“Алымкан”: Кимге ишенели, жазуучу Ш.Абдырамановгобу же акын Ж.Бөкөнбаевгеби?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Адам сыяктуу эле ырдын да тагдыры, өз тарыхы болот. Токтогулдун “Алымканы” мына ошондой тагдыры бар, адабий журтчулуктун гана эмес, жалпы коомчулуктун кызыгуусун жараткан ыр. “Алымканга” болгон кызыгуу өткөн кылымдын соңунда, 90-жылдарда жаралды. Анткени, мына ошол убакта Токтогулдун айрым ырлары акын тарабынан ырдалганы, өзү жаратканы күмөн жарата баштаган. Ушундан улам, акындын “Алымкан” аттуу ырынын каарманы Алымкан ойдон чыгарылган образбы же тарыхта болгонбу деген да, күдүк ой, бүдөмүк суроолор жаралып, бул темада алгачкылардан болуп, ал убактагы жаш адабиятчы Уран Ботобеков (Ботобеков У. Ак шайы жоолук Алымкан: Токтогулдун «Алымкан» аттуу ырынын тарыхынан [Текст] / У.Ботобеков // Кыргызстан маданияты. – 1990. – №32. – 9-авг.) жазып чыккан.

Бүгүнкү күндө Алымкандын тарыхый инсан экени, тарыхта болгону эч кандай талаш жаратпайт. Мындагы күдүк ойлорго түрткүлөгөн жагдай — ырдын Токтогулга таандык же таандык эместиги эмес, ырдын айланасында талаш жараткан суроо — Токтогул менен Алымкандын ортосундагы мамиле, “Алымкан” аттуу ырдын жаралуу тарыхы жана ыр кимге же кайсы Алымканга арналгандыгы. Бул суроолордун келип чыгуу төркүнүн түшүнсө да болот, анткени ырдагы каармандын кейипкери аксылык Алымкан Субан кызы экенинен күмөн жараткан жагдайлар арбын. Анда сөз кезеги менен болсун.

“Токтогул району” энциклопедиясына (Башкы ред. Ү.Асанов; Ред. колл.: О.Ибраимов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5) негизделип, Уикипедияга (https://ky.wikipedia.org/wiki/Алымкан) берилген маалыматта (кыскартуулар менен берилди – авт. Б.Т.): “Алымкан Субан кызы (1874, Аксыдагы Бакаулак кыштоосу — 1942, Аксы) — Токтогулдун сүйгөн селкиси, “Алымкан” аттуу ырдын каарманы. Аксыдагы саруу уруусунан чыккан Субан аттуу бийдин кызы. Атасы төрт баланын ичинен Алымканды артыкча жакшы көрүп, жанына алып жүрүп, эркек балача тарбияланат. Он алтыга чыкканда сулуунун сулуусу, акылдуунун акылдуусу болуп чыга келет. Токтогулдун шакирти А.Үсөнбаевдин маалыматына таянсак, Токтогул Аксыга атактуу комузчу Борош уулу Ниязаалыга барып жүрүп, Кашкасуу жайлоосунан Алымканды көрүп, көзү түшөт. Бирок Алымканды атасы мурдатан кудалашкан Токтосун баатырдын иниси Бекинин Осмонаалы деген уулуна берет.

Күйөөсү Осмоналынын калк арасында кадыр-баркы артып турганда Алымкандын сулуулугуна суктанган Жумаш аттуу жигит Осмоналыны үйүнө чакырып, бозого уу кошуп берип өлтүрөт. Жесир калган Алымканды сатыкейлер колдон чыгаргысы келбей Осмоналынын бир тууган агасы Өмүрбекке нике кыйышат. Өмүрбек да бул дүйнөдөн өтөт. Үчүнчү жолу Бокмурун аттуу таластык адамга турмушка чыгат. Андан Жусуп аттуу уулдуу болот. Мындан башка да Алымкандын үч уулу болгон. Бирок Жусуп он жашка чыкканда чарчап калат, күйөөсү Бокмурун да көп өтпөй эле жарык дүйнө менен коштошот. Алымкандын урпактары учурда Аксы аймагында жашашат” – деп айтылат. Бул маалымат боюнча “Алымкан” аттуу ырдын кейипкери — Аксыдагы саруу уруусунан чыккан Субан аттуу бийдин кызы Алымкан.

Токтогулдун сары изине чөп салып изилдеген белгилүү адабиятчы Абдыкерим Муратов “Такталбаган Токтогул” адабий-тарыхый изилдөөсүндө (Бишкек – 2014) Токтогул менен Алымкандын мамилесине жана “Алымкан” аттуу ырдын жаралыш тарыхына кенен токтолуп, “Алымкандын айланасындагы сөз, же Токтогул Кытайда болгонбу?” деген бөлүм арнаган. Адабиятчынын бул маселеге кенен-кесири токтогону бекеринен эмес. Буга жазуучу Шабданбай Абдырамановдун “Тарыхтагы ак тактар: тарыхый изилдөө” деген эмгеги (Абдыраманов Ш. Тарыхтагы ак тактар: тарыхый изилдөө – Б.: 2007. – 185 – 187-бб.) түрткү бериптир. Өз кезегинде жазуучу Ш.Абдырамановдо Токтогулдун “Алымканы” аксылык Субан кызы Алымканга арналганына күдүк жаралышына өткөн кылымдын 50-жылдарында Сузак районунун борборундагы ашканада түнкү кароол болуп иштеген 65–70тер чамасындагы Касым деген кишиден уккандары негиз болгон. Токтогул сүргүндөн качып келген соң да, артынан куугунтук токтобогонун, ошондон улам Кашкар тарапка кетип, ал жактагы кыргыздардын арасында бир канча жылдар туруп калганын эскерген жазуучу Ш.Абдыраманов акын ал жактан “жаш жана сулуу Алымкан аттуу аялды сүйүп калганын” Кытайдан келип, кароолчу болуп иштеген Касым 65-70 жаштардагы абышканын айткандарына жөлөнүп айткан. Касым аксакал өткөн кылымдын 50-жылдарында 65-70 жаштарда экенин, Кытайдан келгенин эске алсак, “ал киши Токтогулду өз айылында көргөнүнө” да, акындын “Алымканын” өз кулагы менен укканына да ишенсе болот. Эң жөнөкөй арифметикалык эсеп менен алсак деле, Токтогул Кашкар тарапка барган убакта, Касым 18-20лардагы курактагы убагы болот экен. Тестиер болсо да, башка бир ырчы менен чаташтырып жаткан чыгар деп айтсак болор эле, эс-акылы толук, ошол кезде укканын арадан жарым кылым өтсө да унутпай келаткан кишини жаңылышып жатат, калпыс маалымат деп айтууга эч негиз жок. Анан калса, 65-70ке келип, пайгамбар жашынан өтүп калган карапайым кароолчуга “Токтогулду өз айлымдан көргөм, ырдаганын уккам, Алымкан деген келинди сүйүп калган, ал тургай үйлөнгөн” деп айтканчалык эмне күч келиптир?!! Демек, жазуучу Ш.Абдыраманов ал кишини ишенимдүү маалымат булагы катары кабыл алып, эч кандай жаңылышкан эмес.

Жазуучу Ш.Абдырамановдун Токтогул Кашкарда болгон деген ишенимин даңазалуу кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын Кыргызстанга келгендеги жазуучулар менен жолугушуусунда Токтогулдун Кытайда жашап кеткендиги тууралуу билдирүүсү дагы да бекемдептир.

Мындан 6-7 жыл мурда кытайлык кыргыз окумуштуусу Макелек Өмүрбай Кыргызстанга келгенде, “Аалам кыргыздары” журналынын негиздөөчүсү А.Атабаев жана ушул саптардын автору болуп, “Алымкан” ырынын жаралуу тарыхын иликтеп, ары текстологиялык талдоо жүргүзүү максатында Чоң-Алайга чейин барып, илимий экспедицияда болуп келгенбиз. Акын Ж.Бөкөнбаев тарабынан жазылып алынып, элге кеңири тараган “Алымканда” “Атка салган дилдейсиң” десе, кытайлык кыргыздардын арасында тараган Токтогулдун “Алымканында” “Күлүккө жапкан жүлдөйсүң” деп ырдалат экен. Дилде – алтын деген түшүнүк, дилдени атка салбайт, жүл – колго согулган килем, шалча. Илгери кыргыздар аттын жасалгасына аябай баа берип, аны үртүктөп, атка жүл жабышкан. Жүл – килем десе эле, азыркыдай дубалга илинип, полго төшөлгөн узун-туурасы 4*4 оор килемди эмес, колго согулган шалчаны элестеткенибиз дурус. Кытайлык адабиятчы Макелей Өмүрбай эмне үчүн ырга текстологиялык иликтөө жасаганын өзү айтат чыгар. Биздин оюбузча да “Алымкан” текстологиялык иликтөөгө муктаж.

Минтип “Алымкандын” жаралуу тарыхына кызыккан жеке эле биз эмес, маркум акын Жолон Мамытов да кызыгыптыр. Адабиятчы А.Муратов: “80-жылдардын орто чендеринде Кызыл-Суу кыргыздарында болуп, алардан мурда Токтогулдун болгондугун угуп, анан келип, «Тегирментидеги 90 күн» аттуу драмасын ыр менен жазып жатып, бүтпөй көз жуумп кетти. Анда Токтогулдун дал ошол кызыл-суулук кыргыздарда болгондугу, андагы болгон сүйүүсү жөнүндө баяндалат. Демек, Токтогулдун Кашкарда болгондугун анык» экенин айта келип, Токтогул жүргөн айыл – Кытайдын Шыңжан автоном республикасынын Кызыл-Суу облусунун Улуу-Чат ооданына караган Тегирменти айылы болушу мүмкүн деген ойду айтат. Мүмкүн, Токтогул качып-бозуп жүргөндө баш калкалаган айылы Тегирменти айылы болсо болгондур. Дегенибиз, бул айыл чек арага, биз тарапка жакын айыл эмеспи.

Андай болгондо, Токтогулдун “Алымканынын” кейипкери аксылык Алымканбы, же кашкарлык, тагыраагы кызылсуулук (тегирментилик) Алымканбы? Дегеле Алымкан Субан кызы тууралуу эмнелерди билебиз, анын урпактары эмне дешет, бизге белгилүү кандай маалыматтар бар? “Залкарлар сүйгөн сулуулар” аттуу китебинде Токтогул, Атай, Мухтар Ауэзов, Аалы Токомбаев, Жоомарт өңдүү залкар таланттардын махабаты, алар сүйгөн сулуулардын тагдыр-турмушу оозеки жана жазма маалыматтардын негизинде көркөм баяндаган акын, жазуучу жана адабиятчы Самсак Станалиев Токтогул менен Алымкандын ортосундагы мамиле жана “Алымкан” ырынын жаралуу тарыхынан кый өткөн эмес. Анын айтымында (http://kmb3.kloop.asia/2012/04/05/alymkan-degen-kim-bolgon-3/«Леди.КГ» («Кыргыз гезиттер айылы»), 27.03.2012-ж.): “Аксынын ак шайы сулуусу 1874-жылдын кеч күзүндө, Кой-Таш айылынын жогору жагындагы Бака-Улак кыштоосунда жарык дүйнөгө келиптир. Атасы Субан жайытына малы, төрүнө баскан байлыгы батпаган, тектүү жерден тээк издеп, жакшы жерден чыккандар менен теңирин сүйүп катташкан, өзгөлөрдөн өз кадырын өйдө койгон адам болуптур. Угуттуу саруу уруусунан таралган оготур уругуна таажылуу бий болуптур.

Субан бийдин үч аялы болуптур. Үчүнчү аялы болгон маңдайы жарык Макмалдан Абдылда аттуу уул, Алымкан, Мээлкан, Уулкан деген чолпондой үч кыз көрөт. Кыздарынын арасынан Алымкан атасына жакын өсөт”. “Алымкан тарыхый инсан” (https://muras.turmush.kg/unews/un_post:3617) аттуу макаланын авторлору Т.Кененсариев, А.Калбаевдин Алымкан тууралуу маалыматы куду ушул маалыматка коендой окшош: “Аксынын ак шайы сулуусу Алымкан Субан кызы (1874-1942) 1874-жылдын кеч күзүндө, азыркы Аксы (мурунку Жаңы-Жол) районунун Кой-Таш айылынын жогору жагындагы Бака-Улак кыштоосунда жарык дүйнөгө келиптир. Бул жер азыркы Аксы району бир кезде эки районду түзүп, анын бири болгон Жаңы-Жол районун борбору Мал-Калды айылынын бет маңдайында жайгашкан. Мал-Калды илгертен мал киндиктүү жер болуп, ал жөнүндө атактуу Жеңижок: “Булбулуң акын Жеңижок, Байкатып эми айтып бер. Кутмандуу жерим Малкалды, Качанкы өткөн заманда, Кырылып калбай төрт­түлүк, Күнгөйдө оттоп мал калган, Мааниси калып ошондон. Мал калды деп аталган” деп ырдагандыгы маалым.

Атасы Субан саруу уруусунун окатар (оготур) уругунун белгилүү бийлеринин бири болгон. Субан бийдин үч аялы болуп, маңдайы жарык Макмал деген үчүнчү аялынан Абдылда аттуу уул, Алымкан, Мээлкан, Уулкан деген үч кыз көргөн. Кыздарынын арасынан Алымкан атасына жакын болуп өскөн”.

Токтогул менен Алымкандын ортосундагы мамиле тууралуу акын, жазуучу жана адабиятчы С.Станалиев мындай баяндайт: “Токтогул менен Алымкандын качан, каерден, кандай абалда кез келгенин эч ким биле албайт. Алымкан деп ойго батып, күйдүм чок болгондордун жараткан ырлары Токтогулга да жетип, ушундан улам акын Алымканды көрөйүн, шарты келсе жакындардан жөн-жайын сурайын деген болуу керек. Акыры ал тилеги аткарылат. Анысы бул окуя менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Жеңилбес ырчы Жеңижок менен комуздун кылын сүйлөткөн Ныязалыга бир ирет барган кезде сөздөн-сөз чыгып олтуруп Токтогул өз тагдырын, жаш кездеги бир арманы болгон, көөнүнө жагып, көңүлү арбалып, бирок, көөдөндөн сыр чечишип бир боло албай калган Толгонайын айтат. Кеп учугу уланып «Аксылык жигиттердин ыры» аталган Алымкан жөнүндө сурап, кызыгы ойгонот. Жоомарт Бөкөнбаевдин жазганына караганда 1890-жылдары Кашкасуу жайлоосундагы бир жыйында Токтогул атын угуп, акылына түйүп жүргөн Алымканына жолугат. Ал кезде Аксынын сулуусу Алымкан 16да, Токтогул 26ларда болот. Токобуз Алымканды алгач көргөндө, анын жанда жок жароокерлигине, сүйгөн жандан кездешпес сүйкүмдүүлүгүнө таң калса керек да, анын кайсы бир жактарынан Толгонайды көрүп, ага назарын салып, жылдызы келишсе керек.

Ушундай өкүнүч менен бүткөн сүйүүсүнүн арты менен тапкан арзуусу азыркыга чейин ырдалып келет. Жеңижок менен Ниязалы Токтогулга жардам кылышкан. Эки жаштын жолугушуп кол алышына, көңүлдүн сөзүн көңүлгө салышына шарт түзүшкөн. Алымкандын жеңеси Айбүш аркылуу сүйлөшүп, Айбүш аркылуу өзгө көзгө көрүнбөй жолугушуп турушкан экен. Ал кездин жолу ошондой болгон. Кошумчалай турган сөз, Алымкан ырчыны сынынан өткөзүп, жактырганы кандай экенин сурап, айтор, көкүрөгүнө жакын алып жүргөн жайы болгон имиш. Акыры эки ашык беришкен сөздөрүн бекемдеп, Алымканды жеңеси аркылуу чыгарып, Токо өз жерине алып кетмек болот. Тилекке каршы, Токтогул менен Алымкандын ою ишке ашпайт”. “Алымкан тарыхый инсан” аттуу макаланын авторлору (Т.Кененсариев, А.Калбаев – авт.) деле Токтогул менен Алымкандын ортосундагы мамилеге Жоомарт Бөкөнбаевдин жазганына жөлөнүп сөз кылышкан. Болгону “Токтогулдун Алымканды ала качканы туурасында имиштер да боло келген. Бирок, иш жүзүндө андай окуя болбогон” деген бейкүнөө кошумча бар.

Адабиятчылар жана тарыхчылар (С.Станалиев, Т.Кененсариев, А.Калбаев) Алымкандын кийинки тагдырын мындайча баяндашат. Субан бий сатыкей уруусунун мыктысы Беки менен кудалашып, анын уулуна кызы Алымканды бергенине мындай бир окуя себеп болуптур. Сатыкей уруусунан Токтосун, Беки деген бир туугандар тың чыгып, кырктын кырына келгенче жашоосу ат үстүндө өтүп, тиги кең далааны мекендеген казактарга барып жылкы тийип келчү экен. 1890-жылдардын этегинде Субан бийдин эки-үч үйүр жылкысы жоголот. Бий Токтосунга күдүк санап, доо артып, жалаа жаап, ууру тутат. Ачуу менен айтылган доо кайрылып өз башына тийип, сатыкейдин мыктысы Токтосун “бийдин көзү тумандап калган экен, бий башы менен жалган жалаа жапты, алдыма келсин, уурулук эмне экенин көрсөтөйүн” дейт. Бармагын тиштеген Субан бий Токтосундан кечирим сурап, кызы Алымканды Токтосундун иниси Бекинин Осмонаалы деген уулуна берип, куда-сөөк болууга макулдугун берет. Алымкан Осмонаалыдан Тазабек, Тасма деген эки уул көрөт. Адабиятчылар ашыра көркөмдөп ийгенби, же чынында эле турмушта ошондой болгонбу, “экинин энеси болсо да кыз сынынан кетпеген Алымканга анын никелүү аял экенине карабай ашык болгондор көп болуп, алардын бири Жумаш Алымканды алсам деген оюнан кайтпай жүрүп Осмонаалыны жайлап тынат”. Арийне, арам ойлуу адамдын арам тилеги эч качан ишке ашкан эмес, колу канга боелгон Жумашка Алымканды ким эле кармата бермек эле, сатыкейлер ата салтын карманып Осмонаалынын бир тууганы Өмүрбекке нике кыйышат. Экөө Сыдык аттуу бир балалуу болгон соң, 1910-жылы Өмүрбек каза тапкан. Алымкан 7 жыл жесир жүрүп, Субан бийдин иниси Шайдылда болуштун чечимине ылайык, 1917-жылы Таластан жер которуп келген Бокмурун деген менен жылдызы келишип, ага баш байлаптыр.

Пешенеге жазылган тагдырдан эч ким качып кутулган эмес, жазмыштын бир буйругу менен Субан бийдин кызы Алымкан үч ирет турмушка чыгып, биринчи күйөөсү Осмоналыдан эки балалуу, экинчи күйөөсү Өмүрбектен бир балалуу болгон экен. Ошол эсил кайран адамдардын тукумдары чоң энелери Алымкан, Токтогул менен Алымкандын ортосундагы мамиле, дегеле “Алымкан” аттуу ыр тууралуу эмне дейт, кандай пикирде экенин билип койсок ашыкча болбойт.

Т.Кененсариев, А.Калбаев журналист М.Өсөров 2008-жылы “Аксыда Алымкандын небереси жашайт” дегенди угуп, атайы издеп барганын, Аксынын Мал-Калды деген айылынын Таштак деген жеринен Алымкандын небереси 81 жаштагы Жамшитбек менен жолугушканын жазышат. Жамшитбек аксакал атадан келаткан наркты бузбай, алыстан ат арытып келген токтогул таануучу М.Өсөровго Тазабектин уулу экенин, чоң энеси Алымкандын колунда чоңойгонун айта келип, бир топ баа жеткис маалыматтарды бериптир. Ошол эле маалыматты аты аталган авторлор 2014-жылы августта Малкалдыда Жамшитбек карыяга жолукканда өз оозунан да угушкан экен.

Жамшитбек карыянын айтымында, чоң энеси Алымкан төрөгөн балдарды: атасы Тазабек менен анын бир тууганы Тасманы өз колу менен о дүйнөгө узаткан. Алымкан чоң энеси орто бойлуу, ак жуумал, карыса да көзү карагаттай жайнаган, кара каш, келбеттүү, жүргөн-турганы чапчаң, мүнөзү курч, акылга бай, каада-салтты бекем кармаган нарктуу, казаны оттон түшпөгөн, келим-кетимдүү, сөзгө уста, ырга жакын, беш убак намазын үзбөгөн байбиче болгон.

Жамшитбек тестиер кезинде чоң энеси менен айтылуу Арстанаалы Осмонбеков салдырган чоң ак тамда жашаптыр. Улуу Ата мекендик согуштун алдында Фрунзеден Калык, Осмонкул, Алымкул баштаган артисттер келип, Атай Огонбаев Токтогулдун «Алымканын» ырдайт. Жамшитбекке теңтуштары «сенин чоң энеңди ырдап жатат» дешет. Тестиер Жамшитбек чоң энесинен: «Токтогул сизди ырдаган турбайбы, ошону бүгүн артисттер ырдады» дейт. Анда чоң энеси Алымкан: «Биздин эшикке келип ырдап кетип жүрчү. Ырчы киши ырдайт да, балам. Ырды ырдасын деп чыгарат» деп негедир жактырбагансып коет.

Демек, Токтогул менен Алымкандын ортосундагы мамиле, “Алымкан” аттуу ырдын кимге арналгандыгы Субан кызы Алымкан төрөгөн балдарды, анын неберелерин да кызыктырган. Алымкандын чөбөрөлөрү, кыбыралары да бул суроого кайдыгер эмес. Аксы районунун Кичи-Акжол айылынын тургуну 64 жаштагы Кеңешбек Айтикеев Алымкандын экинчи күйөөсү Өмүрбектин Эгизаалы деген баласынын Самар деген кызынын уулу. Бир сөз менен айтканда – жээн. Анын айтымында, Субан кызы Алымкан төрөлүп өскөн Малкалды айылы Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн аймагында. Илгери ушул Малкалдыда саруунун оготур, сатыкей уруулары жашап, Субан оготур уруусунун бийи болуптур. Үйү улагалаш, кою короолош жашаган сатыкейлерден Беки дегендин Осмоналы, Өмүрбек деген эки баласы болуп, Алымкан Осмоналыга турмушка чыгып, ал кайтыш болгондо, салт боюнча иниси Өмүрбекке нике кыйылган экен.

Кеңешбек Айтикеев чоң таенеси Алымканды өз көзү менен көрбөсө да, “Алымкан” аттуу ырдын жаралуу тарыхына кызыгып, таякеси Абас менен Жамшиттен: “Токтогул менен көрүшкөн бекен, экөө жолукса, Токтогулга тийсе болбойт беле” деп сураган экен. Анда таякеси Абас: “Бийдин кызы болсо, Токтогул Алымканга чоң энебизге даап жолуга алмак беле? Чоң энем өзү деле Токтогул менен көрүшкөн эмесмин” десе, таякеси Жамшит: “Концерт келип, артисттердин бири “Алымканды” ырдады. Чоң энемен “Алымкан” сизге арналды беле?” десем, “Токтогулду көргөн эмесмин” деген” деп, К.Айтикеевдин эки таякеси, Алымкандын эки небересинин сөзү бир жерден чыгыптыр. Кеңешбек Айтикеев бийдин кызы (Алымкан) менен кедей ырчынын (Токтогулдун) ортосунда арзуу мамилеси болгонуна ишене албайт. Ал заманда бийдин кызына бийдин балдары, жок дегенде байдын балдары гана сөйкө тагып, бийлер менен бийлер гана куда-сөөк болгонго, тең ата сүйлөгөнгө укуктуу болушкан. Бийлер ырчыларды теңине алган эмес. Демек, адабиятчылардын Токтогул менен Алымканды арзыштырып койгондуктары ойдон чыгарылган нерсе. Токтогул канчалык таанылган ырчы болбосун, өзү кедей-кембагал болгон соң, экөөнүн ортосунда арзуу мамилеси болушу мүмкүн эмес дейт. Адабиятчы А.Муратов жазуучу Ш.Абдырамановго таянып: “Т.Касымбеков сценарийин жазып, Б.Кайыпов бул темада кино тартканы 1962-жылы Аксыга барса, ал кезде Субанкул болуштун кызы (Ж.Бөкөнбаевде Осмонбек болуштун тууганы Кудайберди бийдин кызы – М.А.) Алымкан 82 жаштагы кемпир курагында экен, «Мен Токтогул деген ырчынын жүзүн да көргөн эмесмин, тоюмда ырдаганын кийин атамдан уккамын» деп айтып, балдары чогулуп келип, кинону ал жерден тарттыртпай коюптур[4]” дегени менен кошулбай кое албайбыз.

Алымкан менен Токтогулдун ортосундагы мамиле тууралуу сөз болгондо, Субан кызы Алымкандын өз балдары, небере-чөбөрөлөрү айткан баяндар, алардын чындыктары, “Алымкан” аттуу ырга болгон позициялары өтө маанилүү. Биз каалайбызбы же жокпу, алардын пикирлери менен эсептешпей коюуга болбойт жана алардын айткандарын төгүндөй да, жокко чыгара да албайбыз. Ушул өңүттөн алганда, Субан кызы Алымкандын небере-чөбөрөлөрү чоң энелери Алымкандын өз оозунан уккан сөзүнө таянып, Токтогул менен Алымкан экөө көрүшкөн эмес, демек арзуу мамилеси болгон эмес, аны адабиятчылар өздөрү чыгарып алган жомок. Демек, андай болгондо Токтогулдун “Алымканы” кимге арналганын тактап, агын ак, карасын кара кылып ажыратуу биздин парз.

Эгер Токтогул менен Субан кызы Алымкандын ортосунда арзуу болбосо, анда “Алымкан” аттуу ырдын ага арналганы да күдүк жаратат жана жазуучу Ш.Абдыраманов Кытайдан келип, Сузак районунун борборундагы ашканада кароолчу болуп иштеген 65-70 жаштардагы Касым аксакал айтып кеткен “Алымкан” ырынын жаралуу тарыхы чындыкка жакындай туюлат.

Жазуучу Ш.Абдыраманов жазып алган “Алымкандын” текстти мындай:

Кашкардын тоосу кайрылыш,
Камыгып учат улуу куш.
Кайрылып сени көрөмбү,
Алымкан,
Карыпка болду кыйын иш…

Букардын тоосу бурулуш,
Буулугуп учат улуу куш
Бурулуп сени көрөмбү,
Алымкан,
Муңдууга болду кыйын иш…

Көк кештеп тиккен жоолугуң,
Көп санаа кылат жоругуң.
Көрүнбөй кетем аргасыз,
Алымкан,
Көнөөсү тагдыр жолумун…

Сары кештеп тиккен жоолугуң,
Сарсанаа кылар жоругуң.
Сабылам, кетем аргасыз,
Алымкан,
Запкысы тагдыр жолумун…

Көк алма жыттуу берекем,
Көкөгө датым жөнөтөм.
Катарлаш учуп кетүүгө,
Алымкан,
Коогада башым… канетем?

Ак алма жыттуу берекем,
Ай-күнгө датым жөнөтөм.
Абайлап учуп кетүүгө,
Алымкан,
Арсарда башым… канетем?

Күлүккө жапкан дилдейсиң,
Гүлдөгөн күлгүн гүлдөйсүң.
Күйүтүм, бугум ичимде,
Алымкан,
Көмүскө ыйлайм билбейсиң.

Ак шайы жоолук колго алып,
Артымдан булгап дөңдө кал.
Айдалып кетсем дайынсыз,
Алымкан,
Армандуу ыйлап, эске сал…
Көк шайы жоолук колго алып,
Көрүнөө булгап дөңдө кал.
Көрүнбөй кетсем түбөлүк,
Алымкан,
Көз жашың төгүп эске сал…

Бул  «Алымкан» Ш.Абдыраманов кытайлык Касым карыядан жазып алган «Алымкан». Айтымда, Касым аксакал «Алымкандын» башка вариантын, башка обон менен ырдап берген. Жазуучу бул он куплет ырды көтөрүп алып, 60-жылдарда, Ошто иштеп жүргөнүндө токтогулдук редактор Ажыбековго алпарса «Көчөдөн тапкан ырды басып, «Алымкан» аттуу улуу ырды бузуунун не кереги бар» деп гезитке жарыялабай коюптур. Адабиятчы А.Муратовдун айтымында, Ш.Абдыраманов 60-жылдарда Ош радиосунда, «Ленин жолу» гезитинде, Жазуучулар союзунун облусттук бөлүмүндө иштеген экен. Сыягы, редактор Ажыбеков жазуучунун Касым карыянын «Токтогул ошол жакта жаш жана сулуу Алымкан аттуу аялды сүйүп калган… Аны менен жакын болуп жүрмөк турсун, үйлөнүп алган» деп айтканын айтып берсе да, ишенбесе керек. Ошондон бери эле арадан 70-80 жыл өтүп кетиптир.

Албетте, редактор Ажыбековду түшүнсө болот. Бүтүндөй Кыргызстан акын Ж.Бөкөнбаев жазып алган “Алымканды” ооздон түшүрбөй ырдап жүрсө, анан ойдо жок жерден эле, редактор Ажыбеков “Алымкандын” башка тексттин басып жиберсе, кыштын күнү чагылган түшкөндөй окуя болмок.

Токтогулдун “Алымканы” кимге арналган?!! Ушул бүгүн акындын ырынын жаралышы, анын каарманы тууралуу колдо жетиштүү маалыматтар туруп, ыр аксылык Алымканга эмес, кызылсуулук Алымканга арналганына биз ишенебизби? Анда ырдын текстине үңүлүп да, жөлөнүп сөз кылып көрөлү.

Ырдын азыркы ырдалып жүргөн текстти бул:

Атка салган дилдейсиң,

Ачылган кызыл гүлдөйсүң,

Бир күнү оору, бир күн соо…

Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.

Бетегелүү майданым,

Пейли жакшы жайдарым!

Көлөкөлүү майданым,

Көөнү жакшы жайдарым!

Букардын тоосу бурулуш,

Бурулуп учат улуу куш.

Бурулуп мага келе кет,

Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш!..

Кашкардын тоосу кайрылыш,

Кайрылып учат улуу куш.

Кайрылып мага келе кет,

Алымкан, карыпка салбай кыйын иш!..

Саркештеп тиккен жоолугуң,

Сар санаа кылат жоругуң,

Көккештеп тиккен жоолугуң,

Көп санаа кылат жоругуң.

Токтогул черткен «Жаш кыял»

Тыңдасаң боло, Алымкан,

Ак шайы жоолук колго алып

Булгасаң боло, Алымкан,

Аз күнчөлүк өмүрдө

Жыргасаң боло, Алымкан!..

Эгер “Алымкандын” эки текстине Токтогулдун өмүр жолун, чыгармачылык тагдырын, акындын башынан өткөн турмуштук окуяларды көз алдыга келтирип, тарыхый-хронологиялык жактан салыштырып, текстологиялык талдоо жасай турган болсок, анда жазуучу Ш.Абдырамановдун кытайлык Касым аксакалдын өз оозунан угуп жазып алган текстти ырдын алгачкы ырдалган вариантына көбүрөөк жакыныраактай сезилет жана “Токтогул ошол жакта жаш жана сулуу Алымкан аттуу аялды сүйүп калган…

Аны менен жакын болуп жүрмөк турсун, үйлөнүп алган” деген Касым аксакалдын маалыматы чындыктын өзүндөй туюлат. Ырдын 1938-жылы Ж.Бөкөнбаев Коргол ырчыдан жазып алып, 1940-жылдан бери Токтогулдун ырлар жыйнактарынын ар кайсы басылыштарына киргизилип, басылып, обондуу ыр катары элдин кеңири катмарына тараган тексти оңдолуп калгандай таасир калтырат. Ким билет, “Алымкандын” тексттин Коргоол ырчы өзүнө ылайыктап ырдап койгондур, балким Жоомарт Бөкөнбаевдин калеми тийип кеткендир. Акын Ж.Бөкөнбаев тарабынан жазылып алынган текст жазуучу Ш.Абдыраманов тарабынан жазылып алынган текстке караганда, көркөмдүк жактан бир топ аксап турганы, ойлор логикалык жактан ырааттуу болбой, ырдын кураштырылган ырдай таасир калтырганы мүмкүн ошондон чыгар.

Токтогулдун адамдык бийик наркы да, акындык улуу касиети да Ш.Абдыраманов жазып калтырган “Алымканда” көрүнөт. Аны ырды үңүлүп, чын жүрөгү менен окуган окурман дароо баамдайт. Жазуучу Ш.Абдыраманов жазып алган “Алымкан”:

“Кашкардын тоосу кайрылыш,
Камыгып учат улуу куш.
Кайрылып сени көрөмбү,
Алымкан,
Карыпка болду кыйын иш…

Букардын тоосу бурулуш,
Буулугуп учат улуу куш
Бурулуп сени көрөмбү,
Алымкан,
Муңдууга болду кыйын иш…” – деп башталат.

Биз мында Токтогул Кызылсууда, Кашкар тарапта жүрбөйбү, ошон үчүн Кашкар деп ошол жактагы жердин аталышын атап жатат деп, жер-суунун аталышын бетке кармагыбыз келбейт. Биерде кеп Кашкарда эмес, кеп “камыгып учкан улуу кушта”. Куш – бул Токтогул. Акын өзүнүн туулган жеринен безип, атажуртунан алыстагы азаптуу, кайгылуу тагдырын “камыгып учкан кушка” салыштырып жатат. Салыштырып эле тим болбой, турмушка зирек караган акын “Кайрылып сени көрөмбү / Алымкан / Карыпка болду кыйын иш…” – деп жүрөгү миң тилинип ырдап жатат. Бул ыр саптарына караганда, акын атажуртунан сыртта жүрөт, мүмкүн кытайлык Касым карыя айткандай, Токтогул кызылсуулук “жаш жана сулуу Алымкан аттуу аялды сүйсө сүйгөндүр”, “аны менен жакын болуп жүрмөк турсун, үйлөнсө үйлөнгөндүр”, ошондон улам, күндөрдүн биринде өзүнүн Кетмен-Төбөсүнө кетер күн келерин ойлогон акын “кайрылып сени көрөмбү”, “бурулуп сени көрөмбү” деп канкакшап жатат да. Токтогул нарк билген, салт сыйлаган, адамгерчилиги бийик акын. Анын Алымканга болгон арзуусу канчалык ысык болбосун, акын үчүн атажурт деген улуу түшүнүк махабаттан алда канча жогору, бийик турат. Алымканынын көз жашын көлдөтүп Кызылсууда калтырып, өзүнүн да көкүрөгү эңшерилип, эрте-кечпи “кайдасың Кетмен-Төбө” деп кетерин билет. Алымкан экөө бири-бирисиз жашай албаса да, күндөрдүн биринде эрксиз ажырашарын, тагдыр жолу мына ушундай түшкөнүн Алымкан да, акын да билген. Экөө да мындай бурулушка даяр болушкан.

Эми акын Жоомарт Бөкөнбаев жазып алган Алымканды окуйлу:

“Атка салган дилдейсиң,

Ачылган кызыл гүлдөйсүң,

Бир күнү оору, бир күн соо…

Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.

Бетегелүү майданым,

Пейли жакшы жайдарым!

Көлөкөлүү майданым,

Көөнү жакшы жайдарым!

Букардын тоосу бурулуш,

Бурулуп учат улуу куш.

Бурулуп мага келе кет,

Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш!..

Кашкардын тоосу кайрылыш,

Кайрылып учат улуу куш.

Кайрылып мага келе кет,

Алымкан, карыпка салбай кыйын иш!..”

Бир караганда жазуучу Ш.Абдыраманов менен акын Ж.Бөкөнбаев жазып алган “Алымканда” көп деле айырмачылыктар жоктой туюлат. Бирок, ырды талдай келгенде, экөө эки башка ыр экенин көрөсүң. Жазуучу Ш.Абдыраманов жазып алган текстте акын өзүнүн адамдык оош-кыйыштуу армандуу тагдырын ойлоп, эртеңки күн үчүн кайгырып, азапка түшүп жатат. Акын Ж.Бөкөнбаев жазып алган текстте акындын кайгырган неткени көп байкалбайт. Ыр акындын өз каарманына, Алымканына доомат айтуу менен башталат. Мейли, акындын айткан дооматка, “Бир күнү оору, бир күн соо…” болуп, махабаттын эрктүү туткунунга айланып, “Алымкандын азабын тарткан” абалын, Алымканды “ачылган кызыл гүлгө” салыштырганын түшүнөлү, “атка салган дилдейсиң” деп акын эмнени айтып жатат? “Атка салган дилдейсиң” менен “Ачылган кызыл гүлдөйсүң” деген эки сапты эмне байланыштырып турат? Мейли, логикалык жактан алалы, мейли уйкаштык жактан алсак деле анча коошо бербейт. Ырас, ушундай эле саптар жазуучу Ш.Абдыраманов жазып алган текстте да бар. Болгону ал текстте логикалык жактан ырааттуулук сакталган. Сөздү “/Кашкардын тоосу кайрылыш, /Камыгып учат улуу куш. /Кайрылып сени көрөмбү, /Алымкан, /Карыпка болду кыйын иш…” — экенин айтып, күндүзү оюнан, түндөсү түшүнөн кетпеген алтын арманын обого созгон акын Алымкандын “/Көк кештеп тиккен жоолугун, /Көп санаа кылган жоругун, /Сары кештеп тиккен жоолугун, /Сарсанаа кылар жоругун” эстей, жүрөгү бир болк этип, кайра айрыларын ойлогондо жүрөгү бир солк этип:

“Көк алма жыттуу берекем,
Көкөгө датым жөнөтөм.
Катарлаш учуп кетүүгө,
Алымкан,
Коогада башым… канетем?

Ак алма жыттуу берекем,
Ай-күнгө датым жөнөтөм.
Абайлап учуп кетүүгө,
Алымкан,
Арсарда башым… канетем?

Күлүккө жапкан дилдейсиң,
Гүлдөгөн күлгүн гүлдөйсүң.
Күйүтүм, бугум ичимде,
Алымкан,
Көмүскө ыйлайм билбейсиң” – деп, арзыганы менен катарлаш учуп кете албаганына жаны кашайып,

“Гүлдөгөн күлгүн гүлдөйсүң. /Күйүтүм, бугум ичимде, /Алымкан, /Көмүскө ыйлайм билбейсиң” деп, акын Алымканга дооматын эмес, күйүтүн айтып жатпайбы. Бул текстте ойлор логикалык жактан бири-бирине керегенин көзүндөй кыналган, ашталган. Ырдын автору акын Ж.Бөкөнбаев жазып алган тексттегидей “Алымкан, азабың тартсам билбейсиң” деп арзыган адамына дооматын айтып, мурду менен бир тийбейт. Ырдын тексттиндеги куплеттердин жана айрым сөздөрдүн орун алмашышы менен ыр таптакыр маанисин өзгөртүп жиберген. Акын Ж.Бөкөнбаев жазып алган “Алымкандын” текстти Токтогулдун сөздү сөзгө кынаган, ойду ойго маштаган акындык чеберчилигин жана адамдык бийик наркын көрсөтө албайт. Тескерисинче, акын Токтогулга жана адам Токтогулга көлөкө түшүрүп турат. Ж.Бөкөнбаев жазып алган тексттен салт билген, нарк билген Токтогулду көрө албайсың. Ырдын финалдык бөлүгүндөгү:

“Токтогул черткен «Жаш кыял»

Тыңдасаң боло, Алымкан,

Ак шайы жоолук колго алып

Булгасаң боло, Алымкан,

Аз күнчөлүк өмүрдө

Жыргасаң боло, Алымкан!..” – деген ыр саптарын Токтогул эч качан ырдамак эмес. Бул башка бирөөлөр тарабынан кошумчаланган, болгондо да акын Токтогулдун акындыгына доо келтирилгендей кошумчаланган. Биринчиден, “Токтогул черткен «Жаш кыял» /Тыңдасаң боло, Алымкан” деп, өз атын өзү атап ырдап, Токтогулга кандай зарылдык бар эле. Тескерисинче, салт билген, нарк билген адам өз ысымын жаап-жашырат, айтпайт. Экинчиден, “Аз күнчөлүк өмүрдө /Жыргасаң боло, Алымкан!..” деген ыр саптар акындын өзүнүн да, анын арзыган адамынын да моралдык облигине көлөкө түшүргөн саптар. Биерде акындын Алымканга болгон арзуу махабаты даңазаланбай эле, “аз күнчөлүк өмүрдө жыргаш керек” деген желп этек ой айтылып калган. Ушундан улам, “Алымкан” Ж.Бөкөнбаевге жеткенге чейин өзгөрүүлөргө, алымча-кошумчаларга тушугуп калганбы деп ойлойсуң. Балким, акын эмеспи, ыр Ж.Бөкөнбаевдин редакциясынан өткөндүр. Албетте, бул каталык “Алымкандын” Ж.Бөкөнбаев жазып алган тексттин айтуучулар тарабынан атайылап жасалгандыктан, алар Токтогулга кыянаттык кылышкандыктан кетип калган деп айтууга болбойт. Ырдын тексттин Токтогулдун өз оозунан жазылып алынбаган соң ар кандай каталыктарга жол берилиши толук ыктымал. Же ошол доордогу саясый идеологияга ылайыкташ үчүн кедей-кембагалдын ырчысы болгон Токтогулду муң-кайгыга чөктүрө бербей, шаңдуу көрсөтөлү деп, ошондон улам “Аз күнчөлүк өмүрдө /Жыргасаң боло, Алымкан!..” деген айыпсыз саптар аралашып, Токтогулдун “Жаш кыял” черткени эскертилип кеткен болушу мүмкүн.

Мына ушул жогоруда айтылгандарды жыйынтыктай келип, акын Ж.Бөкөнбаев жазып алган “Алымкандын” тексттине 1,2-куплет жана акыркы куплет кошулуп кеткен жана ырдын акын ырдаган алгачкы тексттине да өзгөртүү кирген деп айтсак болот. Ал эми жазуучу Ш.Абдыраманов жазып алган, кытайлык кыргыздар арасында Токтогул ырдаган экен деген “Алымкан” акын алгачкы ырдаган турушунда сакталган жана эч нерсе кошумчалаган эмес. Ал текст боюнча “Алымкан”:

“Ак шайы жоолук колго алып,
Артымдан булгап дөңдө кал.
Айдалып кетсем дайынсыз,
Алымкан,
Армандуу ыйлап, эске сал…
Көк шайы жоолук колго алып,
Көрүнөө булгап дөңдө кал.
Көрүнбөй кетсем түбөлүк,
Алымкан,
Көз жашың төгүп эске сал…”, — деп аяктайт.

Ырдын: “Кашкардын тоосу кайрылыш, /Камыгып учат улуу куш. /Кайрылып сени көрөмбү, /Алымкан, /Карыпка болду кыйын иш…” – деп башталганын эске алсак, анда ырдагы акын айтайын деген армандуу ой ырааттуу аяктап жатат. Акындын акындык бийиктиги да, анын кирсиз арзуу махабаты да, адам парасаты да төмөндөбөй, ырдын башында “камыгып учкан улуу куш” учкан бийиктиктей канчалык бийик болсо, ырдын соңунда да дал ошол калыбында сакталган. Мындан улам, Токтогулдун бул ыры Кытайдын Кызылсуу аймагында жаралган жана ыр кызылсуулук Алымканга арналган деген жыйынтык чыгат.

Андай болгондо, Токтогулдун “Алымканы” аксылык Субан бийдин кызы Алымканга арналган деген адабиятчылардын пикири жаңылыштыкпы? Турмушта ким гана жаңылган эмес, биздин оюбузча, адабиятчылардын жаңылышканы мыйзам ченемдүү. Алар жазуучу Ш.Абдырамановдун Токтогулдун “Алымкан” деген ырынын жаралышы тууралуу ой-пикирин көңүл жаздымында калтырып коюшкан жана жазуучу жазып калтырган “Алымкан” деген ырдын тексттине үңүлүп көрүшкөн жана түбү бир эле ырдын эки тексттин бири-бирине салыштырышкан эмес. Мындан тышкары, акындын “Алымкан” аттуу ырынын каарманы делген Субан кызы Алымкандын аталган ырга болгон мамилесин — “Биздин эшикке келип ырдап кетип жүрчү. Ырчы киши ырдайт да, балам. Ырды ырдасын деп чыгарат” деген пикирин эске алышпаганы көрүнүп турат. Субан кызы Алымкан “ырчы деген ырдайт да” деп бийдин кызына тиешелүү нарк менен ырчы Токтогулду теңине албай сүйлөп жатат. Мындан Токтогул менен Субан кызы Алымкандын ортосунда эч кандай мамиле болбогонун түшүнүүгө болот. Маселе Алымкан Токтогулду теңине албагандай сүйлөгөнүндө эмес, кеп Алымканда Токтогулга деген арзуу сезими болбогонунда. Мындай пикирлер эл арасында дайыма айтыла келген. Бирок, болбой эле адабиятчыларбы же башкаларбы Токтогул менен бийдин кызы Алымканды бири-бирине жакындата беришет. Күү изилдөөчү Асан Кайбылда уулуна Өзбек Рысбек уулу “1960-жылы Корголдун өз оозунан уккам” деп, мындай бир окуяны айтып берген экен. “Токтогул Сибирден келгенден кийин 16-17 жаштардагы жаңы эле турмушка чыккан Алымканга атасыныкына төркүлөп келгенде жолугат жана бир отурушта биз билген «Алымканды» «Жаш кыялдын» обонуна салып ырдап кирет. Кыз болсо, «атасынан айбыкканбы, эл-журтунан ийменгенби, айтор, Токомдун айткандарын таназар албагансып тымпыйып койгон экен» (А.Муратов. Такталбаган Токтогул. адабий-тарыхый изилдөө

Б.– 2014. Алымкандын айланасындагы сөз же Токтогул Кытайда болгонбу?”). Биздин оюбузча Алымкандын “тымпыйганын” Токтогулга деген арзуу сезими деп жоруган же чаташтырган туура болбойт калат го. Дегеле, Токтогулдун “Алымканды” ырдаганынан улам эле, бул ыр Субан бийдин кызы Алымканга арналган деген түшүндүрмөнүн өзү бизди жаңылыштыкка түртөт.

Акындын “Алымканы” Субан кызы Алымканга арналган деген пикир Токтогулдун Осмоналы менен Алымкандын үйлөнүү тоюнда ырдаганынан улам, Токтогул “Алымканды” бир арнаса, Субан кызы Алымканга арнаган болуш керек деген ойдон улам жаралышы ыктымал. Токтогулдун “Алымкан” аттуу ырынын жазуучу Ш.Абдыраманов жана акын Ж.Бөкөнбаев жазып алган эки тексттин салыштыра отуруп, ырчы Токтогул менен бийдин кызы Алымкандын ортосунда эч кандай арзуу сезим болбогон деп айта алабыз. Токтогул менен Алымкандын арзуу сезими тууралуу жазышкан адабиятчылар бул маселеге үстүрт мамиле жасабай, тереңдеп кирип, ырдын жаралуу тарыхына, тагдырына кызыгып, ырга текстологиялык талдоо жасаса болмок экен.

Өткөн тарыхты өзүбүзгө ыңгайлаштырып, өзүбүз каалагандай бурмалап жазгандан, өткөн окуяларды биз каалагандай өзгөртө албайбыз. Андан көрө, өткөн-кеткен каталыктарды моюнга алып, чындыкты ордуна койгонубуз оң. Тарых ошону талап кылат. А адабият тарыхы ошол жандуу тарыхтын ажырагыс бир бөлүгү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *