Атамбаевдин  Сапар  Исаков  баш  болгон, К.Кулматов, А.Ибраимов төш болгон ат кошчулары какылдап сотто сурак берип жатышат.

А.Атамбаевдин өзү бул жандоочторуна дегеле сөз тийгизейин деген ою жок. Өзгөчө, акыркы жолу 7-апрель күнүн эскерүү шылтоосу менен “Форумда” өткөргөн жыйынында “сатпагандар камакта, саткындар бийликте” деп, аларды катуу коргоду. Коргосун, анысында чатак жок. Бирок, аттиш салынган комплекти 640 доллар деп баалашып, 150 млн. долларлык долбоорду сүрөп отуруп, 386 млн. долларга чейин жеткиришип, анын ичинен тергөөдө сөз болуп жаткан 111 млн. долларды “оомийин” кылып жиберишкен деп айыпталып жаткандарды “апакай” көрсөтүүгө аракет кылуунун өзүн эмне деп айтсак болот? Атамбаев катардагы жаран эмес. Экс-президент. Бул жагынан алганда ал башкарган алты жыл аралыгындагы мындай чоң-кичине долбоорлордун аткарылышынын артында, жемкорлуктун желесинин тартылып жатышы Кыргызстанга саясий да, экономикалык жактан да оор кесепетин тийгизбей койбойт. Тийгизгени да калды. Эми Кытайга 386 млн. эмес, 500 млн. го жакын долларды кызылдай санап бермей болдук.

Омуроологон Исаков…Ордуна койгон Башкы прокуратура…

Абактагы С.Исаков жакында саясий билдирүүсүн жар салды. “Мага жана жогоруда аталган башка адамдарга карата коюлган айыптоо корутундулары укуктук негиздерден таптакыр куржалак жана саясий популизм менен укуктук түр көрсөткөн «шылуундуктун» аралашмасы болуп саналат”, – деди билдирүүсүндө.

Буга жоопту Башкы прокуратура өзү берди. Жоопто, тергөөнүн жүрүшүндө “Бишкек ЖЭБди модернизациялоонун” долбоорунун суммасы 2009-2010-жылдары 150 млн. долларды түзгөнү аныкталганы, кийин жүрүп отуруп 386 млн. долларга чыгып кеткени айтылат. “Кыргыз Республикасынын Президентинин ошол учурдагы администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы С.Исаковдун колдоосу жана басымы аркасында ТВЕАнын модернизациялоо жөнүндөгү сунушу кыска мөөнөттүн ичинде бардык процедуралык макулдашуулардан өткөн. Эгерде ТВЕА компаниясынын 2009-жылдагы Биш-кек шаарынын ТЭЦти модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу 200 млн. АКШ дол-ларына сунуштоосу, «Электр станциялары» ААК тарабынан 150 млн. АКШ долларындагы баада аткарууга сунушталган альтернативалык долбоорго караганда кымбат экендиги белгиленип баш тартылгандыгын жана 386 млн. АКШ долларынын ичинен бир дагы цент салык жана башка мамлекетке бюджетке төлөнүүчү төлөмдөр кошулбагандыгын эске алсак, эл аралык аудит жана экспертизасыз эле аткаруучу тарабынан модернизациялоонун баасы өтө эле жогору экендиги айдан ачык көрүнүп турат”, – деп билдирет Башкы прокуратура.

Андан  ары  соттук-курулуш  жана  техникалык комплекстик экспертизанын корутундусуна  ылайык,  С.Исаковдун,  дагы башка кызмат адамдарынын жана айрым кызыктар тараптарынын коррупциялык иш-аракеттеринин натыйжасында, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына 5 439 527 482 (беш миллиард төрт жүз отуз тогуз миллион беш жүз жыйырма жети миң төрт жүз сексен эки) сом же болбосо 111 252 797 (жүз он бир миллион эки жүз элүү эки миң жети жүз токсон жети) АКШ долларындагы зыян келтирилгендиги белгиленет…

Эл аралык экспертиза аттиштин баасын 600 доллар дебесе керек…

Учурунда С.Исаков өсүп келаткан жаш кадр катары баарыбызга эле жакшы таасир калтырчу. Кезегинде ал А.Атамбаевди жандагандай эле М.Бакиевдин да колтугунда жүргөндүгү көп деле көңүлгө алынчу эмес. Кимдер гана иштешкен жок, кимдер гана жандаган жок дечүбүз. Ошону менен колдон суурулган бул “жөндөмдүү” жигиттин ЖЭБдин кара көөсүнөн жууна албай жатып, Чолпон-Ата ипподромундагы иштерге “илингени”, Тарых музейиндеги “таламайга” катышканы да белгилүү. Дагы эле Башкы прокуратуранын жообуна кайрылалы: “С.Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын коррупциялык иш-аракеттеринен жана II Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын  өткөрүүгө  Бактуу-Дөлөнөтү  айылындагы  ипподромду  реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууга тийиштүү деңгээлде  көзөмөл  жүргүзбөгөндүгүнүн натыйжасында,  мамлекетке  жалпысынан 144 052 023,64 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.  С.Исаковдун  жогорудагыдай эле аракеттери Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо долбоорунда да орун алып,  мамлекетке  101 690 800 сом зыян келтирилген”.

Жетишет го дейм. Демек, С.Исаковдун билдирүүсүндө  айтылгандай  бул  саясий куугунтук эмес. Ал жана башка Атамбаевди “сатпагандардын” кыргызга кылган кыянатчылыгы болуп саналат. Учурда соттук тергөө иштери уланууда. Атамбаевдин “аппагынын” канчалык “апакай” экендигин ошол соттук териштирүүлөр аныктайт. Ага чейин эч кимибиз ак же көк дей албайбыз. Ушул жерде да А.Атамбаев “эл аралык экспертизаны чакырбайсыңарбы” деп атат. Чакырса деле болот. Бирок, базарда ашып кетсе 300 сом турган аттиштин баасын, эмнеге 600 долларга чыгарып жиберишкенин кантип түшүндүрө алышар экен?! Ушунун өзү эле көп нерсени каңкуулап турбайбы?